Элвира Сурабалдиева: "эрке кыз эмнени кыйратат" дегендер болгон
Ошондой эле 26 жашынан баштап "Кудайберген" базарын кантип башкарып калганы, ошол учурда абал тууралуу пикирин ортого салды.
"Саздуу жерди оңдоп миңдеген адамга кызмат ордун берген күчтүү адамдын даяр оокатын кызы башкарып калса сөзсүз түрдө ар кандай пикирлер айтылат экен. Ошол кезе болгону 26 жашта элем. Жаш кыз деп жактырбагандар болду. Чет мамлекеттен келгенде өзүмдүн дүйнө таанымым дагы башкача болчу. Эки жылдай өзүбүздүн кол алдыбызда эле иштеген коллектив ичтеринен сындагансып "эрке кыз колуңдан эмне келет" деп турушчу. Жумушту ийгиликтүү алып кете алат деп ишенгендер аз болду", — деди ал.
Депутат ошондой эле, дос, туугандардын арасынан жүз буруп, чалбай, келбей калган учурлар болгонун да кошумчалады.