"Альфа","Шумкар", "Скорпион"
Эң сырдуу кызматтар тууралуу баян
Эли-жериңдин коопсуздугун камсыз кылууда, мекениңди коргоодо каза болуп калышың мүмкүн... Сен бул нерсеге даярсыңбы? Болочок спецназды кызматка алууда ушул суроо узатылат. Өзүнө гана эмес, жакындарына дагы өлүм тобокелдиги эскертилет.

Спецназ — жүрөгү тоо адамдардын иши. Атайын даярдыктагы кызматтын катарына кошулуу дагы, аны аркалап кетүү дагы кыйын. Жоокер моралдык-психологиялык жактан бир топ нерсеге даяр болуусу керек. Аларды катаал сыноолордон өткөрүү менен олуттуу тапшырмаларды аткарууга даярдашат. Бир гана дене бой даярдыгы эмес, ар түрдүү кырдаалды жөнгө салууда интеллекти да бийик болушу шарт.

Спецназдар массалык башаламандык, чыр-чатак, тополоңдорду жөнгө салуудан тарта өтө оор кылмыштар менен террордук-экстремисттик аракеттерде операция жүргүзүп, барымтадагыларды бошотушат. Бирок кээ бир атайын даярдыктагы кызматтардын милдети бири-биринен айырмаланып турат.

Кыргызстандын күч түзүмдөрү менен куралдуу күчтөрүндө спецназдын канча түрү бар, алардын милдеттери, аткарган тапшырмалары, күжүрмөн даярдыгы, техникалык жактан камсыздалышы кандай? Эң кызыктуусу алардын катарына кантип кошулууга болот? Sputnik өлкөдөгү эң жашыруун кызматтар тууралуу баяндайт.

Белгилей кетсек, материалда спецназдар жөнүндө жашыруун делген маалыматтар камтылган жок жана жазылгандар тиешелүү мекемелер менен макулдашылды. Мисалы, өздүк курамдын так саны, алардын жайгашкан жери, жоокерлердин өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн аты-жөнү, бети (операцияда чүмбөттөшөт) жана башкалар ачыкталбай турганы маалым эмеспи.

Өлкө боюнча атайын даярдыктагы сегиз кызмат (полк, отряд, бөлүк) бар. Алар ИИМге караштуу "Шумкар" менен "Шер", УКМКнын "Альфасы", КРдин Куралдуу күчтөрүнүн алдындагы "Скорпион", "Пантера" жана "Илбирс", Мамлекеттик чек ара кызматынын карамагындагы "Бөрү" менен ЖАМКка баш ийген "Омега" спецназдары.

Белгилей кетсек, материалда бир гана ИИМдин Ички коопсуздук аскерлерине караштуу "Шер" атайын багыттагы отряды тууралуу камтылган жок. Редакция бир нече ирет кайрылып, бирок жооп ала алган эмес.
"АЛЬФА"
Кыргызстандагы спецназдар тууралуу кеп болгондо, алгач элдин эсине "Альфа" келери талашсыз. Бул кызмат узак тарыхы, жүздөгөн операцияларды ишке ашырышы жана катарына мыкты жоокерлерди кошуу менен элиталык болуп эсептелет. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) караган "Альфа" атайын багыттагы бөлүк 1992-жылдын 27-октябрында түзүлгөн. Аны "А" (Антитеррор) тобу деп дагы атап жүрүшөт.

Милдеттери

"Альфанын" негизги милдети — улуттук коопсуздукту камсыздоо, конституциялык түзүлүштү бузууга жол бербөө, коомдук-саясий абалды курчутууну көздөгөн террордук, экстремисттик жана массалык башаламандык аракеттерин алдын алуу жана бөгөт коюу, барымтадагыларды бошотуу. Ошондой эле өтө оор кылмыштарда дагы операцияларды жүргүзүүгө милдеттүү.

Даярдыгы

"Альфа" террорчулукка каршы күрөшүү боюнча ардагерлердин эл аралык ассоциациясынын президенти Юрий Погибанын Sputnik агенттигине айтып бергенине караганда, атайын даярдыктагы кызматтагылардын көбүн офицерлер, азыраагын прапорщиктер түзөт. Арасында аял кызматкерлер дагы бар. Бирок алар көбүнчө аналитикалык жана штабдык ишти аркалап, зарыл учурда гана атайын тапшырмаларга тартылышы мүмкүн.

Спецназдар машыгуудан өтүп келген мамлекеттердин саны оголе көп. Сырттагы кесиптештер менен тажрыйба алмашуу байма-бай болуп турат. Ал эми иш күнүндө эмне менен алектенишет деген суроо бардыгына кызык болсо керек.

Кызматкерлер өздөштүрө турчу отузга чукул атайын дисциплина бар. Ага дене бой даярдыгынан тышкары тактикалык предметтер, ок атуу, топография, политология, психология, чет тилдерди үйрөнүү жана башкасы кирет. Өздүк курамдын 70 пайызы керектүү делген бир чет тилди билет. Себеби алар чет мамлекетке сапарга көп чыгышат, кайсы бир убакта барып иштеп да келишет. Бардыгы жогорку билимдүү, жада калса 50 пайызынын эки-үчтөн диплому бар. Калган даярдыктар жашыруун болгондуктан айтылбайт.

Техникалык жактан камсыздалышы

Юрий Погибанын айтып бергенине караганда, атайын даярдыктагы кызмат чет мамлекеттен чыгарылган жаңы үлгүдөгү курал-жарактын түрү менен камсыздалган. Операцияга керектүү делген снайпердик, антиснайпердик каражаттар, дрондор, жеңил сооттолгон танкалар (БТР), жоокерлердин коопсуздугун камсыздаган оор жана жеңил коргоо каражаттар (бронежилет), бронещиттер жана башка шаймандар бар. Кыскасы, "Альфанын" жогорку деңгээлде антитеррордук операцияларды жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүгү жетет. Операциялардын түрлөрүнө жараша КРдин Куралдуу күчтөрү менен чогуу иш алып барып, техникасын колдоно алышат.

Тажрыйбасы — аткарган тапшырмалар, операциялар

"Альфа" түзүлгөндөн бери 300дөн ашык операция жүргүзгөн. Анын ичинде бир катар жашыруун террордук уюмдардын иш-аракеттерин токтотуп, ондогон террордук чабуулдарды алдын алган. Сапёрлор 27 жыл аралыгында 500дөн ашуун колго жасалган жарылуучу түзмөктөрдү зыянсыздандырган.

