21:27 11 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7863
  • EUR100.7855
  • RUB1.0988
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
00

Күйүп кеткен тралдын үстүндө Honda Fit, Honda Stepwgn, Toyota Alphard жана Toyota Camry үлгүсүндөгү машиналар болгон.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Сокулук районунун Күнтуу айылынын жака белинде өрттөнүп кеткен тралдын ээси болжол менен 65 миң доллар чыгымга учурады. Бул тууралуу аталган тралдын айдоочусу Белек Аттокуров Sputnik Кыргызстанга билдирди.

Белгилей кетсек, ишембиге караган түнү Россиядан жети автоунаа жүктөп келе жаткан трал толугу менен күйүп кеткен.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Короче KG (@koroche_kg)

"Айдап баратсам асты жагы түтөп калды, түшүп карасам май агып жатыптыр. Көп күттүрбөй эле жалындап күйө баштады. Дароо машиналар жүктөлгөн чиркегичти ажыратып, кабинасын алды жакка айдайын десем ордунан жылбай койду. Анан автоунааларды түшүрүүгө аракет кылдым, бирок өрт заматта күч алып, баары күйүп кетти", — деди айдоочу.

Аттокуров бөлөсү Орозмамат Кудайбердиев экөө жакында эле чогулткан акчасына трал сатып алып иштей баштаган. Бул алардын экинчи рейси болгон.

"Бөлөм Россиянын Самара шаарынан бери жакшынакай эле айдап келген. Мен Кыргызстандын чек арасына келгенде тосуп алып, ал эс алууга кеткен. Түндө унаа токтотуучу жайга алып барып коюп, эртең менен машиналарды ээлерине берели дегенбиз. Бирок токтотмо жайга эки чакырым калганда ушундай кырсык болду. Трал сатып алып жатканда досторубузга дагы карыз болуп калдык эле. Өрттөнгөн унаалардын баасы 30 миң, тралдын чыгымы 35 миң долларды түздү. Эми элден жардам сураганга аргасыз болуудабыз", — деди айдоочу.

Күйүп кеткен тралдын үстүндө Honda Fit, Honda Stepwgn, Toyota Alphard жана Toyota Camry үлгүсүндөгү машиналар болгон.

Тема боюнча

Сокулукта 7 автоунаа жүктөп бараткан трал күйүп кетти. Видео
Бишкектин көчөсүндө жолтандабас өрттөндү. Видео
Белгилер:
чыгым, кырсык, өрт, айдоочу

ЭҢ МААНИЛҮҮ