Караңгыда бычак жеп, капыстан окко учуп... Кызматында ажал тапкан милиционерлер

© Sputnik / Табылды КадырбековЧасть жилмассива "Энесай" заблокирована милицией, идет проверка домов
Часть жилмассива Энесай заблокирована милицией, идет проверка домов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Кыргызстанда тартип менен тынчтыкты камсыздап, мамлекеттин бүтүндүгүн жана жарандардын укугун коргогон милиция кызматкерлери кесиптик майрамын белгилеп жатат. Быйыл кыргыз милициясынын түптөлгөнүнө 94 жыл толду.

Бир кылымга чукул убакыттын ичинде кызматын аткарып жатып 272 милиция кызматкери өмүрү менен кош айтышкан. Алардын акыркысы өткөн жылдын октябрында кылмышкердин колунан бычак жеп каза болгон 25 жаштагы ага-лейтенант Уларбек Майрамбеков болуп калды. ИИМден тастыктагандай, бактыга жараша былтыртан бери бул сыяктуу окуялар катталган эмес.

ИИМ кызматкерлери кылмышкерлерди издөө иштери учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Граната, кайыган ок, атышуу. Кыргызстандын түрмөлөрүнөн дагы кимдер качкан?
Ички иштер министрлигинин жарлыгы менен 15-май ички иштер органдарында иштеп, кызмат учурунда каза болгондорду эскерүү күнү деп жарыяланган. Sputnik Кыргызстан агенттиги 2017-жылы набыт болгон милиция кызматкерлерин эске салды.

Бир катарларынын артында бир нече бала калса, кээ бирөөлөрү жаңы үйлөнөм деп турган. Кырсыкты кайдан деп болот… Тирүү болсо бүгүн алар да башка кесиптештери сыяктуу майрамдап жүргөн болоор эле. Балким сыйлык алып, жогорку кызматка көтөрүлмөк.

Бычак жеп, көчөдө жан берген милиция. Бишкектиктер үрөй учурган окуя тууралуу 26-октябрда эртең менен угушту. Түндөсү Бишкектин Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкеринин сөөгү табылган. Кылмышкердин колунан бычакталып каза болгон милициянын кызматкери 25 жаштагы Уларбек Майрамбеков болуп чыкты

Маркум Биринчи май райондук милициясынын криминалдык кызматында иштечү экен. Ал мурунку күнү жасап бүткөн иштеринин эсеп-чотун берип, табелдик куралын тапшырып кубанган тейде эмгек өргүүсүнө кеткен. Жакын арада үйлөнө турганын да айткан экен. Иштен чыгып кесиптештерин Бишкектин ичиндеги бир жерге алып барууну суранып, ал жакта калган. Ал эми видеодон түн жамынган бирөө ага кантип бычак ургандыгын көрүүгө болот.

Кесиптешинен ок жеген старшина. Андан бир күн мурда, 25-октябрда, Нарын шаарында каргашалуу окуя болгон. Адистешкен күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкери Жолдошбек уулу Адилет окко учту. Окуя кечкурун, тагыраагы 18.15те Нарын ШИИБинин күзөт бөлүмүнүн курал сактоочу бөлмөсүндө болуп, 26 жаштагы ага сержант куралын өткөрүп жатып, жанындагы старшина тарапка ок чыгарып алган

© Фото / пресс-служба МВД КРНарында Адистешкен күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкери Жолдошбек уулу Адилетти кесиптеши куралын өткөрүп жатып ок чыгарып алган
Сотрудник ГУГССО МВД КР по городу Нарын, старшина милиции Жолдошбек уулу Адилет - Sputnik Кыргызстан
Нарында Адистешкен күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкери Жолдошбек уулу Адилетти кесиптеши куралын өткөрүп жатып ок чыгарып алган

Ички иштер министрлиги сержант менен старшинанын чогуу иштеп жүргөнүн билдирди.

Чолпон-Атада кырсыктаган инспектор. Июнь айынын соңунда Чолпон-Ата шаарында Кайгуул милиция кызматынын инспекторун иш учурунда көчөдө кетип бара жаткан Subaru Forester үлгүсүндөгү унаа коюп кетип, ал ооруканада көз жумган

25 жаштагы айдоочу шаардын Совет көчөсү менен батышты көздөй бара жатып, борбордук мечиттин аймагына жеткенде рулду оң жакка, кызматтык унаасынын жанында турган милиционерлерди көздөй буруп жиберген. Милиционерди сүзүп кетип, анын эки буту сынып, ички органдары жабыркаган. Ал эми экинчиси жолдон четке чыга качканга үлгүрүп, аман калган.

Сөөгү үч күндөн кийин табылган подполковник. Ошто Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматта иштеген подполковниктин сөөгү 24-мартта автоунаанын ичинен табылган. Ал 21-март күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Үч күндөн кийин сөөктү Учар айылынын Набережная көчөсүндө жолдун боюнда токтоп турган көк түстөгү Mitsubishi унаасынан табышкан. 

© Фото / Зульфия ТургуноваОшто Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматта иштеген подполковник Таирбек Уларовдун сөөгү үч күндөн кийин унаасынан табылды
Убийство подполковника Таирбека Уларова в Оше - Sputnik Кыргызстан
Ошто Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматта иштеген подполковник Таирбек Уларовдун сөөгү үч күндөн кийин унаасынан табылды

Ош шаардык милициясынан анын өлүмүнө шектелип, бир үй-бүлө мүчөлөрү кармалгандыгын айтышты. Анда шектелүүчү аялын подполковниктен кызганып, ушундай кадамга баргандыгы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0