Кыргызстанда кандай авиакырсыктар катталган — 12 окуя

© Sputnik / Владимир Воронин / Медиабанкка өтүүАвиакатастрофа самолета Боинг-737-200 в районе аэропорта "Манас"
Авиакатастрофа самолета Боинг-737-200 в районе аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең менен "Манас" аэропортуна жакын жерде Гонконгдон Стамбулду көздөй келе жатып, Бишкекке май куюу үчүн конмок болгон учак кыйрады. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө ичинде дагы кандай авиакырсыктар болгонун эстеп көрдү.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бүгүн "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача-Суу айылына жүк ташуучу учак кулады. Натыйжада отуздан ашык адам каза болуп, 23 турак жай жараксыз абалга келди. Sputnik Кыргызстан өлкө ичинде дагы кандай авиакырсыктар болгонун эстеп көрдү.

1. Капчыгайга кулаган тик учак. 1996-жылы Жети-Өгүздөгү Жууку капчыгайында "Кумтөрдүн" кызматкерлери бараткан тик учак кулаган. Аба кемеси Ит-Тиши зоосунун урчугуна тийип, кулап түшкөн. Кырсыктан жүргүнчү менен учкучтар болуп 15 киши каза тапкан.

Дача-Суу айылы: учак кулаган жерден тартылган алгачкы видео - Sputnik Кыргызстан
Дача-Суу айылы: учак кулаган жерден тартылган алгачкы видео
2. Ми-8 тик учагынын кыйрашы. Кырсык 2000-жылдын 15-мартында Ат-Башы районунда болгон. Аңчылыкка чыккан мергенчилерди алып келе жаткан тик учактын куйрук бөлүгү аскага тийген. Набыт кеткендердин арасында Жогорку Кеңештин депутаты Эркинбек Матыев болгон. Дагы төрт киши жабыркаган.

3. Ил-62 учагынын күйүшү. 2002-жылдын 23-октябрында Москвадан Бишкекке келе жаткан Ил-62 учагы конуу маалында тилкеден чыгып кетип, тосмолорго барып урунган. Экипаждын 8 мүчөсү аман калганы менен учак толугу менен күйүп кеткен.

4. Ми-8 тик учагы аңчыларды куткарып жатып 2004-жылы 15-мартта кыйраган. Анда тик учак Ат-Башы районунун Муз-Төр өрөөнүндө калып калган аңчыларды куткарууга барып, 20дай адамды бортко алган. Алардын арасында АКШ менен Канаданын жарандары дагы болгон. Абага көтөрүлгөндөн кийин белгисиз себептерден улам кулап, жыйынтыгында эки адам каза болгон.

5. Альпинисттер лагеринде 2005-жылы 6-августа болгон кырсык. Тик учак Ысык-Көл облусундагы "Түштүк Эңилчек" лагерине туристтик топту алып кетүүгө учуп барган. Бирок пилот тиешелүү бийиктикти ала албай кулаган. Бактыга жараша, ал жактагы адамдар жабыркаган эмес, тик учак кырсык болгон жерде күйүп кеткен. 

Крушение самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин жанында учак кулады. Жеринен тартылган сүрөттөр
6. "Манас" аба майданында 2006-жылы 26-августта учактар кагышкан. Бишкек — Москва каттамы менен учканы жаткан учак жаңы эле конуп, учуу тилкесинен жылып кете элек Американын күйүүчү май ташуучу учагын канаты менен жөөлөп кеткен. Канаты жабыркаганына карабай учуп кеткен самолет бир айланып келип кайра конгон. Учкучтардын чеберлиги 52 жүргүнчүнү аман сактап калган.

7. 2007-жылы 23-июнда Як-40 учагынын эки кыймылдаткычы иштен чыккан. Учак Нарын облусунун Кара-Кужур жайлоосунун үстүнөн өтүп баратканда эки кыймылдаткычы иштен чыккан. Ошол учурда учкучтар самолетту айыл чарба учактарына ылайыкталган конуу тилкесине кондуруу чечимин кабыл алышкан. Тилекеке каршы, дөңгөлөгү чыкпай калган учак кулап түшүп, күйүп кеткен. Жүргүнчүлөрдүн баары учак күйүп жатканда сыртка чыгып кетүүгө жетишкен. 

© Sputnik / Владимир Воронин / Медиабанкка өтүүBoeing-737 учагынын кулашы, 24-август 2008-жыл
Авиакатастрофа самолета Боинг-737-200 в районе аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Boeing-737 учагынын кулашы, 24-август 2008-жыл

8. Boeing-737 учагынын кулашы, 24-август 2008-жыл. Itek Air авиакомпаниясынын Бишкек — Тегеран каттамы менен уччу Boeing-737 учагы кырсыкка учураган. Техникалык кемчиликтерден улам учак бийик көтөрүлө албай, кайрадан конуу тилкесине кайрылып жатып Жаңы-Жер айылынан 10 чакырым алыстыкта кыйроого учураган. 90 жүргүнчүнүн ичинен 64 адам көз жумган. Кырсыкка тирүү калган учкучтар күнөөлүү деп табылып, беш жылдан эркинен ажыратылган.

9. Ошто жүргүнчү учагы күйгөн, 28-декабрь, 2011-жыл. Учак жерге конуп жатканда өрттөнгөн. Анын ичинде 73 киши болсо, тогузу балдар болгон. Күйүп жаткан учактан жүргүнчүлөр чыгарылган. 19 киши жабыркап, эки киши ооруканага жактырылган. Авиакырсыктын себептери 7 айдан кийин чыгып, атайын түзүлгөн комиссия кырсык бир нече себептерден улам келип чыкканын аныктаган. Алар: аба ырайынын шарты жана учкучтардын авиациялык эрежелерди сактабаганы деп айтылган. 

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАмерикалык май куюучу учактын жарылышы, 3-май, 2013-жыл
Самолет военно-воздушных сил США потерпел крушение в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Америкалык май куюучу учактын жарылышы, 3-май, 2013-жыл

10. Америкалык май куюучу учактын жарылышы, 3-май, 2013-жыл. Кыргызстандын түндүгүндө Чалдовар айылында май куюучу учак жарылган. Учактын ичинде учкучтар Марк Восс менен Виктория Пикни жана сержант-техник Герман Маки болгон. Экипаждын бардыгы каза болгон. Учактын калдыктары тоого түшүп, экипаж мүчөлөрүнүн сөөгүн эртеси Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери табышкан.

Место крушения самолета под Бишкеком — аэросъемка - Sputnik Кыргызстан
Учак кыйраган абалдын асмандан көрүнүшү
11. Талаага дары чачкан учактын кулашы, 24-май, 2013-жыл. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Ан-2 учагы чегирткерлерге каршы дары чачып жүрүп Катрансай айылы жакта кулап, андагы эки киши каза болгон.

12. Хан-Тенгридеги кырсык, 18-июль, 2014-жыл. Ми-8 аскер учагы россиялык альпинисттерди куткаруу учурунда кырсыктаган. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0