Тарых музейин реконструкциялаган "СМУ-3" ишканасы тууралуу 8 факты

© Sputnik / Светлана ФедотоваРеконструкции Государственного исторического музея в Бишкеке
Реконструкции Государственного исторического музея в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары көчмө жыйын өткөрүп, Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча сатып алынган эмеректердин кымбат баасына нааразы болушту.

Маалым болгондой Тарых музейин "СМУ-3" ишканасы реконструкциялаган. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган курулуш ишканасынын тарых-таржымалын жана буга чейинки жасаган жумуштарын билип көрдү.

Оңдоп-түзөөдөн өткөн Тарых музейи - Sputnik Кыргызстан
Оңдоп-түзөөдөн өткөн Тарых музейинин алгачкы сүрөттөрү
Курулушта 40 жыл. Өкмөттүн токтому менен 1965-жылы аталган ишкана "Фрунзе үй куруучу комбинаты" болуп түзүлүп, 1991-жылы "Азат" ААКы болуп өзгөргөн. Ишкана Кыргызстандагы ири, эски корпорациялардын бири болуп саналып, Фрунзе, Токмок, Кант, Кара-Балта шаарларына көптөгөн турак үйлөрдү курган.

Ат майдан. Чолпон-Атадагы ат майданды салуу шыбагасы "СМУ-3" ишканасына буюрган. 2014-жылы өткөн биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна аз калганда салынган ипподромдун курулушуна алгач 487 миллион сом керектелсе, кийин айрым жерлери оңдолуп жатып жалпы 1,1 миллиард сом сарпталган.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевИпподромдун курулушуна алгач 487 миллион сом керектелсе, кийин айрым жерлери оңдолуп жатып жалпы 1,1 миллиард сом сарпталган
Ипподром в селе Бактуу-Долоноту Иссык-Кульского района - Sputnik Кыргызстан
Ипподромдун курулушуна алгач 487 миллион сом керектелсе, кийин айрым жерлери оңдолуп жатып жалпы 1,1 миллиард сом сарпталган

8 миллиондук флагшток. Орто-Сай айылындагы Боз-Бөлтөк тоосуна Кыргызстандагы эң бийик тууну орнотуу милдетин да ушул компания өз мойнуна алган. Желекти орнотуу мамлекеттик бюджеттен каржыланбастан, демөөрчүлөрдөн түшкөн 7-8 миллион сомго жасалганын жергиликтүү ЖМКлар ошол учурда жазып чыккан. Желек Түркиядан атайын буюртма менен жасалып келген.

© Sputnik / Михаил ДудинОрто-Сай айылындагы Боз-Бөлтөк тоосундагы флагшток
Флаг Кыргызстана на горе Боз-Болток - Sputnik Кыргызстан
Орто-Сай айылындагы Боз-Бөлтөк тоосундагы флагшток

Манастын эстелиги. 2011-жылы өлкө эгемендигинин 20 жылдыгында "Ала-Тоо" борбордук аянтына "Эркиндик" эстелигинин ордуна СМУ-3 Манастын айкелин орноткон.

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбордук аянтка Манастын айкелин да СМУ-3 орноткон
Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Борбордук аянтка Манастын айкелин да СМУ-3 орноткон

Чала бүткөн мектеп. "Ала-Тоо" конушунда 2015-жылы жаңы салынган №82 мектеп үч жылга жетпей, пайдубалы 10-20 сантиметрге чөгүп кеткен. Билим берүү жайынын пайдубалы жана 1-блогу салынып бүтүп токтоп калганда Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттиги ишти "СМУ-3" ишканасына өткөрүп берген. Мектепти салууга жалпы жонунан 243,4 миллион сом керектелген. Анын 162,8 миллион сомун Казакстандын президенти бөлүп берсе, 80,5 миллион сомун мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы төлөгөн. Мекеменин үч жылга жетпей чөгө башташын компаниянын жетекчисинин сапат жана коопсуздук боюнча орун басары Шайман Сартбаев туура эмес эксплуатация менен байланыштырган. Бирок ишкана мектепти өз каражатынан кайра жасап берүүнү мойнуна алган. Баса, мектепти оңдоо иштери жыйынтыкталганын мэриядан бүгүн кабарлашты.

Бирге иштешкен чет өлкөлүк компаниялар. СМУ-3 Германия, Франция, Казакстан, Россия, Кытай, Түркия, АКШ өлкөлөрүнүн курулуш компаниялары менен иштешет. Ошондой эле алар өзүнүн расмий сайтына долбоорлоо боюнча Франциянын Gregory International SA, DLR Group жана Германиянын Vitrinen- und Glasbau REIER GmbH компаниялары менен иш алып барарын баса белгилешкен.

Мамлекеттик тарых музейи реконструкциядан кийин - Sputnik Кыргызстан
770 миң евролук эмерек. Тарых музейин оңдоого кеткен чыгымдын тизмеси
Сыйлык. Аталган компаниянын жетекчиси Айдарбек Мендеев 2016-жылы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан ардак грамота менен сыйланган. Баса, ал Тарых музейин реконструкциялоодо баалар эмнеге кымбат болгонун да айта кетти.

Жаңы курулуштар. СМУ-3 ишканасы турак үй куруу боюнча ишмердүүлүгүн улантып келет. Алар учурда Ибраимов жана Каралаев көчөлөрүнө көп кабаттуу турак үйлөрдү салууда. 40 жыл ичинде ишкана жалпы аянты 209 миң 998 чарчы метрге жеткен имараттарды куруп, 3610 орунга ылайыкташкан мектептерди салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0