Атайын топ 1997-1998-жылдардан тарта террордук коркунучка каршы күрөшүү иш-чараларын активдүү баштаган. Ал эми 2006-жылдан бери экстремисттер менен катуу тирешип келишет.

Ири операциялардын тизмеси:

1999-жыл, август-ноябрь, Баткен. Атайын операция учурунда террордук топтун мүчөлөрү жок кылынган;

2006-жыл, июль, Жалал-Абад. Шаардын борборунда согушкерлердин аёосуз каршылык көрсөтүүсү менен эки сааттык операция жүрүп, душман тараптан алты киши, анын ичинде топтун лидери Палван жок кылынган. Алардын бардыгы Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөлөрү эле;

2006-жыл, сентябрь, Ош. Атайын операция учурунда Орто Азиядагы согушкерлердин амири жок кылынган;

2007-жыл, июль, Жалал-Абад шаары. Жихад тобунун террордук уюмунун мүчөлөрүн куралсыздандыру жана жок кылуу боюнча атайын операция жүргүзүлгөн;

2009-жыл, июль, Ош. Өзгөн районунда антитеррордук атайын операция учурунда беш согушкер жок кылынган;

2010-жыл, ноябрь, Ош. Жарылууларды уюштурууга катышкан кылмышкерлер кармалган;

2011-жыл, январь, Чүй. Стрельникова айылында атайын операция уюштурулуп, "Жайшүл Махди" жихад тобунун төрт согушкери жок кылынган;

2011-жыл, октябрь, Ош. Курманжан датканын 200 жылдыгын белгилөө маалында террорчулар жүргүнчү ташыган маршруттук таксини басып алган. "Альфачылар" барымтадагыларды аман-эсен бошотуп, террорчуларды жок кылышкан;

2015-жыл, июль, Бишкек. Борбор калаадагы Горький жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги атайын операция учурунда төрт террорчу жок кылынган;

2015-жыл, декабрь, Бишкек. Калаадагы Восток-5 кичи районунда эки согушкер жок кылынган;

2016-жыл, август, Бишкек. Эл аралык террордук уюмдун жашыруун мүчөсү жок кылынган.

"Альфа" мындан тышкары Кыргызстандагы 2005-2010-жылдагы революцияда жана Оштогу июнь окуясында конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүүгө, стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылууга салымын кошуп, ошондой эле ал окуялардын алкагында террорчулукка жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишине каршы аракеттерди жүргүзгөн.

Иш учурунда жан бергендер

Расмий маалымат боюнча "Альфа" жалпысынан иш учурунда беш жоокеринен ажыраган.

— 2006-жылы 12-майда "Альфа" алгач ирет жоготууга дуушар болгон. Ал күнү Тажикстан тараптан куралдуу топ Баткендин Кадамжай районундагы айылдарды аралап, андан ары Актурпактагы бажы бекетине кирип келген. Атайын операцияда куралчан топтогулардын үчөө окко учуп, бирөө колго түшкөн. Алар менен кагылышууда кыргыз тараптан эки чек арачы, бир бажычы, бир жай тургун жана "Альфанын" эки кызматкери — полковник Абдурашид Өскөналиев менен лейтенант Кыялбек Бакиров каза тапкан. Кийинчерээк 44 жаштагы Өскөналиевге II даражадагы "Манас" ордени берилсе, 23 жаштагы Бакировго Эрдик ордени ыйгарылган.

— 2006-жылы 23-июнда Жалал-Абаддын Сузак районундагы операцияда террордук топтун беш мүчөсү жок кылынган убакта лейтенант Гапар Маманов да көз жумган. Ага кийинчерээк III даражадагы "Манас" ордени ыйгарылган.

Гапар Маманов 1982-жылы 26-июнда аскер кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 2000-2002-жылдары Чек ара кызматынын аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн, жогорку билимдүү болчу. 2006-жылдын февралынан тарта УКМКнын "Альфа" антитеррордук кызматына ишке кирген.

— 2011-жылы 4-январда Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен рейдге чыккан үч милиционер окко учкан. Алар бир жыл мурун Кожомкул атындагы Спорт сарайынын алдындагы жарылууну уюштурууга шектелген "Жайшүл Махди" террордук топтун согушкерлерин көрүп калышкан.

Эртеси, 5-январда, "Альфа" атайын операция жүргүзүп, Арашан айылында эки кылмышкер жок кылынып, үчүнчүсү кармалган. Тилекке каршы, мында да кан төгүлүп, лейтенант Жеңишбек Бабараимов көз жумган. Артында эки баласы калган.

— Былтыр 2019-жылдын 7-августунда Чүйдөгү Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы кызматкери Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, бирок ага мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, операция ишке ашкан эмес. Мунун кесепетинен атайын даярдыктагы кызматтын башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, бир нече жоокер барымтага алынган. Ниязбековду аскердик милдетин аткаруудагы көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн Эрдик медалы менен сыйлашкан. Ниязбеков 1972-жылы Ош облусунун Бел-Өрүк айылында туулган. Артында төрт баласы калды.
"Альфанын" катарына кантип кошулса болот?

Көбүнө дал ушул суроо кызык болсо керек. Юрий Погиба белгилегендей, адатта "Альфага" аскер тармагындагы же милицияда спецназ болуп жүргөндөр барат. Ошондой эле кээде 20 жаштан 30 жашка чейинки жай жарандарды дагы ишке алышат. Талапкерлер УКМКнын кеңсесине кайрыла алат. Ал жактагы кызматкерлер кайрылгандарды жоопсуз калтырбай, сөзсүз маектешип көрүшөт. Бул жөн гана сүйлөшүү эмес, 4-5 саатка созулган психологиялык тест!

Албетте, болочок спецназдын дене бой даярдыгы мыкты болушу керек. Бирок башка атайын даярдыктагы кызматтардай армияга барып келгениң же кайсы бир спорттун түрүнөн чебер болгонуңа көп деле артыкчылыктар бериле бербейт. "Альфада" талап катуу. Дене бой даярдыктан тышкары психологиялык-моралдык жактан бекем, интеллектуалдык потенциал жогору болушу керек. Артыкчылык снайпердик секциядан келгендерге, аба-десант аскерлерине, инженер-жардыруучу сыяктуу кесип ээлерине берилиши мүмкүн.

Бойдун узундугу көбүнчө "Альфанын" кайсы адистигине даярдала турганынан көз каранды. Атайын кызматтын арасында сапёр, снайпер, кинолог, парашютист, техниканын айдоочулары жана башкалар бар. Негизинен бою 175-180 сантиметрге жеткендер идеалдуу деп эсептелет.

Болочок спецназдарды тандоонун соңку инстанциясы эң оор болуп саналат. Бул учурда кандидаттарга эли-жерин коргоп, кызматтык милдетин аткарууда каза болуп калышы мүмкүндүгү айтылат. Өзүнө гана эмес жакындарына дагы ал өмүрүн тобокелге салып кызматка барып жатканы олуттуу түрдө эскертилет. Сөзсүз түрдө бул маселе боюнча ата-энелери менен сүйлөшүшөт. "Альфа" үйдөгү жалгыз баланы катарына кошпогонго аракет кылат. Кызмат ушунусу менен оор, спецназдар мекени үчүн жанын бере турганын билип туруп ишке аттанышат...

"ШУМКАР"
"Шумкар" — кыргыз милициясынын кадыр-барктуу, тажрыйбалуу жана өлкөнүн бүткүл аймагында иш алып барган атайын багыттагы полку. Ички иштер министрлигине караган "Шумкар" 2014-жылдын 17-январында түзүлгөн. 2016-жылы полктун карамагына ИИМдин тез чара көрүү атайын отряды (СОБР "Барс") менен кинологиялык борбор өткөрүп берилген. "Шумкарга" бул кызматтардын кошулушу жоопкерчилигин эки эсе жогорулатып, бир катар милдеттерди жүктөгөн.

Милдеттери

"Шумкар" оор кылмыштардын бетин ачууда, куралдуу кылмышкерлерди кармоодо жана ар кандай кырдаалда операцияларды жүргүзөт. Милициянын "Шумкарларына" атайын операцияларды жүргүзгөндөн тышкары өлкө аймагындагы түрдүү иш-чараларда, салтанаттуу майрамдарда, саясий кырдаалдарда жарандардын коопсуздугу менен коомдук тартипти сактоо жана укук бузууларга жол бербөө милдети жүктөлгөн.

Ошондой эле кылмыштардан, администрациялык укук бузуулардан, кырсыктардан жана башка олуттуу нерселерден жабыр тарткан жарандарга өз компетенциясынын чегинде жардам көрсөтүшөт.

Полктун даярдыгы

"Шумкар" атайын багыттагы полктун кызматкерлери жергиликтүү жана эл аралык окуу-машыгууларынан өтүп келет. Өздүк курам сержант, прапорщик жана офицерлерден турат. Алардын арасында мамлекеттик Эрдик жана Даңк медалдарына татыгандар бар. Атайын багыттагы полкто эркектер менен тең тайлаша айымдар да иштеп, операцияларды жүргүзүшөт.

Спецназдарды сынаган крап берети

Атайын багыттагы полкко кызматка киргендердин бардыгы кара түстөгү берет кийишет. Ал эми өзүнүн мыктылыгын тастыктайм дегендер крап беретин алуу үчүн атайын сыноодон өтүшөт. Анын тапшырмасы оор, бардыгы эле чыдап, кыялданган баш кийимин кие албайт.

Беретти тапшыруу сынагы жылына бир жолу уюштурулгандыктан ар бир облус өз ичинен мыктыларды тандап, борборго жиберет. Баш кийимди кийүү төрт баскычтан турат.

Биринчи тапшырмада кандидат буга чейин крап беретин кийген кызматкерлер менен эки мүнөттөн төрт беттеш (рукопашный бой) өткөрүп, бардыгын утуп чыгышы керек.

Экинчи тапшырмада кызматкер 20 килограмм оордук менен, тагыраагы, аскердик форма, каска, бронежилет кийип жана башка курал-жарактарын көтөрүп 12 чакырымды чуркап өтүшү керек. Мындай учурда жай басканга болбойт, анын тыкыр аткарылышы комиссия тарабынан көзөмөлдөнөт.

Үчүнчү баскычта курал-жарактын түрү менен ар кандай чеберчиликте ок атышат.

Төртүнчү тапшырмада спецназдардын көтөрүмдүүлүгү жана чыдамкайлуулугу текшерилет. Ал үчүн Долматов (Купер) тестинен өтүшөт же, башкача айтканда, бир нече спорттук көнүгүүнү жасап беришет.

Төрт тапшырманы тең "беш" деген баага тапшыргандар ардактуу крап беретин кие алышат.

Ал эми кийинки жылдары жоокер крап беретин коргоо үчүн ага талапкер болгондор менен күч сынашып, баштапкыга караганда жеңилирээк тапшырмаларды аткарып берет.

Жүргүзгөн операциялар жана курман болгондор

"Шумкар" атайын багыттагы полкунда жалпысынан 11 жоокер кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон. Мунун ичинде СОБРдын дагы жоокерлери бар экендигин белгилей кетели.

— 2000-жылы 11-сентябрда Жалал-Абаддын Чаткал районунун Ак-Сай айылындагы куралдуу топ менен болгон салгылашууда үч спецназ каза болгон.

Аталган операцияда курман болгон атайын багыттагы отряддын 1-ротасынын командиринин орун басары, милициянын улук лейтенанты Муратбек Туйтунов Талас облусунун Талас районуна караштуу Талды-Булак айылында 1967-жылы 2-октябрында туулган. 2001-жылдын 10-майында өзү туулган айылдагы Бакайташ орто мектебине ысымы берилген.

Ушул эле окуяда баатырларча курман болгон отряддын милиционер-снайпери, милициянын кенже сержанты Дмитрий Накидкин 1979-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында туулган.

Жогорудагы операцияда элдин коопсуздугу үчүн жанын берген кинолог, милициянын улук сержанты Мирдин Түгөлбаев 1976-жылдын 4-январында Чүй облусуна караштуу Москва районунун Предтеченко айылында туулган. 2001-жылдын 31-январында Предтеченко орто мектеби Мирдин Түгөлбаев атындагы орто мектеп болуп өзгөрүлүп, ошондой эле Мирдиндин музейи ачылган. Мындан тышкары, өзү жашаган көчөгө ысымы берилген.

— 2004-жылдын 20-ноябрында Ош шаарында террорчулар менен болгон кармашууда атайын отряддын взвод командири, милициянын кенже сержанты Нурланбек Сайдинов курман болгон. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкан айылында 1978-жылы 11-августта туулган. 2004-жылдын 26-ноябрында Төлөйкан айылындагы Бодур-Таш орто мектеби Нурланбек Сайдиновдун атын алган.

