Ленин чокусуна чыккан ирандык альпинист түтөктөн каза болду

© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүЛенина чокусу. Архив
Ленина чокусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал 6060 метр бийиктикте көз жумган

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ленин чокусуна чыккан ирандык альпинист каза болгонун аймактык милициядан билдиришти.

Каргашалуу окуя Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ачык-Таш аймагында болгон.

"Ирандын 49 жаштагы тургуну тоого чыгып баратып, аба жетпей түтөк болгон. Ал 6060 метр бийиктикте набыт болгон", — деп айтылат маалыматта.

Альпинисттин сөөгү 28-июлда табылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Ленин чокусунан 68 жаштагы россиялык альпинист Юрий Курмачев каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0