БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Токмок шаарында массалык мушташ болуп, бир жигит бычакталды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактардан билдиришти.
Окуя 17-мартка караган түнү шаардагы "Космос" кинотеатрынын жанында болгон. Көчөдө сүйлөшүп турган төрт адам он чакты киши менен айтыша кеткен.
Аягында мушташ чыгып, төртөөнүн экөө бычакталган.
Маалыматта ошол жерден бири көз жумуп, экинчиси ооруканага жеткирилгени айтылат.
Чүй облустук милициясы окуянын чоо-жайын иликтеп жактанын билдирди. Кошумча маалымат берилет.