— 2006-жылдын 12-майында Баткен облусунун Кадамжай районуна Тажикстандан кирип келген куралдуу топту жок кылууда атайын отряддын 2-ротасынын чабуул тобунун милиционери, милициянын старшинасы Улан Сарыбаев мерт болгон. Ал 1978-жылдын 8-февралында Чүй облусунун Сосновка айылында туулган. 2006-жылдын 7-августунда өзүнүн айылындагы көчөлөрдүн бирине ысымы берилген.

— 2007-жылдын 19-январында Аламүдүн районунун Пригородное айылында уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү, өзгөчө оор кылмыштары үчүн издөөдө жүргөн Айбек Назаровду кармоо операциясы жүргөн. Анда атайын отряддын 1-бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу ыкчам милиционери, милициянын старшинасы Өмүрбек Жумакадыров каза тапкан. Ал 1977-жылдын 28-майында Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылында туулган.

— 2011-жылдын 22-ноябрында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда тез чара көрүү атайын отрядынын 2-бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу милиционери, милициянын сержанты Уланбек Жаанов көз жумган. Ал 1986-жылдын 19-декарбында Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Эшме айылында туулган. Ал айылда Уланбек Жаанов атындагы спорттук клуб ачылган.

— 2014-жылдын 11-апрелинде кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда "Шумкар" атайын багыттагы полкунун эки кызматкери каза болгон. Полктун Ош шаарындагы 3-батальонуна атайын каражат жеткирип бараткан унаа Жалал-Абаддагы Чычкан капчыгайынан оодарылып кеткен.

Бул кырсыкта полктун камсыздоо взводунун айдоочу-милиционери, милициянын прапорщиги Нургазы Молдожакыпов каза тапкан. Ал 1982-жылдын 21-декабрында Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Биринчи май айылында туулган.

Ушул эле каргашада полктун камсыздоо взводунун айдоочу-милиционери, милициянын старшинасы Максат Жоробеков да көз жумган. Ал 1984-жылдын 11-декабрында Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылында туулган.

— 2015-жылдын 12-октябрына караган түнү №50 Тергөө абагынан ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, тогуз кылмышкер качып чыккан. Дагы бир жарадар болгон офицер ооруканада беш күндөн кийин каза болгон. Качкындардын бешөө ошол эле түнү кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн.

22-октябрда түнкү саат 22.30да "Достук" кичирайонунда жашырынып жаткан Алтынбек Итибаев жок кылынган. Үч саатка созулган атайын операция учурунда тез чара көрүү атайын отрядынын кесиптик даярдоо боюнча улук инспектору, милициянын капитаны Төлөбек Исмаилов көз жумган.

37 жашында курман болгон жоокердин артында жубайы, үч баласы калган. Исмаилов 1978-жылдын 19-июнунда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Куланак айылында туулган. Өзү төрөлгөн айылдагы орто мектепке аты берилип, музейи дагы ачылган. Андан тышкары, туулган жеринде Төлөбектин атынан көпүрө курулган.

— "Шумкарда" атайын багыттагы полкунда соңку жоготуу 2018-жылы 20-июнда болду. Кызматтык милдетин аткарууда милициянын майору Рысбек Майрамбеков курман болгон.

Кандидаттарга талаптар

Атайын багыттагы полкко кайрылгандар алгач маектешүүдөн өтөт. Андан кийин документтери каралып, дене бой даярдыгы текшерилип, соңунда психологиялык тест каралган. Эгер кененирээк айта турган болсок, "Шумкарга" иштейм деген киши Кыргызстандын жараны, соттолбогон, жашы 19дан 30га чейин, аскердик кызмат өтөгөн, бою 170 сантиметрден кем эмес, орто же жогорку билимдүү болушу керек. Спорттун ар кандай түрү боюнча чебер же ага талапкерлерге артыкчылык берилет. Маселен, спорт чеберлеринин бою 167 сантиметр болсо кызматка алынат.

Атайын багыттагы полк анда кызмат өтөгөндөр психологиялык жактан бекем, эрктүү, күчтүү, тайманбас, кайраттуу, түрдүү кырдаалда кызматтык милдеттерин так жана жогорку деңгээлде аткара билиши керектигин белгилейт.
"CКОРПИОН"
КРдин Куралдуу күчтөрүнүн элиталык аскер бөлүгү "Скорпион" 1994-жылы 30-мартта түзүлүп, учурда түндүк аймактык командачылыгына карайт. Ал 26 жылдык тарыхында атайын даярдыктагы рота, отряд, батальон, бригада, андан кийин аскер бөлүк болуп аталып келет.

Атайын багыттагы аскер бөлүк түптөлгөнүнө бир жыл болгондон кийин эле АКШга барып машыгуудан өтүп келген. Андан кийинки тажрыйбаны Тажикстан менен Афганистандан алган.

"Скорпиондун" мыкты даярдыгы, тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткара билиши, техникалык жактан жетиштүү камсыздалышы, аскерлердин экипировкасы жана эл аралык окууларда өлкө намысын татыктуу коргошу анын элиталык бөлүк экендигинен кабар берип турат.

Милдеттери

Күжүрмөн даярдыкты жогорку деңгээлде кармоо, өлкөнүн ички жана сырткы коопсуздугун камсыздоо, чалгындоо иштерин жүргүзүү, ошондой эле террордук коркунучтарга жана мыйзамсыз түзүлгөн эл аралык куралдуу топторду жок кылууга ыкчам чараларды көрүү.
Аскердик тажрыйбасы жана жоготуулар

"Скорпиондун" спецназдары көп жылдык тарыхында бир топ ишке салым кошкон. Бирок алардын белгилүүлүгүн арттырган ири тапшырмаларын санап берүүнү туура көрдүк.

Атайын багыттагы аскер бөлүк 1999-жылы Баткен жергесиндеги эл аралык диний экстремисттердин тобун жок кылуу операцияларына активдүү катышып, согушкерлердин жоон тобун жок кылган. Анда катардагы жоокер Улан Муканбек уулу менен кенже лейтенант Шаирбек Эрмеков душмандардын колунан курман болгон. Мекен үчүн жанын бергендерге жана 30га чукул жоокерге мамлекет тарабынан сыйлыктар жана медалдар берилген.

