"Дордой" базарында контейнерден өрт чыкты. Видео, сүрөттөр

© Фото / пресс-служба МЧС КРПожар в контейнер на рынке "Дордой"
Пожар в контейнер на рынке Дордой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2021
Жазылуу
Кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүүчү бөлүм, ИИМден эки экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылды.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бүгүн кечке жуук Бишкектин Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарынын аймагынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
​Өрттү өчүрүүгө саат 20:33тө Свердлов райондук №2 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир бөлүм, саат 20:46да дагы бир бөлүм, саат 20:48де Биринчи май районунан бир бөлүм жиберилген.
"Мындан тышкары, бир суу ташуучу унаа, саат 21:35те Октябрь районунан бир бөлүм жөнөтүлгөн. Ошондой эле штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылды. Саат 21:25те ИИМден эки экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада барды", — деп жазылат билдирүүдө.
Өрт өчүрүү иш-чараларын көзөмөлдөө үчүн жерине өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов барды.
Кошумча маалымат берилет.
Жаңылыктар түрмөгү
0