00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:08
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргызстанда эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү реформасын улантуу алкагында мамлекеттик сектордун кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылат. Финансы министрлигинен билдиришкендей, бул чаралар президенттин тиешелүү жарлыктарына ылайык ишке ашырылууда. Эмгек акы төлөө системасын мындан ары өркүндөтүү, кызматкерлердин социалдык корголушун күчөтүү жана мамлекеттик органдардын кадрдык потенциалын бекемдөө максатында төмөнкү чаралар каралган: мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын, ошондой эле жалданма жана жарандык персоналдын эмгек акысы 50%га чейин жогорулатылат; иштин татаалдыгы, сапаты, жыйынтыгы, кесиптик демилге жана ченемге салынбаган иш режими үчүн үстөк акы 50%га чейин көбөйтүлөт; айрым ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерине 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм белгиленет. "Бул чараларды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен кошумча каржылоо талап кылынат. 2026-жылы бул максатка 2 млрд 860,4 млн сом каралган, ал эми 2027-жылдан тартып жыл сайын 8 млрд 203,5 млн сом бөлүнөт", - деп айтылат маалыматта. Белгиленгендей, кабыл алынган чечимдер мамлекеттик кызматкерлердин социалдык камсыздоосун жакшыртууга, мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын жогорулатууга жана мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөт.
Бишкекте кыргыз-афган бизнес-форуму өтүп, анын алкагында эки өлкөнүн ортосунда Ишкердик кеңеш түзүү жөнүндө келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. Афганистандын Соода жана инвестиция палатасынын төрагасы Сайед Мохаммад Карим Хашеми жетектеген делегация менен болгон жолугушууга ата мекендик бизнестин 100гө жакын өкүлү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев тарыхый коңшулук мамилелерди жаңы экономикалык мазмун менен толуктоо зарылдыгын белгиледи. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары эки тараптуу соодада оң динамика байкалууда. Алсак, 2024-жылы Кыргызстандын Афганистанга экспорту рекорддук көрсөткүчкө жетип, 50,4 млн доллардан ашкан. Ал эми 2025-жылы бул көрсөткүч 29,2 млн долларды түзгөн. “Форумдун жүрүшүндө оогандык ишкерлер соода, айыл чарба, курулуш жана логистика тармагындагы биргелешкен долбоорлорго өзгөчө кызыгуусун билдиришти. Түзүлгөн Ишкердик кеңеш мындан ары бизнес өкүлдөрүнүн түз диалогу, бизнес-миссияларды уюштуруу жана ири экономикалык долбоорлорду илгерилетүү үчүн туруктуу платформа болуп кызмат кылмакчы”,– деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага алайык, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүн экинчи жарымында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болуусу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Кыргызстандык UFC мушкери Мыктыбек Оролбай кийинки беттешин 15-августта өткөрөт. Анын атаандашы катары америкалык Жеремайя Уэллс чыгат. Кыргызстандык спортчу бул уюмда буга чейин беш жолу жеңишке жеткен. Акыркы беттешин ал 15-мартта өткөргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0