"Скорпион" 2010-жылы июнь айында түштүк жергесиндеги кагылышууда коопсуздукту жөнгө салуу максатында күжүрмөн тапшырмаларды аткарган. Кызматтык милдетин аткаруу убагында сержант Азамат Сурантаев каза болгон. Ага кийин Эрдик медалы ыйгарылган.

Даярдыгы, жетишкендиктери

Атайын багыттагы аскер бөлүктүн жоокерлери Кытай, Россия, Казакстан жана башка мамлекеттерде өткөн эл аралык окуу машыгууларына ар дайым катышып келишет.

"Скорпион" дене бой жана тактикалык даярдыкка бөтөнчө көңүл бурат. Мындан тышкары, жоокерлердин эрки күчтүү, акылы тунук жана зирек болуп, түрдүү кырдаалдан чыгууга даяр болушу шарт. Өздүк курам бекитилген пландын негизинде күн сайын даярдыктын ар кандай түрлөрүнөн өтөт. Мисалга алсак, тактикалык, аба-десанттык, чалгындоо, суу алдында жүрүү, тоо шартындагы даярдык, ок атуу, инженердик, дене тарбиялык жана башка тапшырмаларды аткарышат. Анын ичинде кол уруш (рукопашный бой) боюнча дагы чеберчиликтерин жогорулатышат. Ошондой эле аскердик техниканын бардык түрүн башкарганды өздөштүрүшөт.

"Скорпионго" 2003-жылы КРдин президенти — Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы тарабынан күжүрмөн байрак тапшырылган. Ошондой эле мыкты даярдыкта ийгиликтерге жетишкендиги үчүн Коргоо министрлигинин Вымпели менен сыйланган.

"Скорпион" 2004-жылы Куралдуу күчтөрдүн аскер бөлүктөрүнүн ичинен күжүрмөн даярдыгы боюнча биринчи орунга ээ болуп, КРдин президенти — КК башкы командачысы тарабынан "Аскердик каармандык" Вымпели менен сыйланган.

Техникалык жактан камсыздалышы

"Скорпиондун" аскерлери заманбап курал-жарак, техникага ээ. Алардын куржунунда ар кандай үлгүдөгү мылтыктар, тапанчалар, снайпердик винтовкалар, пулемёттор, гранатомёттор, снаряддар, күнү-түнү байкоо жүргүзүп, оптикалык жана оптоэлектрикалык тутумдарды аныктоочу шаймандар бар. Ошондой эле парашют, лыжа, сноуборд, квадроцикл, параплан, байланыш каражаттар жана башка көптөгөн нерселер менен камсыздалган. Мындан тышкары, жогорку ылдамдыктагы аскер техникасы, автоунаалар, жолтандабастар, сооттолгон транспорттор менен камсыз болушкан.

Белгилей кетсек, жоокерлер дагы сапаттуу жана универсалдуу тактикалык кийим-кече жана экипировкага ээ.

Ардактуу жашыл берет

"Скорпиондун" чыныгы жоокери болуу үчүн эмблема катары чаяндын сүрөтү түшүрүлгөн жашыл беретти алганга аракет кылуу керек. Баш кийимди алуу сынагына аскер бөлүктө бир жылдан ашуун кызмат өтөгөн, өзүн тартиптүү, үлгүлүү алып жүргөн, оор тапшырмаларга күжүрмөн даярдыгы жогорку аскерлер катыша алат.

Сыноо үч этап менен өтөт. Талапкер ар бирин "жакшы" жана "эң жакшы" деген бааларга тапшырышы керек. Алгач дене бой даярдыгын көрсөтүшөт. Кийинки баскычта аскердик негизги сабактардан (теориялык, практикалык) профессионалдык билими бааланат. Берилген суроолорго туура жооп берсе үчүнчү этапка өтөт.

Акыркысы эң кыйыны жана кызыктуусу болуп эсептелинет. Бул учурда жоокердин дене тарбиялык жана психологиялык чыдамдуулугу айкалышы керек. Тапшырмада аскер куралы, противогаз жана 10-15 килограммдык аскердик буюм-тайымдары менен кошо белгиленген аралыкта жана көрсөтүлгөн убакытта чуркап өтүшү керек. Бул чуркоодо ар кандай тоскоолдуктардан өтүү каралган. Маселен, курал менен бутага тийгизе атып, аны көз ачып-жумганча чачып жана кайра чогултушу зарыл. Ошондой эле парашютун ачып, кайра жыйнайт. Аскердик тосмолордон чеберчилик менен өтүп, уу чачылган жерден противогаз кийип өтүшү керек. Андан сырткары, радиобайланыш менен тиешелүү маалыматтарды берип турууну көрсөтүшөт.

Сыноодон татыктуу өткөн жоокерлерге салтанаттуу түрдө эңсеген жашыл берет тапшырылат.

Кандидаттарга талаптар

"Скорпиондун" катарына кошулам дегендерден эң жогорку сапаттар талап кылынат. Моралдык-психологиялык жактан төп келип, дене бой даярдыгы мыкты болгондон тышкары каалоо күч болушу керек.

Атайын багыттагы аскер бөлүктөргө кызмат өтөө үчүн КРдин жараны, соттолбогон, ата-энеси бар, ден соолугу чың, спорттук разряддарга ээ, терс сапаттардан алыс (чылым чегүү, аракечтик) болушу кажет. Ал эми билими орто билимден жогору болуусу абзел. Жаш курагы 18 жаштан 30 жашка чейин, бою 175 сантиметрден жогору болушу шарт.
"БӨРҮ"
Кыргызстандагы белгилүү, ошол эле учурда өтө жашыруун атайын даярдыктагы бөлүктөрдүн бири — Мамлекеттик чек ара кызматынын "Бөрү" аталышындагы атайын даярдыктагы отряды. Ага мындай ысым дагы бекеринен берилбегендей. Себеби жоокерлери атайын тапшырмаларды аткаргандан тышкары алыскы тоо-ташты аралап, чалгынчылык менен алектенишет. Отряддын аскер кызматчылары чек аранын бардык периметринде кызмат өтөшөт.

Белгилей кетсек, "Бөрү" түздөн-түз Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына баш иет. Ал 2002-жылдын 27-декабрында түзүлүп, 2007-жылдын 22-мартында "Бөрү" деген аталышка ээ болгон.

