Жогорку соттун судьясы камалды. УКМК анын байлыгын санап берди

© AFP / ROD LAMKEYСудебное заседание в Вашингтоне
Судебное заседание в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган судья мыйзамсыз тапкан кыймылсыз мүлктөрүнүн изин жашыруу максатында сатык келишимдерин башка жарандарга каттатып келгени айтылат.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Жогорку соттун атуулдук жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы О.К.Т. мыйзамсыз байыган деп шектелип, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Чогулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинде ("Мыйзамсыз баюу") каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.

"О.К.Т. милдеттүү экендигине карабай декларацияда өзүнүн мүлкүн, кирешелерин жана чыгашаларын көрсөткөн эмес. Тиешелүү киреше булактары жок болсо дагы көптөгөн кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган. Алардын арасында VIP-шаарчадагы элиталык кыймылсыз мүлктөрү, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлери, Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттарда коттедждери, соода борборлорунда коммерциялык объектилери жана люкс-класстагы автоунаалары бар. Жакын туугандары БАЭ, Түркия, Азия жана АКШнын курорттук аймактарына байма-бай каттап турганы аныкталды", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Ошондой эле судья мыйзамсыз тапкан кыймылсыз мүлкүнүн изин жашыруу максатында тиешелүү органдарда атуулдук-укуктук келишимдерди жүргүзгөндүгүн каттабай, айрым учурларда керектүү сатык келишимдерин башка жарандарга каттатып келгени айтылат.

Жогорку соттун камалган судьясы Камил Осмоналиев  - Sputnik Кыргызстан
Жогорку соттун камалган судьясы Камил Осмоналиев тууралуу эмне белгилүү
Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында О.К.Т. коммерциялык ишканалардын бирине биргелешкен ишкерлик жүргүзүү максатында декларацияда көрсөтүлбөгөн 150 миң доллардан ашык акча бергени кошумчаланды.

Мындан сырткары, О.К.Т. өзүнүн чечими менен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн бир бөлүгүн улутташтыруу боюнча Убактылуу өкмөттүн декретин жокко чыгарып, мамлекеттик казынага көп миллиондогон чыгым келтирген.

"Ошол эле учурда жогорудагы чечими үчүн судья улутташтырууга жаткан мүлктүн бир бөлүгүн сый акы катары өзүнө алып алган", — деп айтылат кабарда.

15-декабрда Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту аны УКМК тергөө камак жайына кармоо боюнча баш коргоо чарасын бекитти. Тергөө уланууда.

Жогорку соттун сайтындагы маалыматка караганда, аталган коллегиянын курамында бул инициалдарга туура келген бир гана судья бар. Ал — Осмоналиев Камил Турдубекович. Бул кызматта 2012-жылдан бери иштеп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0