ОШ, 18-июл. — Sputnik. Оштун Жапалак айылында 83 жаштагы абышка нааразы болуп урушканда кызуу экендигин, кемпирин тил кайырганы үчүн бычак менен кулак түпкө сайып жибергенин милицияга айтып берди.
"Кылмыштын изи сууй электе Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шек санап маркумдун абышкасын, 83 жаштагы жаранды кармаган", — деп билдирди Сыдыков.
Абышка милициянын сурагында кырсык болгон күнү кызуу экендигин, кемпири менен кер-мур айтыша кеткендигин айтып берген.
Тергѳѳнүн алгачкы жыйынтыктары кѳрсѳткѳндѳй, маркум канжалаган боюнча кѳчѳгѳ жардам сурап жүгүрүп чыгып, бирок, канды кѳп жоготкондугуна байланыштуу үйүнүн алдына кулап, жан берген.
"Экспертизанын кортундусунда кылмышка шектүү Ташполот Мурзаевдин канында алкоголь ичимдиги бар экендиги белгиленген", — деп билдиришти милициядан.
Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергѳѳ жүрүп жатат. Кылмышка шектүү Ош шаарындагы убактылуу кармоо жайында отурат.
Милициядан абышка менен кемпирдин эки уул, төрт кызы бар экендигин айтышты.