https://sputnik.kg/20260627/1102113966.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Таласта сууга аккан өспүрүмдү издеп жатып каза тапкан суучул-куткаруучу 32 жаштагы лейтенант Аскар Казыбеков экенин ӨКМ билдирди. Ал баланы дарыядан издеп... 27.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-27T17:00+0600
2026-06-27T17:00+0600
2026-06-27T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1b/1102113800_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c9dc896c42561ae01a8701fde396d7e6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Таласта сууга аккан өспүрүмдү издеп жатып каза тапкан суучул-куткаруучу 32 жаштагы лейтенант Аскар Казыбеков экенин ӨКМ билдирди. Ал баланы дарыядан издеп жатканда жаракат алган. ӨКМ ал сууга кирер алдында тартылган сүрөтүн жарыялап, туугандарына көңүл айтты. "Баланы дарыядан издөө иштерин жүргүзүү маалында жаракат алган. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга жана дарыгерлердин аракетине карабастан, Казыбековдун өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок", — деп маалыматта айтылган. Маркумдун артында жубайы жана кызы калганын билдиришти.
"Жунхай" базарында автоунаа токтотмодо турган машинадан өрт чыгып, төрт машина толук күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык тууралуу кабар түшкү бирге жакын түшкөн. Саат 13:42де толук өчүрүшкөн. "Автоунаа токтотмодо турган Kia Sportage, Daewoo Nexia, Hyundai Solaris жана Mercedes-Benz W211 толуккүйдү. Жанаша токтотулган BMW X5, Кіа К5, Hyundai Sonata DN8 жана Hyundai Sonata үлгүсүндөгү машиналарга жалын жарым-жартылай жабышты", — деп айтылат маалыматта. Бактыга жараша, өрттөн жабыркаган адамдар болгон эмес.
Польша Украинанын Евробиримдикке киришине вето коюшу мүмкүн. Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский Украинанын Евробиримдикке кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн башталышы анын сөзсүз мүчө болушун билдирбей турганын айтты. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр оңой болбойт жана Польша Евробиримдиктин мүчөсү катары вето коюу укугуна ээ. Ошондой эле IBRiS сурамжылоосуна ылайык, польшалыктардын дээрлик 60%ы Украинанын Евробиримдикке киришине каршы.
Венесуэлада болгон зилзаланын кесепетинен каза болгондордун саны 920 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын спикери Хорхе Родригес билдиргенин РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, 3360 адам жаракат алып, 4000ден ашуун киши баш паанексиз калган. "Тилекке каршы, биз 920 адам каза болгонун жарыялоого мажбурбуз", — деген Родригес VTV телеканалы көрсөткөн кайрылууда. Бийликтин маалыматы боюнча, 13 оорукана жана ашык башка дагы миңге чукул имараттар талкаганган. Акыркы жолу мындай алаамат 126 жыл мурда болгонун айтышууда.
Таласта сууга аккан өспүрүмдү издеп жатып каза тапкан суучул-куткаруучу 32 жаштагы лейтенант Аскар Казыбеков экенин ӨКМ билдирди. Ал баланы дарыядан издеп жатканда жаракат алган. ӨКМ ал сууга кирер алдында тартылган сүрөтүн жарыялап, туугандарына көңүл айтты. "Баланы дарыядан издөө иштерин жүргүзүү маалында жаракат алган. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга жана дарыгерлердин аракетине карабастан, Казыбековдун өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок", — деп маалыматта айтылган. Маркумдун артында жубайы жана кызы калганын билдиришти."Жунхай" базарында автоунаа токтотмодо турган машинадан өрт чыгып, төрт машина толук күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык тууралуу кабар түшкү бирге жакын түшкөн. Саат 13:42де толук өчүрүшкөн. "Автоунаа токтотмодо турган Kia Sportage, Daewoo Nexia, Hyundai Solaris жана Mercedes-Benz W211 толуккүйдү. Жанаша токтотулган BMW X5, Кіа К5, Hyundai Sonata DN8 жана Hyundai Sonata үлгүсүндөгү машиналарга жалын жарым-жартылай жабышты", — деп айтылат маалыматта. Бактыга жараша, өрттөн жабыркаган адамдар болгон эмес.Польша Украинанын Евробиримдикке киришине вето коюшу мүмкүн. Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский Украинанын Евробиримдикке кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн башталышы анын сөзсүз мүчө болушун билдирбей турганын айтты. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр оңой болбойт жана Польша Евробиримдиктин мүчөсү катары вето коюу укугуна ээ. Ошондой эле IBRiS сурамжылоосуна ылайык, польшалыктардын дээрлик 60%ы Украинанын Евробиримдикке киришине каршы.Венесуэлада болгон зилзаланын кесепетинен каза болгондордун саны 920 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын спикери Хорхе Родригес билдиргенин РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, 3360 адам жаракат алып, 4000ден ашуун киши баш паанексиз калган. "Тилекке каршы, биз 920 адам каза болгонун жарыялоого мажбурбуз", — деген Родригес VTV телеканалы көрсөткөн кайрылууда. Бийликтин маалыматы боюнча, 13 оорукана жана ашык башка дагы миңге чукул имараттар талкаганган. Акыркы жолу мындай алаамат 126 жыл мурда болгонун айтышууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1b/1102113800_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7796ec599f3cbd42470614ecbc676594.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио