Үй-бүлөлүк мамиледе көзгө чөп салгандар, айрыкча, ала жипти аттаган аялдар аеосуз жазаланган. Мисалы, Европада андай зайыптын чачын алып, кара май менен куштун жүнүнө оонатып туруп көчө аралатып уяткарып же чиркөөгө жөнөтүшкөн. Кытайлыктар май сүйкөп туруп, ач иттерге талаткан.
Шариятта да бул оор жаза катары каралат. Эгер жубайлардын бири мыйзамдуу никесине шек келтирсе, анда көңүлдөштөрдү белине чейин жерге көөмп, ташбараңга алып өлтүрүшкөн. Албетте, адамдын ала жипти аттаганын төрт күбө тастыкташы шарт болчу.
Кокон хандыгынын мыйзамдары да жубайлардын мамилесиндеги туруксуздукту катаал жазалаган. Алар көңүлдөштөрдү ташбараңга алып же бийик мунарадан кулатышкан.
Көчмөн калктардын тарыхына көз салсак, кыргыз жана казак коомчулугунда ала жипти аттагандарга таасир этүү ыкмалары алда канча жумшак болгон. Ойноштук кылган эркек киши айып төлөп кутулган. Ал эми аял киши мындай жорукка барса, күйөөсү үйдөн кубалап чыгып, калыңын кайтарып алып, балдарын бербей койгон. Ошону менен бирге эле ал кайындарынан жылкы жана бирден тогузга чейинки чепкен түрүндө айып доолаганга акылуу болгон. Эгер ак никелүү күйөөсү ушундайга барса, зайыбы ажырашууну талап кыла алганын белгилейт юридикалык илимдердин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев.
"Кыргыздар да, казак аялдары да беш учурда ажырашууга акылуу болгон. Адам тагдыры эркек киши тарабынан гана чечилген деп ойлобогула! Күйөөсү импотент экени аныкталса, үй-бүлөнү бакпаса, алты ай жана 13 күн үйүндө түнөбөгөнү далилденсе, аял ажырашып кете алган", — дейт окумуштуу.