Тоодо жайгашкан көлдөрдүн көбү жер титирөө менен мөңгүдөн улам пайда болгон. Буга Кыргызстандын эң ири делген үч көлү— Ысык-Көл, Соң-Көл жана Чатыр-Көл кирбейт.
Суулардын кооздугу чындап керемет, андыктан алардын пайда болушу тууралуу ар кандай уламыш кептер ушу күнгө чейин айтылып келет.
Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган сүрөт түрмөктөн өлкөнүн ажайып кооз 10 көлүн көрсөңүз болот.
© Sputnik / Владислав УшаковСаз-Көл — Итагар капчыгайындагы анча чоң эмес, бирок абдан кооз көл. Чычкан капчыгайынын аймагында жайгашкан
Саз-Көл — Итагар капчыгайындагы анча чоң эмес, бирок абдан кооз көл. Чычкан капчыгайынын аймагында жайгашкан
© Владислав УшаковТоодон түшкөн суулар менен толукталып, жаан-чачынга карап суунун көлөмү өзгөрүп турат
2/21
© Владислав Ушаков
Тоодон түшкөн суулар менен толукталып, жаан-чачынга карап суунун көлөмү өзгөрүп турат
© Владислав УшаковКөл-Суу — Бишкектен 550 чакырым алыстыкта жайгашкан Нарындын Кытай менен чектешкен аймагында. Көл Какшаал-Тоо тармактарында деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан
3/21
© Владислав Ушаков
Көл-Суу — Бишкектен 550 чакырым алыстыкта жайгашкан Нарындын Кытай менен чектешкен аймагында. Көл Какшаал-Тоо тармактарында деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан
© Владислав УшаковКөлдөгү суунун көлөмү жыл мезгилине карата өзгөрүп турат — жайында дээрлик жарымына чейин соолуп калса, сентябрга чукул кайрадан калыбына келет. Суу тузсуз келип, жашыл түс берип турат. Көлдүн узундугу 10,5 чакырым, ал эми туурасы 2 чакырымга чейин жетет
4/21
© Владислав Ушаков
Көлдөгү суунун көлөмү жыл мезгилине карата өзгөрүп турат — жайында дээрлик жарымына чейин соолуп калса, сентябрга чукул кайрадан калыбына келет. Суу тузсуз келип, жашыл түс берип турат. Көлдүн узундугу 10,5 чакырым, ал эми туурасы 2 чакырымга чейин жетет
© Владислав УшаковПетров көлү — Тянь-Шандагы эң ири көл. Ал "Кумтөр" кенин суу менен камсыздап турат
5/21
© Владислав Ушаков
Петров көлү — Тянь-Шандагы эң ири көл. Ал "Кумтөр" кенин суу менен камсыздап турат
© Фото / Владислав УшаковНарын менен Сырдарья сууларынын башы Петров мөңгүсүнөн түшкөн суулардан башталат
6/21
© Фото / Владислав Ушаков
Нарын менен Сырдарья сууларынын башы Петров мөңгүсүнөн түшкөн суулардан башталат
© Sputnik / Владислав УшаковТоктогул суу сактагычынан алыс эмес жайгашкан Кара-Суу көлү Такталык тоо кыркаларынын аймагында, деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте. Көл тоонун кулап дарыяны тосуп калышынан улам пайда болгон
Токтогул суу сактагычынан алыс эмес жайгашкан Кара-Суу көлү Такталык тоо кыркаларынын аймагында, деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте. Көл тоонун кулап дарыяны тосуп калышынан улам пайда болгон
© Фото / Владислав УшаковКөлмөнүн узундугу 6,5 чакырым болсо, туурасы 2 чакырымга жетет. Орточо тереңдиги 90 метрге чукул келет. Күн убактыкысына карай көл түсүн өзгөртүп кулпуруп турат
8/21
© Фото / Владислав Ушаков
