БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Жыл ичинде Кыргызстандын алтын запасы 13 миллиард 450,9 миллион сомго өстү. Бул тууралуу Улуттук банк жарыялаган маалыматта айтылат.
Июль айынын соңунда ал 56 миллиард 893 миллион сомго бааланган. Ал эми бир жыл мурда (июль, 2019-ж.) 43 миллиард 442,1 миллион сом деп айтылган.
Белгилей кетсек, Лондондук баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (дүйнөлүк баага барабар) бааны аныктоосунда 31,1 грамм унций алтындын наркы 537,45 долларга жогорулап, жыйынтыгында 1 964,9 долларды түзгөн.
Кыргызстан биринчи жарым жылдыкта 10 тоннадан ашуун алтын сатты
Улуттук банктын төрагасы жакында эле алтын валютанын резерви тарыхый рекордду камсыздап, 3 миллиард доллардан ашканын билдирген болчу. Бул көбүнесе ички рыноктогу алтындарды сатып алуудагы аракеттерден улам болгон.
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат, алар: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) жана алтын.