Милдеттери

Мамлекеттик чек араны коргоодо жана ал жактагы кырдаалды жөнгө салууда атайын тапшырмаларды аткаруу, террордук аракеттерге каршы операция жүргүзүү, мыйзамсыз куралдуу топтордун иш-аракетине жол бербөө — милдети. Ошондой эле атайын даярдыктагы отряддын өздүк курамы чек ара тилкелеринде жана алыскы тоолуу аймактарда шектүү адамдарды аныктоо боюнча чалгындоо-издөө иштерин жүргүзүшөт.

"Бөрү" аткарган ири тапшырмалар

2010-жылдагы Ош окуясында "Бөрүнүн" өздүк курамына чет өлкөлүктөрдү коргоо жана аэропортко чейин коштоп баруу, ошондой эле оор кырдаалда калган аялдар менен балдардын коопсуздугун камсыздоо жүгү артылган.

2014-жылдын 11-январында "Бөрүнүн" жоокерлери кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Көк-Таш айылындагы Головной тилкесиндеги куралдуу чыр-чатакты чечүүгө катышкан. Ал жакта Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык айланма жолунун курулушунда эки өлкөнүн тургундарынын арасында пикир келишпестик жаралып, андан кийин чек арачылар атышкан. Ошол кездеги маалыматтар боюнча, тажик тарап гранатомёт жана миномёт менен ок чыгарган. Анын кесепетинен Кыргызстандын беш чек арачысы, бир милиция кызматкери, ал эми Тажикстандан үч чек арачысы жаракат алган. Абал жөнгө салынгандан кийин кыргызстандык бир нече аскер кызматкери эрдиги жана каармандыгы үчүн мамлекеттик сыйлыкка ээ болушкан.

Бир жоокерден айрылышкан

"Бөрү" атайын даярдыктагы отрядында биринчи жоготуу былтыр катталды. 2019-жылдын 16-сентябрь күнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын прапорщиги, 41 жаштагы Равшан Муминов каза таап, 13 киши жарадар болгон. Муминов курман болгондон кийин Эрдик медалы менен сыйланып, өкмөт тарабынан үй-бүлөсүнө турак жай берилген.

Даярдыгы

"Бөрүнүн" өздүк курамынын убактысынын 80 пайызы тоодо өтөт. Ошол себептен жоокерлер тоо шартында машыгууга өзгөчө көңүл бурушат. Тагыраагы, бийик жерлерге чыгып-түшүүнүн, мындай жерлерден душманга каршылык көрсөтүүнүн жолдорун үйрөнүп турушат. Ошондой эле атайын-тактикалык, чалгынчылык, инженердик дисциплиналардан өтүшүп, ок атуу жана дене бой даярдыгына күн сайын көңүл бурушат.

Атайын даярдыктагы бөлүк аскердик курал-жарак жана атайын техникалык каражаттар менен толук камсыздалган.

Өздүк курамда эркектерден тышкары аялдар дагы кызмат өтөйт. Учурда жоокерлердин арасында ардактуу жашыл беретке ээ болгон эки айым бар.

Атайын даярдыктагы бөлүк эл аралык антитеррордук окуу-машыгууларына ар дайым катышып, чет элдик кесиптештери менен теңтайлаша аскердик чеберчиликтерин жогорку деңгээлде көрсөтүп келишет.

Мамлекеттик чек ара кызматы өлкөдөгү чек ара аймактарында болуп турган кырдаалдарды эске алуу менен "Бөрүнүн" өздүк курамынын тажрыйбасы мол экендигин белгиледи.

"Бөрүлөр" арзыган жашыл берет

Карышкырдын башы түшүрүлгөн жашыл өңдөгү берет жоокердин профессионал экендигинен кабар берет. Аскерлер сыймыктуу баш кийимге ээ болуу үчүн бир нече сыноодон өтүшөт.

Алгач жоокерлер спарринг түрүндө бир нече беттеш өткөрүшөт. Андан кийин дене бой даярдыгы мыкты экендигин тастыктоо аракетинде атайын спорттук үч көнүгүүнү жасап беришет. Кийинки этапта 50 метр аралыкты кыска убакытта жөрмөлөп өтүшү зарыл. Ошондой эле 100 метрге чуркашат. Соңунда Карабин автоматын көтөрүп, тактикалык жилетти кийип 10 чакырымды жүгүрүп өтүп (марш-бросок) 54 мүнөттө келиши шарт.

Кийинки баскычтарда тактикалык даярдыгы, ок атуу чеберчилиги, аскердик топографиялык билими текшерилет. Ошондой эле аскер кызматчылардын радиобайланыш менен маалыматты берүү жөндөмү жана тоо шартында тапшырмаларды аткарууда күжүрмөн даярдыгы каралат.

Жогорудагы сыноодон сынбай өткөндөр гана жашыл беретке ээ болушат. Кийин жоокердин ишинде эреже жана тартип бузуулар боло турган болсо ал баш кийим артка кайтарылат.

Кандидаттарга талаптар

"Бөрү" атайын даярдыктагы бөлүккө тандап алуу абдан тыкыр жүргүзүлөт. Жоокерлердин эрки бекем, духу күчтүү, иш билги, интеллекти бийик, дене бой даярдыгы мыкты болушу керек. Ошондой эле атайын даярдыктагы бөлүктүн болочок аскер кызматчысы Кыргызстандын жараны, соттолбогон, жашы 19дан 30га чейин, аскердик кызмат өтөгөн, бою 170 сантиметрден кем эмес, орто же жогорку билимдүү болушу шарт. Профессионалдык спортто ийгилик жараткандарга артыкчылык каралган.
"ОМЕГА"
Абактардагы массалык башаламандыкты жоюп, кылмышкерлерди бекем тартипте кармоодо дал ушул спецназдын салымы чоң. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) атайын дайындалган отряды 1995-жылдын 13-мартында түзүлгөн. Ал эми 2003-жылдын 26-декабрында отряддын символикасы бекитилип, "Омега" деген аталышка ээ болгон.

Милдеттери

Жаза аткаруу объектилериндеги укук бузуулар менен кылмыштарды алдын алуу жана бөгөт коюу. Кармоо жайларындагы массалык башаламандыкты, чыр-чатактарды, тополоңдорду, көтөрүлүштөрдү жана башка чектен ашкан аракеттерди жоюу. Ошондой эле түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда барымтага алынган адамдарды бошотуу. Мындан сырткары, кызматкерлердин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу милдети коюлган. Зарыл учурда укук коргоо органдарына коомдук коопсуздукту сактоого көмөктөшүшөт.

