Коронавирус медицина каймактарын терип кетти
Дарттан көз жумган медиктер
Коронавирус миңдеген өмүрдү соолутту, эч кимди аяган жок. Алардын арасында жашоосун, бүт өмүрүн саламаттык сактоо тармагына арнаган медиктер дагы бар. Айрымдары ичер суусу түгөнгүчө элге кам көрсө, кээ бири вирус менен күрөшүп жүрүп көз жумду.

Элдин саламаттыгы деп жүрүп набыт болгон медицина кызматкерлерин Sputnik Кыргызстан агенттиги эскерди. Алардын арасында уулунун артынан эле каза болгон, бир учурда төрт бир тууганынан ажырап кийин өзү да пневмониядан көз жумган дарыгерлер бар...

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча 30-июлга карата өлкөдө коронавирус дартынан 73 медицина кызматкери каза тапкан. Анын 44ү дарыгер. Бул статистикага саламаттык сактоо тармагында эмгектенген бардык кызматкерлер, пенсияга чыккандар да кошулган. Материалга сүрөтү жана ал тууралуу маалымат табылган 30 гана медик камтылды.

Белгилей кетсек, 17-июлдан тарта бийлик коронавирус менен пневмонияны чогуу эсептей баштаган. U07.1 коду коронавирус деп эсептелсе, U07.2 клиникалык жана эпидемиологиялык жактан аныкталган ооруканадан тышкаркы пневмония болуп саналат.
Жүзүмкан Көкүмбаева
№3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси, 58 жашта
Апаат башталары менен №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси 58 жаштагы Жүзүмкан Көкүмбаеваны алып кетти. Дарыгер коронавирусту кызмат учурунда кесиптештеринен жуктуруп алып, кийин уулу менен ооруканага жаткан. Бирок эки күнгө жетпей үзүлгөн.

Көкүмбаева 1962-жылы Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Улахол айылында туулган. Ал саламаттык сактоо тармагынын отличниги, медицина мекемелеринде 30 жылдан ашуун иштеген жогорку категориядагы дарыгер болчу.

Альберт Исмаилов
фтизиатр, 59 жашта
Көп өтпөй коронавирустун кесепетинен Кара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгер-фтизиатры Альберт Исмаилов көз жумган. Дарыгер 59 жашта болчу. Исмаилов апрель айынан бери коронавирус жуктуруп алгандар менен иштеп келе жатып, 2-июнда каза болгон.

Медицина тармагына 36 жылын арнаган. Исмаилов Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында туулган. Үч уул, бир кыздын атасы, жети неберенин чоң атасы эле.

Эдил Садыков
педиатр, 61 жашта
4-июлда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн башчысы Эдил Садыков дүйнө салганы кабарланды. Ал 61 жашта болчу. Үч баланын атасы эле. Эдил Садыков Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Челпек айылында туулган.

Бектемир Мукамбетөмүров
нейрохирург, 67 жашта
Пневмония дарты жогорку даражадагы дарыгер-нейрохирург Бектемир Мукамбетөмүровду да алып тынды. Дарыгер саламаттык сактоо тармагына эмгеги сиңип, отличник аталган. КРдин ардактуу дарыгери эле. Артында эки уул, үч кызы калганы кабарланды.

Бектемир Мамбетөмүров 1953-жылы 5-январда Нарын облусуна караштуу Эмгекчил айылында туулган.

Артыкбай Эралиев
Ош шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери, 63 жашта
6-июлда коронавирустан дагы бир дарыгер каза болду. Ал — 63 жаштагы Ош шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиев.

Дарыгер 1958-жылы 5-мартта Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Шоро-Башат айылында туулган. Кыргыз медицинасына эмгеги сиңип, саламаттык сактоо тармагынын отличниги аталган. Анын жубайы дагы дарыгер экени айтылды. Алар бир уул, эки кызды тарбиялашкан.

Кулипа Акчороева
медайым, 59 жашта
9-июлда Воронцовка айылындагы санаторийде медайым болуп иштеп жаткан. Кесиптештеринин айтымында, өкмөт аталган санаторийге коронавируска кабылган бейтаптарды жаткыра баштаганда Акчороева компенсацияга карап "кызыл зонага" кирип иштөөнү чечкен. Ал балдарын жалгыз тарбиялачу. Дарыгер коронавирус менен алышып жатып ошол эле ооруканадан, кесиптештеринин колунан үзүлгөн.