Көлмөнүн узундугу 6,5 чакырым болсо, туурасы 2 чакырымга жетет. Орточо тереңдиги 90 метрге чукул келет. Күн убактыкысына карай көл түсүн өзгөртүп кулпуруп турат
© Фото / Владислав УшаковӨзгөчө кооздуктагы Сүттүү-Булак суусу Ысык-Көлдө жайгашкан
9/21
© Фото / Владислав Ушаков
Өзгөчө кооздуктагы Сүттүү-Булак суусу Ысык-Көлдө жайгашкан
© Владислав УшаковКөл 1910-жылкы катуу жер титирөөдөн улам пайда болгон. Тереңдиги 20 метрге жетсе, суунун температурасы 5 градустан ашпайт
10/21
© Владислав Ушаков
Көл 1910-жылкы катуу жер титирөөдөн улам пайда болгон. Тереңдиги 20 метрге жетсе, суунун температурасы 5 градустан ашпайт
© Фото / Владислав УшаковДүйнөнүн кооз жеринин бири Сары-Челек Чаткал тоо кыркаларында деңиз деңгээлинен 1873 метр бийиктикте жайгашкан. Ал дагы катуу жер титирөөдөн улам пайда болгон. Тереңдиги боюнча Сары-Челек Орто Азияда үчүнчү көл болсо, Кыргызстан боюнча экинчи орунда турат
11/21
© Фото / Владислав Ушаков
Дүйнөнүн кооз жеринин бири Сары-Челек Чаткал тоо кыркаларында деңиз деңгээлинен 1873 метр бийиктикте жайгашкан. Ал дагы катуу жер титирөөдөн улам пайда болгон. Тереңдиги боюнча Сары-Челек Орто Азияда үчүнчү көл болсо, Кыргызстан боюнча экинчи орунда турат
© Фото / Владислав УшаковСуунун тунуктугунан түбүндөгү балыктар менен таштар көрүнүп турат. Тереңдиги 234 метрге чейин жетсе, узундугу 7,5, ал эми туурасы 2,28 чакырым болот. Көл сейрек кездешүүчү жаныбарлардын 38 түрү, 157 түр канаттуу байыр алган Сары-Челек улуттук коругунда жайгашкан. Аймакта өсүмдүктүн 300, бактын 32 жана бадалдын 80 түрү өсөт
12/21
© Фото / Владислав Ушаков
Суунун тунуктугунан түбүндөгү балыктар менен таштар көрүнүп турат. Тереңдиги 234 метрге чейин жетсе, узундугу 7,5, ал эми туурасы 2,28 чакырым болот. Көл сейрек кездешүүчү жаныбарлардын 38 түрү, 157 түр канаттуу байыр алган Сары-Челек улуттук коругунда жайгашкан. Аймакта өсүмдүктүн 300, бактын 32 жана бадалдын 80 түрү өсөт
© Владислав УшаковЧатыр-Көл Ак-Сай өрөөнүндө, кытай чек арасына жакын жерде деңиз деңгээлинен 3500 четр бийиктикте жайгашкан. Көлөмү боюнча Кыргызстанда үчүнчү орунду ээлейт. Каратал-Жапырык мамлекеттик коругуна алынган
13/21
© Владислав Ушаков
Чатыр-Көл Ак-Сай өрөөнүндө, кытай чек арасына жакын жерде деңиз деңгээлинен 3500 четр бийиктикте жайгашкан. Көлөмү боюнча Кыргызстанда үчүнчү орунду ээлейт. Каратал-Жапырык мамлекеттик коругуна алынган
© Фото / Владислав УшаковТереңдиги 20 метр, ал эми жалпы көлөмү 175 чарчы чакырымды түзүп, суунун көлөмү 610 миллион куб метрге жетет. Бул жерде аба ырайынын температурасы өзгөрмөлүү келет: жайында 16 градус жылуу болсо, кышында 50 градуска чейин суу болот
14/21
© Фото / Владислав Ушаков
Тереңдиги 20 метр, ал эми жалпы көлөмү 175 чарчы чакырымды түзүп, суунун көлөмү 610 миллион куб метрге жетет. Бул жерде аба ырайынын температурасы өзгөрмөлүү келет: жайында 16 градус жылуу болсо, кышында 50 градуска чейин суу болот
© Владислав УшаковКөлөмү боюнча Кыргызстанда экинчи орунду ээлеп турган Соң-Көл 3013 метр бийиктикте жайгашып, Тянь-Шандын чок ортосунан орун алган.
