БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 507-чакырымында MAN үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа оодарылганын ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Окуя Ноокен районунун Маданият айылына жакын жерде болгон.
Маалыматка караганда, унаадагы май жолдун жээгиндеги арыкка агып калган.
"Бактыга жараша окуя айылдын ичинде эмес, ээн жерде болгон. Унаадан аккан күйүүчү май арыкка төгүлгөн. Бирок ошол маалда арыкта суу болбогондуктан, күйүүчү май айылга жеткен эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле учурда арыктагы майды башка унаага сордуруп алуу иштери жүрүп жатканын ӨКМден кошумчалашты.
Ушул тапта өрт чыгып кетүү коркунучун алдын алуу максатында ӨКМдин өрт өчүрүү кызматынан эки унаа нөөмөттө турат.
Унаа кулаган аймакка канчалык зыян келгени тууралуу тиешелүү органдардан турган жарандык коргонуу комиссиясы иликтейт.