Каныш Молдомусаева
терапевт, 61 жашта
8-июль күнү Бишкек шаарындагы № 7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун терапевти Каныш Молдомусаева көз жумган. Башында медик сырттан келген жарандарды дарылап жүргөн. Ал "кызыл зонада" иштегенден корккон эмес. Ар дайым жумушу үчүн жан үрөп иштечү. Июндун аягында адис коронавирус жуктуруп алып, күндөн-күнгө абалы оорлошо берген. Балдары "Гансидеги" ооруканага жаткырышкан. Бирок ошол учурда ал жакта реанимация жок эле.

Уулунун айтымында, дарыгердин бөйрөгү иштебей калып Улуттук кардиология борборунун реанимациясына алып барган. Бирок аны сактап кала алышкан эмес.

Ратан Курманбаев
Генералдык штабдын дарыгери
12-июль күнү Генаралдык штабда дарыгер болуп иштеген Ратан Курманбаев да коронавирус илдетинен дүйнө салган.

Темиркан Жарматова
Ош облустар аралык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары, 65 жашта
16-июлда Ош облустар аралык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Темиркан Жарматова көз жумду. Дарыгер 1955-жылы 20-апрелде Ош облусуна караштуу Чоң Алай районунун Дароот-Коргон айылында туулган. Эмгек жолун 1979-жылы баштап, ошол бойдон медицина тармагында эмгектенип келе жаткан.

КРдин эмгек сиңирген дарыгери наамын алган. Министрлик анын коронавирус менен күрөшүүдө алдыңкы катарда болгонун баса белгилеп, өмүрүнүн аягына чейин ооруканада жүргөнүн кошумчалады.

Шайназар Закиров
инфекционист, 53 жашта
17-июлда коронавирус илдетинен 53 жаштагы дарыгер-инфекционист Шайназар Закиров каза болду. Ал Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасында иштечү. Закиров 1966-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Жоош айылында туулган.

Эмгек жолун 1996-жылы Кара-Суудагы райондук ооруканада педиатр болуп баштап, кийин Бишкекке которулган. Үч баланын атасы эле.

Бейшекан Калиева
саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары, 72 жашта
18-июлга караган түнү саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Бейшекан Калиева коронавирустан каза тапкан. Министрликтин мурдагы маалымат катчысы Елена Баялинова Калиеванын уулу апасынын өлүмүнөн беш күн мурда эле пневмониядан каза болгону тууралуу соцтармакка жазды. Айтымында, Калиева баласынын каза болгонун билген дагы эмес. Анын уулу Марлен Калиев ТИМде Консулдук кызмат департаментинин биринчи катчысы болуп иштечү.

Бейшекан Калиева Милдеттүү медициналык камсыздоо башкармалыгынын биринчи жетекчиси, Ден соолук мектебинин улуттук координатору болуп да эмгектенген. Чүй облустук жана Аламүдүн райондук кеңештерине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Саламаттык сактоо тармагынын отличниги, КРдин эмгек сиңирген дарыгери аталган.

Бүбүайым Жээнбаева
Ысык-Көл райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси, 62 жашта
18-июлда 62 жашында жогорку категориядагы дарыгер, Ысык-Көл райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Бүбүайым Жээнбаева көз жумган. Коронавирус дарыгерди эле эмес, анын төрт бир тууганын кошо алып кеткен. Баары тең удаа каза болгонун медиктин кесиптештери кабарлашты. Жээнбаеванын кант диабети да бар болгондуктан, бир туугандарынын күйүтүнө чыдабай өзүн таштап салганы айтылды.

Бүбүайым Жээнбаева 1957-жылы 31-октябрда Жумгал районуна караштуу Түгөл-Сай айылында туулган. Ысык-Көл райондук Үй-бүлөлүк медицина борборун 19 жыл башкарып, анын күчү менен Ысык-Көл районунун бир катар айылдарына үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору курулуп, дарыканалар ачылган.

Жаныбек Мамбетов
уролог, 59 жашта
Коронавирустан каза болгон ак халатчандардын арасында өлкөнүн алдыңкы деген урологу Жаныбек Мамбетов да бар. Мамбетов "Мемориал" клиникасында уролог катары иштеп келген. 59 жаштагы дарыгердин артында үч баласы калды. Уролог бир топ жылга чейин Улуттук госпиталда эмгектенген. Саламаттык сактоо тармагынын отличниги аталып, көптөгөн шакирттерди тарбиялаган.

Жамал Тазабекова
ординатор, 71 жашта
Коронавирустан 71 жаштагы дарыгер Жамал Тазабекова да каза тапты. Ал ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча бейтапканасынын ординатор-врачы болуп эмгектенип келген. Жамал Исмаиловна COVID-19 илдетин кызматтык милдетин аткарып жүрүп жугузуп алган. 22-июнь күнү Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылып, 30-июнда үзүлгөн.

