Бишкекте ӨА режими киргизилгенден кийин компаниялар иш тартиби менен шарттарын өзгөрттү. Маселен, көп кафе жана ресторандар онлайн буюртма алып, Бишкектин туш тарабындагы үйлөргө тамак жеткирип калышты. Коронавирусту калың элге жайылтып жибербеш үчүн дүкөн, дарыкана жана ооруканага чыкканга гана уруксат берилди. Банктарга зарыл учурда гана барууга болот.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары шаардагы уюмдардын иши тууралуу маалыматтарды чогултту. Картаны колдонуу үчүн сизди кызыктырган категорияны басып туруп, чекесиндеги белгини ачсаңыз уюмдун иш тартиби, байланыш телефондору жана жайгашкан жерлери көрсөтүлөт. Картада жалпысынан сегиз категория бар: супермаркеттер, банктар, ооруканалар, аптекалар, мамлекеттик органдар, коммуналдык кызматтар, май куюучу жайлар, ошондой эле буюртма аркылуу тамак жеткирүү менен алектенип жаткан кафе, ресторан жана башка азыктануучу жайлар кирди.Маанилүү эскертүүлөр
"Супермаркеттер" бөлүмүнө "Народный", "Фрунзе", Globus, "Алма" жана башка ири соода түйүндөрү кирди. Мурда дүкөндөрдүн көбү күнү-түнү иштесе, азыр коменданттык саатка байланыштуу кечке жуук жабылып жатышат. Айрымдар азык-түлүк, товарларды үйгө жеткирип берүү кызматын аркалашууда.
"Банктар" категориясында борбордук кеңселер гана көрсөтүлдү. Айрым банктардын иш графиги өзгөрүп кетиши мүмкүн, кээ бир банктык филиалдар такыр эле ишин токтотту. Картада алардын дареги менен иштөө тартиби көрсөтүлдү. Тагыраагы, кээ бир бөлүмдөр кеч ачылып же эрте жабылышы ыктымал. Дээрлик көбүндө түштөнүү убактысы 12:00дөн 13:00гө чейин. Бирок азыркы кырдаалга жараша башкача болушу да мүмкүн. Банкка барарда көрсөтүлгөн номерлер аркылуу тактап алсаңыз туура болот.
"Ооруканалар бөлүмүндө" медициналык борборлор менен бейтапканалар бар. Соңку убакта дарыгерлер күнү-түнү иштеп жатат.
"Дарыкана" категориясына шаардагы ири дарыкана түйүндөрүн көрүүгө болот. Керектүү препараттарды номерлер аркылуу билүү мүмкүн.
Эгер сиздин үйгө тамак жеткирген кафеңиз картада көрсөтүлбөй калган болсо, бизге Telegram же WhatsApp аркылуу кабарлаңыз.
Эгер сиз иштеткен жайда кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо (0706) 56-65-44 номери аркылуу жазып койсоңуз болот. Биз өз учурунда картадагы маалыматты жаңыртып коёбуз.
Эгер сиздин кафеңиз да тамак жеткирүү менен алектенип, бирок картага кирбей калган болсо, бизге Telegram же WhatsApp аркылуу байланышыңыз.