Тоо сууларынын керемети. Кыргызстандагы эң кооз 10 жер
Тоо сууларынын керемети. Кыргызстандагы эң кооз 10 жер
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан тоолордун эле эмес, тоо сууларынын да өлкөсү: анын аймагында эки миңге чукул көлмө бар. Айрымдарынын көлөмү кадимки дарыялардан кем калышпаса, кээси... 21.03.2016, Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан тоолордун эле эмес, тоо сууларынын да өлкөсү: анын аймагында эки миңге чукул көлмө бар. Айрымдарынын көлөмү кадимки дарыялардан кем калышпаса, кээси кичинекей болгондуктан картага да кирбей калган.
Тоодо жайгашкан көлдөрдүн көбү жер титирөө менен мөңгүдөн улам пайда болгон. Буга Кыргызстандын эң ири делген үч көлү— Ысык-Көл, Соң-Көл жана Чатыр-Көл кирбейт.
Суулардын кооздугу чындап керемет, андыктан алардын пайда болушу тууралуу ар кандай уламыш кептер ушу күнгө чейин айтылып келет.
Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган сүрөт түрмөктөн өлкөнүн ажайып кооз 10 көлүн көрсөңүз болот.
Көл-Суу — Бишкектен 550 чакырым алыстыкта жайгашкан Нарындын Кытай менен чектешкен аймагында. Көл Какшаал-Тоо тармактарында деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан
Көлдөгү суунун көлөмү жыл мезгилине карата өзгөрүп турат — жайында дээрлик жарымына чейин соолуп калса, сентябрга чукул кайрадан калыбына келет. Суу тузсуз келип, жашыл түс берип турат. Көлдүн узундугу 10,5 чакырым, ал эми туурасы 2 чакырымга чейин жетет
Токтогул суу сактагычынан алыс эмес жайгашкан Кара-Суу көлү Такталык тоо кыркаларынын аймагында, деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте. Көл тоонун кулап дарыяны тосуп калышынан улам пайда болгон
Көлмөнүн узундугу 6,5 чакырым болсо, туурасы 2 чакырымга жетет. Орточо тереңдиги 90 метрге чукул келет. Күн убактыкысына карай көл түсүн өзгөртүп кулпуруп турат
Дүйнөнүн кооз жеринин бири Сары-Челек Чаткал тоо кыркаларында деңиз деңгээлинен 1873 метр бийиктикте жайгашкан. Ал дагы катуу жер титирөөдөн улам пайда болгон. Тереңдиги боюнча Сары-Челек Орто Азияда үчүнчү көл болсо, Кыргызстан боюнча экинчи орунда турат
Суунун тунуктугунан түбүндөгү балыктар менен таштар көрүнүп турат. Тереңдиги 234 метрге чейин жетсе, узундугу 7,5, ал эми туурасы 2,28 чакырым болот. Көл сейрек кездешүүчү жаныбарлардын 38 түрү, 157 түр канаттуу байыр алган Сары-Челек улуттук коругунда жайгашкан. Аймакта өсүмдүктүн 300, бактын 32 жана бадалдын 80 түрү өсөт
Чатыр-Көл Ак-Сай өрөөнүндө, кытай чек арасына жакын жерде деңиз деңгээлинен 3500 четр бийиктикте жайгашкан. Көлөмү боюнча Кыргызстанда үчүнчү орунду ээлейт. Каратал-Жапырык мамлекеттик коругуна алынган
Тереңдиги 20 метр, ал эми жалпы көлөмү 175 чарчы чакырымды түзүп, суунун көлөмү 610 миллион куб метрге жетет. Бул жерде аба ырайынын температурасы өзгөрмөлүү келет: жайында 16 градус жылуу болсо, кышында 50 градуска чейин суу болот
Жасалма көлдүн жалпы аянты 284 чарчы чакырым болсо, орточо тереңдиги 215 метрге чейин жетет. Бул жерде эң кубаттуу Токтогул жана Күрп-Сай ГЭСтери жайгашкан
Кыргызстандын бермети Ысык-Көл деңиз деңгээлинен 1607 метр бийиктикте жайгашкан. Анын узундугу 178, туурасы 60 чакырымга жетет. Ал эми жээгинин узундугу 688 чакырым болуп, эң терең жери 668 метрди түзөт
Көлөмү боюнча дүйнөдө 23-орунду ээлеп, жер шарындагы эң терең көлдөрдүн катарында турат. Тоолуу көлдөрдүн арасында Түштүк Америкада жайгашкан Титикака көлүнөн кийнки экинчи орунду ээлейт
Өлкөнүн түндүк-чыгышында жайгашкан көл 50 миллион жыл мурун жаралган тектоникалык кыртышта жатат. Ысык-Көл жөнүндө алгачкы маалымат биздин заманга чейин II кылымдагы жазууларда кездешет.