1982-жылдан тартып ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча бейтапканасына жумушка орношуп, ошондон ушул күнгө чейин ички иштер органдары менен күч түзүмдөгү кызматкерлердин саламаттыгына кам көрүп келген. Тазабекова эки баланы тарбиялап чоңойткон.

Абдиманап Муратов
кардиолог, 59 жашта
Коронавирус Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Абдиманап Муратовду да алып тынды. Балдар кардиологу 59 жашта болчу. Ал президент жана өкмөт аппараттарында саламаттык сактоо бөлүмдөрүн башкарган. Муратов жүрөгү ооруган, кант даибетине чалдыккан балдарды дарылап, акыркы мезгилде оорулуу бөбөктөргө коронавирусту жугузуп албоо үчүн болгон аракетин жумшаганын кесиптештери айтышты.

Чолпон Калканбаева
КММАнын дарылоо факультетинин деканы, 62 жашта
Коронавирус инфекциясынан көз жумган медиктердин катарында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо иши факультетинин деканы Чолпон Калканбаева да бар. Ал 62 жашта болчу. Медицина илимдеринин доктору, профессор Калканбаева 1958-жылы 24-февралда Нарындын Кочкор районуна караштуу Көк-Жар айылында туулган. Чолпон Калканбаева белгилүү жазуучу Калкамбай Ашымбаевдин кызы. Дарыгер бир топ жыл акушер-гинеколог болуп иштеген.

Адинай Мырзабекова
ыктыярчы-студент, 21 жашта
Апаат 21 жаштагы Адинай Мырзабекованы да жөн койгон жок. Адинай Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын дарылоо иши факультетинде билим алып, 5-курсту быйыл аяктаган. Пандемия күч алганда Discoveri мейманканасында уюштурулган убактылуу стационарда ыктыярчы-медайым болуп иштеп жаткан.

Алдын ала маалымат боюнча, студент кыз пневмониядан көз жумган. Адинай кийин президент тарабынан "Эрдик" медалы менен сыйланды. Курбу-курдаштарынын айтымында, ал абдан аракетчил, зээндүү кыз эле.

Турат Кулжабаев
проктолог, 45 жашта
16-июлга караган түнү Бишкекте 45 жаштагы дарыгер-проктолог Турат Кулжабаев коронавирустан көз жумган. Дарыгер №1 шаардык клиникалык ооруканада тогуз күн дарыланган. Тилекке каршы, медиктер аны сактап кала алышкан эмес. Кулжабаев Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүндө 10 жылдан ашык убакыт иштеген. Июлдун башынан тартып жеке клиникада иштеп баштаганы маалым болду.

Сыядакан Кадыралиева
Жалал-Абаддагы Октябрь үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, 64 жашта
19-июлда Жалал-Абаддагы Октябрь үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Сыядакан Кадыралиева 64 жаш курагында көз жумган. Ал 2001-жылдын декабрь айынан тарта өмүрүнүн акырына чейин Октябрь үй-бүлөлүк медицина борборун жетектеген. Дарыгер Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери сыйлыгын алган. Жолдошу хирург Исматилла Кадыралиев 2012-жылы жол кырсыгынан көз жумган. Жубайлардын эки уул, эки кызы бар эле.

Айчүрөк Келдибекова
эпидемиолог, 55 жашта
15-июлда коронавирустан Ноокат районундагы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Айчүрөк Келдибекова дүйнө салган. Медик коронавирус дартын кызмат учурунда илештирип алганы. Башкы дарыгерлик кызматка ал 1-майда коронавирус боюнча абалды турукташтырууга көмөк көрсөтүү үчүн дайындалган. Кесиптештери Келдибекованын тажрыйбалуу эпидемиолог болгонун белгилешти.

Кубанычбек Карагулов
хирург, 55 жашта
Коронавирустан Ак-Талаа райондук ооруканасында көп жылдан бери эмгектенип келген хирург Кубанычбек Карагулов каза болгон. Бул Ак-Талаа эли үчүн өтө оор жоготуу болгонун жердештери жазып чыкты. Карагулов бир нече жыл Ак-Талаа райондук ооруканасын башкарган.