Даярдыгы

"Омега" атайын даярдыктагы отрядынын көбүн прапорщиктер, ал эми азыраагын офицерлер түзөт. Бул кызматты спортто көптөгөн ийгиликтерге жеткен кыз-келиндер дагы аркалайт.

Жоокерлер үчүн дене бой даярдыкты мыкты деңгээлде кармоо турган иш. Мындан тышкары, кызматкерлерге тактикалык даярдык, тактикалык атайын даярдык сыяктуу сабактар өткөрүлүп, ок атуучу курал менен атайын көнүгүүлөрдү аткарып, барымтадагыларды бошотуунун ыкмаларын кайталап турушат. Ошондой эле "Антитеррор" тактикалык курсун окуп, куралдуу топторго каршы аракеттерди окуп үйрөнүшөт.

Отряддын спецназдарды ташыган бир нече аскердик унаа, Калашников автоматы жана Макаров тапанчалары менен камсыздалган.

"Омеганын" жүргүзгөн операциялары, өлкөгө салымы

— Абактагы ири башаламандыктардын бири 2005-жылга туш келет. Ушул жылдын октябрь айында Бишкектин четиндеги Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү колониясында жаткандар ар кандай себептер менен нааразычылык билдирип, көтөрүлүшкө чыккан. Бул абакта кримтөбөл Азиз Батукаев дагы жазасын өтөп жаткан. Аларды башында ЖАМК спецназдары тынчтандырып, тартипке келтиришкен.

Бирок эртеси түрмөдөгүлөрдүн абалын текшерүүгө Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин коопсуздук боюнча комитетинин жетекчиси Тынычбек Акматбаев барганда чатак кайрадан ырбап, ок атышууга айланган. Депутат жанындагы адамдар менен барымтага алынып, айрымдары качып кетүүгө үлгүргөн. Аларды бошотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ошол кездеги премьер-министр Феликс Кулов өзү барып, бирок майнап чыккан эмес.

Натыйжада абактагылардын кол салуусунан Тынычбек Акматбаев, анын жан сакчысы, жардамчысы жана бейөкмөт уюмунун бир өкүлү өлтүрүлгөн. Ошондой эле Жаза аткаруу мекемесинин жетекчиси Икматулла Полотов оор жаракат алып, ооруканадан каза тапкан. Андан сырткары, түрмөдө отургандардын арасында да көз жумгандар болгон. Ал эми "Омеганын" спецназдары бул башаламандыктын токтошуна болгон аракетин көргөн.

— Түрмөдөгү дагы бир чоң башаламандык 2012-жылга туш келет. Январь айында Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткандар чуу чыгарып, тополоң кылышкан. Ошол кездеги ЖАМКтын маалыматы боюнча, кызматкерлер таң эрте тинтүү жүргүзүп, буга чейин күндүр-түндүр ачык болуп келген айрым камераларды жабышмак. Ал камераларда "өзгөчө шартта", "бай-манаптарча" жашаган кишилер болгон. Ошол тинтүү башталганда камактагылар айыгышкан каршылык көрсөтүп, үчүнчү жана экинчи кабатта кармалып тургандар каалгаларды талкалап, жүздөгөн адам коридорго чейин чыгып кеткен. Алар камераларды жаппагыла деп талап койгондон тышкары абактагы "кадыр-барктуу адам" Дамир Сапарбековду башка колонияга алып кетпегиле дешкен. Бул башаламандыкка "Омега" тартылып, абактагыларды тынчытып беришкен. Спецназ менен кагылышууда түрмөдөгү бир топ киши жаракат алса, арасында өзүнүн тамырын, курсагын кескилеп салгандар дагы болгон. Мындан тышкары, ЖАМКтын төрт кызматкери жарадар болгон.

— 2010-жылы Оштогу июнь окуясында "Омега" жоокерлери элдин коопсуздугун камсыздап, абалды жөнгө салууга катышкан.

Отряд көптөгөн операцияларды ийгиликтүү жүргүзгөн. Анын натыйжасында өздүк курам жоготууларга учураган эмес.

Кандидаттарга талаптары

Отряд тапшырмаларды кайсы убакта болбосун аткарууга даяр турган, моралдык жактан бекем, кесипкөй кызматкерлерди издейт. Биринчи кезекте соттолбогон, аскердик кызмат өтөгөн, дене бой даярдыгы мыкты жана орто же жогорку билимдүүлөргө көңүл бурат. Алардын жаш курагы 19дан 30га чейин, бою 170 сантиметрден кем эмес болушу шарт. Спорттун чеберлери 167 сантиметрден алынат.
"ПАНТЕРА"
КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын атайын багыттагы "Пантера" аскер бөлүгүнүн тарыхы 1992-жылдан башталат. Белгилей кетсек, өздүк курам 1993-жылы апрель айында Куралдуу күчтөрдүн арасында эң биринчилерден болуп аба-десанттык машыгуудан өтүп, парашют менен секиришкен.

Милдети

"Пантера" — өлкө президентинин, КРдин Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысынын резерви болуп эсептелет. Мамлекеттин конституциялык түзүмүн — эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча тапшырмаларды аткарат.

Өздүк курам террордук жана куралдуу топторду жок кылууда соттолгон техника менен жүрүш жасап, аба-десанттык жол менен көмөк көрсөтөт. Ошондой эле табигый кырсыктардан жапа чеккендерге жардам көрсөтүү да милдети жүктөлгөн.

Аскердик тажрыйбасы

"Пантера" бөлүгү 1999-2000-жылдары мыйзамсыз куралдуу диний экстремисттик топтор менен болгон күрөшкө, 2010-жылдын июнь айында республикабыздын түштүк аймагындагы абалды турукташтырууга катышкан.

Атайын багыттагы аскер бөлүктө жоокерлерди жоготуу катталган эмес.

Даярдыгы, техникалык камсыздалышы

Аскер бөлүк эл аралык окуу-машыгууларына активдүү катышып келет. Маселен, былтыр 2019-жылы Индиянын аскерлери менен биргеликте Балыкчыда "Канжар" аталышындагы антитеррордук даярдыктан өтүштү. Бул эки өлкөнүн аскердик кызматташуусунун натыйжасында жыл сайын өтүүчү машыгуу болуп саналат.

Ошондой эле жыл сайын боло турчу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) "Взаимодейстие" аттуу машыгууларына катышып келет.

Атайын багыттагы бөлүк аба-десанттык машыгууга басым жасайт. Андыктан аскерий учактарга, парашюттарга жана сооттолгон унааларга ээ. Ошондой эле тапанчалар, мылтыктар, снайпердик винтовкалар, гранатомёт жана башка курал-жарактары бар. Ал эми спецназдардын күнү тактикалык, аба-десанттык, чалгындоо, тоо шартындагы даярдык, ок атуу, инженердик, дене тарбиялык, анын ичинде кол уруш дисцлиналарды өздөштүрүү жана кайталоо менен өтөт.

"Пантера" жоокерлери көк түстөгү берет кийишет. Ага ээ болуу үчүн кандайдыр бир сыноолор жок.
Кандидаттарга талаптары

Моралдык-психологиялык жактан туруктуулугу, ден соолугунун чың болушу, ата-энесинин бары, дене бой даярдыгы, тартиби, кызматка чейин кылган иштери, билими жана адистиги маанилүү. Жогорудагы талаптар маектешүүдөн кийин белгилүү болот. Ал эми так критерийлерге болочок спецназдын өлкөнүн жараны болушу, соттолбогону, жашы 18ге толуп 30дан ашып кетпеши, боюнун узундугу кирет.
"ИЛБИРС"
КРдин Куралдуу күчтөрүнүн "эң жаш" атайын багыттагы аскер бөлүгү "Илбирс". Ал 2007-жылдын 7-мартында түзүлүп, түштүк-батыш командачылыгынын курамында кызмат кылат.

Милдети

Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн сактоо, коркунучтуу кырдаал жаралганда атайын операцияларды жүргүзүп, террорчулук менен күрөшүү, күжүрмөн даярдыкты жогорку деңгээлде кармоо болуп саналат.

Аскердик тажрыйбасы

2010-жылдын июнь айындагы улуттар арасында болгон жаңжалды басууда өздүк курам коомдук абалды жөнгө салууга катышкан. "Илбирсте" түзүлгөндөн бери жоготуулар болгон эмес.

Кадырлуу жашыл берет

"Илбирсте" кызмат өтөгөндөр дагы өзүнүн мыктылыгын далилдөө үчүн жашыл берет кийиши керек. Баш кийимдин өңү башка аскер бөлүктөргө окшош болгону менен чекесиндеги эмблема — илбирстин башы аны айырмалап турат.

Сынак жылына бир гана жолу өтөт. Ага аскер бөлүктө бир жылдан ашуун кызмат өтөгөн, өзүн тартиптүү, үлгүлүү алып жүргөн, оор тапшырмаларга күжүрмөн даярдыгы жогорку аскерлер катыша алары белгиленет.

Сыноо адаттагыдай үч этап менен өтөт. Жашыл берет алууга талапкер ар бирин "жакшы" жана "эң жакшы" деген бааларга тапшырышы керек. Алгач дене бой даярдыгын көрсөтүшөт. Кийинки баскычта аскердик негизги сабактардан (теориялык, практикалык) профессионалдык билими бааланат. Берилген суроолорго туура жооп берсе үчүнчү этапка өтөт.

Акырында сыноонун эң кыйын этабы күтүп турат. Бул учурда жоокердин дене тарбиялык жана психологиялык чыдамкайлуулугу текшерилмекчи. Куралы, противогаз жана 10-15 килограммдык аскердик буюм-тайымдары менен кошо белгиленген аралыкта жана көрсөтүлгөн убакытта чуркап өтүшү керек. Бул чуркоодо ар кандай тоскоолдуктардан өтүү каралган. Маселен, курал менен бутага тийгизе атып, аны көз ачып-жумганча чачып жана кайра чогултушу зарыл. Ошондой эле парашютун ачып, кайра жыйнайт. Аскердик тосмолордон чеберчилик менен өтүп, ууланган жерден противогаз кийип өтүшү керек. Андан сырткары, радиобайланыш менен тиешелүү маалыматтарды берип турууну көрсөтүшөт.

Сыноодон өткөндөргө арзыган жашыл берет тапшырылат.
Даярдыгы, техникалык камсыздалышы

"Илбирстин" спецназдары өлкөнүн ичиндеги жана чет мамлекеттеги "Коопсуздук", "Террорго каршы", "Тынчтык миссиясы", "Ак илбирстин соккусу", "Издөө" жана "Взаимодействие" машыгууларына катышып келишет.

Атайын даярдыктагы аскер бөлүк 2019-жылы апрелде Куралдуу күчтөрдүн чалгындоо бөлүктөрүнүн арасында өткөн "Шумкар — 2019" таймашында 1-орунду багындырган.

Атайын багыттагы бөлүктүн өздүк курамы бекитилген пландын негизинде күн сайын даярдыктын ар кандай түрлөрү менен машыгышат. Мисалга алсак, тактикалык, аба-десанттык, чалгындоо, тоо шартындагы даярдык, ок атуу, инженердик жана дене бой даярдыгынан өтүшөт. Анын ичинде кол уруш сабактарында өздөрүнүн профессионалдык даярдыгын тастыкташат.

Атайын багыттагы бөлүк заманбап курал-жарактар, жолтандабастар, сооттранспорттор, пулемёттор, тапанчалар, снайпердик винтовкалар, гранатомёттор, күнү-түнү байкоо салуучу шаймандар, байланыш каражаттары жана башкалар менен камсыздалган.

Кандидаттарга талабы

"Илбирстин" катарына дене бой даярдыгы мыкты, ата-энеси бар, ден соолугу чың, спорттун ар кандай разряддарынын ээлери, спорттун чеберлери жана талапкерлери кызмат өтөй алат. Мындан сырткары, соттолбогону, орто же жогорку билим алышы, жашы 18-30 жаштын аралыгы экендиги, бою 175 сантиметрден жогору болушу каралат.

Ошондой эле моралдык-психологиялык жактан туруктуу болсо экстремалдуу абалдарда жана түрдүү күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда өзүн жоготпой алып кете аларына басым жасалат.
Автор
Гүлдана Талантбекова

Фото, видео
Табылды Кадырбеков, Эмиль Садыров, президенттин жана өкмөттүн маалымат кызматы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, "Альфа" антитеррордук бөлүктүн ардагерлеринин эл аралык бирикмеси, Мамлекеттик чек ара кызматы жана КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы.

Дизайн
Евгений Волохов

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги материалды даярдоого колдоо көрсөткөндүгү үчүн өлкөнүн күч түзүмдөрү менен Куралдуу Күчтөрүнө ыраазычылык билдирет.