БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Москванын чок ортосунда жөө адамдарды коюп, качып кетүүгө аракет жасаган киши Кыргызстандын жараны болуп чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен маалымдашты.
Элчилик Москвадагы такси компаниясы менен байланышкан – алар айдоочу 1990-жылы туулган А. Уулу Ч. аттуу Кыргызстандын жараны экенин тастыкташкан.
Буга чейин Москвада Ильинка көчөсүндөгү 5/2 үйдүн жанынан жөө адамдарды такси унаасы коюп, сегиз адам жабыркаганы айтылган.
Вот так выглядит место аварии сейчас. pic.twitter.com/6PJgNbb17j
— ЦОДД (@gucodd) June 16, 2018
Айдоочу качып кетүүгө аракет жасаган, бирок көпкө узабай колго түшүрүлгөн.
Окуя теракты деп бааланган жок, айдоочу рулду башкара албай калгандыгы айтылды.