Журавай Акимжанов
хирург, 67 жашта
24-июлда дарыгер, хирург Журавай Акимжанов коронавирус илдетинен улам көз жумган. Дарыгер 1953-жылы 18-августта Ош облусуна караштуу Араван районунун Араван айылында туулган. Ал медицина тармагына кошкон зор салымы үчүн "Саламаттык сактоонун отличниги" төш белгиси менен сыйланган. Жубайы дагы үй-бүлөлүк дарыгер. 2000-жылдын сентябрь айынан тарта Ош облусу боюнча саламаттык сактоонун райондук башкы хирургу, хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Сарбагыш Иманалиев
реаниматолог, 60 жашта
27-июлда коронавирус илдетинен Ысык-Көл аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев көз жумду. Дарыгер 1960-жылы 15-августта Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылында туулган. Ал 36 жылдык өмүрүн медицинага арнаган жогорку даражадагы медициналык кызматкер эле. Медик "Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.

Валерий Гаук
фельдшер, 37 жашта
Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы Тез жардам кызматында фельдшер болуп иштеген Валерий Гаук дагы коронавирус илдетинен көз жумган. Эпидемиологиялык кырдаал күч алып турганына карабай, ал өмүрүнүн аягына чейин район тургундарына колунан келген жардамын аяган эмес. Фельдшердин жакындары Валерий тез эле каза болуп калганын айтышты. Ооруп баштаганда аны "Ганси" обсервациясына жаткырышкан. Бирок ал жакта дары-дармек жок болгондуктан жакындары аны үйүнө алып кетишкен. Адис ошентип үйүнөн үзүлгөн.

Эрмек Носинов
хирург, 46 жашта
Эрмек Носинов жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо жана диагностика кылуу боюнча жаңы ыкмаларды киргизген. 2011-жылдан 2016-жылга чейин Ош облусунун биргелешкен ооруканасында иштеген. Жакындарынын, кесиптеш, шакирттеринин айтымында, Носинов өз ишин мыкты билген адис болчу. Туугандары анын коронавирустан көз жумганын айтышты.

Мурат Жумабеков
пульмонолог, 56 жашта
Тажрыйбалуу хирург, пульмонолог, Саламаттык сактоо тармагынын отличниги Мурат Жумабеков 56 жашында пневмониядан көз жумган. Адис бир топ үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда жана борборлордо жетектөөчү кызматтарды аркалаган. Өзү амбулатордук хирургия боюнча адис эле, өпкө ооруларын дарылаган.

Июндун аягында ал коронавируска кабылганын айтышып, кийин дарт өпкөнүн сезгенүүсүнө өтүп кеткен. Дарыгер 1-июлда көз жумган.

Анара Айдаркулова
нарколог, 55 жашта
Республикалык наркология борборунун экспертиза бөлүмүнүн башчысы Анара Айдаркулова да коронавирустан көз жумган. Ал медицина тармагында 35 жыл эмгектенген. Жакындарынын айтымында, дарыгер медиктерге өтө кеч кайрылган. Ага ооруканалардан орун таба албай кыйналышкан. Качан гана орун таап жаткырарда, ал медициналык жайдын оозунан үзүлгөн.

Жангара Абдыкалыков
Оштогу Балдар ооруканасынын ЛОР бөлүмүнүн башчысы, 57 жашта
Профессор Жангара Абдыкалыков Ош шаарындагы Балдар ооруканасынын ЛОР бөлүмүн 1986-жылдан бери башкарчу. Оорусу өтүшүп кеткенде дарыгер ооруканага түшкөн. Үч күн дарыланып, андан кийин 8-июлда ооруканадан үзүлгөн. Саламаттык сактоо тармагынын отличниги аталып, бир топ мамлекеттик сыйлыктарга татыган.

Осмонаалы Шамшидов
анестезиолог, 62 жашта
Ош облусунда коронавирустан дагы бир медик көз жумган. Ал — жогорку даражадагы дарыгер, тажрыйбалуу анестезиолог жана Ош облустук Кан борборунун жетекчиси Осмонаалы Шамшидов. Дарыгер 62 жашта болчу.

Заида Терекбаева
акушер-гинеколог, 56 жашта
Коронавирус илдетинен Бишкек шаарындагы №2 клиникалык төрөт үйүнүн акушер-гинекологу Заида Терекбаева да көз жумган. Ал өмүрүнүн аягына чейин наристелерди жарыкка алып келип, акыры ооруп калган. Илдет менен бир жумага чукул алышкан соң каза болгон.
Автор
Таалайгүл Үсөнбаева

Фото
Сүрөттөр Саламаттык сактоо министрлигинен, КР Медицина кызматкерлери ассоциациясынан, каза болгон медиктердин жакындарынан, кесиптештеринен жана Алишер Алиевден алынды

Дизайнер

Евгений Волохов
Жаңылыктар түрмөгү
0