15/21
© Владислав Ушаков
Көлөмү боюнча Кыргызстанда экинчи орунду ээлеп турган Соң-Көл 3013 метр бийиктикте жайгашып, Тянь-Шандын чок ортосунан орун алган.
© Фото / Владислав УшаковТереңдиги 13,2 метрге чейин жеткен көлдүн суусу тузсуз келип, узундугу 57. Ал эми туурасы 29 чакырымга жетет
16/21
© Фото / Владислав Ушаков
Тереңдиги 13,2 метрге чейин жеткен көлдүн суусу тузсуз келип, узундугу 57. Ал эми туурасы 29 чакырымга жетет
© Фото / Владислав УшаковТоктогул Кыргызстанда эле эмес, Борбордук Азияда да эң ири суу сактагыч болуп саналат
17/21
© Фото / Владислав Ушаков
Токтогул Кыргызстанда эле эмес, Борбордук Азияда да эң ири суу сактагыч болуп саналат
© Фото / Владислав УшаковЖасалма көлдүн жалпы аянты 284 чарчы чакырым болсо, орточо тереңдиги 215 метрге чейин жетет. Бул жерде эң кубаттуу Токтогул жана Күрп-Сай ГЭСтери жайгашкан
18/21
© Фото / Владислав Ушаков
Жасалма көлдүн жалпы аянты 284 чарчы чакырым болсо, орточо тереңдиги 215 метрге чейин жетет. Бул жерде эң кубаттуу Токтогул жана Күрп-Сай ГЭСтери жайгашкан
© Фото / Владислав УшаковКыргызстандын бермети Ысык-Көл деңиз деңгээлинен 1607 метр бийиктикте жайгашкан. Анын узундугу 178, туурасы 60 чакырымга жетет. Ал эми жээгинин узундугу 688 чакырым болуп, эң терең жери 668 метрди түзөт
19/21
© Фото / Владислав Ушаков
Кыргызстандын бермети Ысык-Көл деңиз деңгээлинен 1607 метр бийиктикте жайгашкан. Анын узундугу 178, туурасы 60 чакырымга жетет. Ал эми жээгинин узундугу 688 чакырым болуп, эң терең жери 668 метрди түзөт
© Владислав УшаковКөлөмү боюнча дүйнөдө 23-орунду ээлеп, жер шарындагы эң терең көлдөрдүн катарында турат. Тоолуу көлдөрдүн арасында Түштүк Америкада жайгашкан Титикака көлүнөн кийнки экинчи орунду ээлейт
20/21
© Владислав Ушаков
Көлөмү боюнча дүйнөдө 23-орунду ээлеп, жер шарындагы эң терең көлдөрдүн катарында турат. Тоолуу көлдөрдүн арасында Түштүк Америкада жайгашкан Титикака көлүнөн кийнки экинчи орунду ээлейт
© Фото / Владислав УшаковӨлкөнүн түндүк-чыгышында жайгашкан көл 50 миллион жыл мурун жаралган тектоникалык кыртышта жатат. Ысык-Көл жөнүндө алгачкы маалымат биздин заманга чейин II кылымдагы жазууларда кездешет.
21/21
© Фото / Владислав Ушаков
Өлкөнүн түндүк-чыгышында жайгашкан көл 50 миллион жыл мурун жаралган тектоникалык кыртышта жатат. Ысык-Көл жөнүндө алгачкы маалымат биздин заманга чейин II кылымдагы жазууларда кездешет.