https://sputnik.kg/20260627/1102108085.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров көп сандаган адам курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген жер титирөөгө байланыштуу Венесуэла Боливар Республикасынын... 27.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-27T11:00+0600
2026-06-27T11:00+0600
2026-06-27T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1b/1102107919_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5ae540c409d7cb708798a93da0cf896c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров көп сандаган адам курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген жер титирөөгө байланыштуу Венесуэла Боливар Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Делси Родригеске көңүл айтты. “Венесуэлада болгон күчтүү жер титирөөлөрдүн кесепетинен адамдар каза болуп, жаракат алды жана ири кыйроолор болду” деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына, ошондой эле Венесуэла элине аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам. Жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”, - деп айтылат президент Садыр Жапаровдун телеграммасында.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Түштүк Кореянын BEATOZ компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Агенттиктен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптик технологиялар жаатында кызматташуунун келечектүү багыттарын, анын ичинде блокчейн чечимдерин өнүктүрүү жана санариптик финансылык кызматтарды киргизүү маселелерин талкуулашты. Равшанбек Сабиров Кыргызстан санариптик экономиканы өнүктүрүүгө жана инвестициялык чөйрөдө заманбап технологиялык чечимдерди киргизүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. "Санариптик технологияларды жана инновациялык чечимдерди өнүктүрүү — биздин ишмердүүлүктүн негизги багыттарынын бири. Биз экономиканы модернизациялоого жана инвесторлор менен бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн долбоорлорго өзгөчө кызыкдарбыз", - деди ал. Компаниянын өкүлдөрү BEATOZ ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен тааныштырып, санариптик инфраструктураны жана виртуалдык активдерди башкаруу системаларын иштеп чыгуу боюнча тажрыйбасы тууралуу маалыматтар менен бөлүштү. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулап, ишти улантуу боюнча консультацияларды өткөрүүнү макулдашышты.
23-25-июнда Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин Нарын облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгында тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди. Ведомствонун маалыматына караганда, анын алкагында жол куруу жана оңдоо объекттериндеги иштердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо, аткарылган иштер боюнча белгиленген мөөнөттөрдө маалымат берүү милдеттендирилди. "Ошондой эле жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында жол белгилерин, жол чийиндерин жана тосмолорду калыбына келтирүү, сырдоо иштерин толук аяктоо, жаан-чачын сууларынын топтолушуна себеп болгон көйгөйлөрдү жоюу, суу өткөрүүчү курулмаларды орнотуу жана жолдун профилин оңдоо боюнча тапшырмалар берилди", - деп айтылат маалыматта.
30-июнда Бишкектин бир бөлүгүндө суу убактылуу өчөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, 30-июнда саат 09:00дөн 00:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакта суу болбойт: Ибраимов көчөсү – Чүй проспекти – Т. Айтматов көчөсү – Жибек жолу проспекти – Осмонкул көчөсү – Фрунзе көчөсү – Сүйүмбаев көчөсү – Фрунзе көчөсү. ”Бул чаралар оңдоо иштерине байланыштуу”,— деп айтылат маалыматта.
Бишкекте 28-июлда Dari Fest эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара “Жаштык Арена” спорт комплексинде болот. Иш-чара белгилүү ырчыларды бир аянтчага чогултат. Фестивалдын алкагында интерактивдик оюндар өткөрүлөт жана тематикалык аянтчалар жайгашмакчы. Dari Fest долбоору өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө багытталган.
Президент Садыр Жапаров көп сандаган адам курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген жер титирөөгө байланыштуу Венесуэла Боливар Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Делси Родригеске көңүл айтты. “Венесуэлада болгон күчтүү жер титирөөлөрдүн кесепетинен адамдар каза болуп, жаракат алды жана ири кыйроолор болду” деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына, ошондой эле Венесуэла элине аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам. Жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”, - деп айтылат президент Садыр Жапаровдун телеграммасында.Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Түштүк Кореянын BEATOZ компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Агенттиктен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптик технологиялар жаатында кызматташуунун келечектүү багыттарын, анын ичинде блокчейн чечимдерин өнүктүрүү жана санариптик финансылык кызматтарды киргизүү маселелерин талкуулашты. Равшанбек Сабиров Кыргызстан санариптик экономиканы өнүктүрүүгө жана инвестициялык чөйрөдө заманбап технологиялык чечимдерди киргизүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. "Санариптик технологияларды жана инновациялык чечимдерди өнүктүрүү — биздин ишмердүүлүктүн негизги багыттарынын бири. Биз экономиканы модернизациялоого жана инвесторлор менен бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн долбоорлорго өзгөчө кызыкдарбыз", - деди ал. Компаниянын өкүлдөрү BEATOZ ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен тааныштырып, санариптик инфраструктураны жана виртуалдык активдерди башкаруу системаларын иштеп чыгуу боюнча тажрыйбасы тууралуу маалыматтар менен бөлүштү. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулап, ишти улантуу боюнча консультацияларды өткөрүүнү макулдашышты.23-25-июнда Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин Нарын облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгында тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди. Ведомствонун маалыматына караганда, анын алкагында жол куруу жана оңдоо объекттериндеги иштердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо, аткарылган иштер боюнча белгиленген мөөнөттөрдө маалымат берүү милдеттендирилди. "Ошондой эле жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында жол белгилерин, жол чийиндерин жана тосмолорду калыбына келтирүү, сырдоо иштерин толук аяктоо, жаан-чачын сууларынын топтолушуна себеп болгон көйгөйлөрдү жоюу, суу өткөрүүчү курулмаларды орнотуу жана жолдун профилин оңдоо боюнча тапшырмалар берилди", - деп айтылат маалыматта.30-июнда Бишкектин бир бөлүгүндө суу убактылуу өчөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, 30-июнда саат 09:00дөн 00:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакта суу болбойт: Ибраимов көчөсү – Чүй проспекти – Т. Айтматов көчөсү – Жибек жолу проспекти – Осмонкул көчөсү – Фрунзе көчөсү – Сүйүмбаев көчөсү – Фрунзе көчөсү. ”Бул чаралар оңдоо иштерине байланыштуу”,— деп айтылат маалыматта.Бишкекте 28-июлда Dari Fest эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара “Жаштык Арена” спорт комплексинде болот. Иш-чара белгилүү ырчыларды бир аянтчага чогултат. Фестивалдын алкагында интерактивдик оюндар өткөрүлөт жана тематикалык аянтчалар жайгашмакчы. Dari Fest долбоору өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө багытталган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1b/1102107919_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f71901b240c170e1523443090a9cea67.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио