23:31 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда КР өкмөтү Чехиянын Liglass TradingCZ, SRO компаниясы менен Жогорку Нарын каскадына ГЭС жана чакан гидроэлектростанцияларын куруу боюнча келишимге кол коюлду

Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСти чех компаниясы курат

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы менен болгон чыр (17)
29120

Бул жерде Ак-Булуң ГЭСи менен Нарын-1 ГЭСин куруу тууралуу сөз болуп жатат

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда КР өкмөтү Чехиянын Liglass TradingCZ, SRO компаниясы менен Жогорку Нарын каскадына ГЭС жана чакан гидроэлектростанцияларын куруу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

  • Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда КР өкмөтү Чехиянын Liglass TradingCZ, SRO компаниясы менен Жогорку Нарын каскадына ГЭС жана чакан гидроэлектростанцияларын куруу боюнча келишимге кол коюлду
    Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда КР өкмөтү Чехиянын Liglass TradingCZ, SRO компаниясы менен Жогорку Нарын каскадына ГЭС жана чакан гидроэлектростанцияларын куруу боюнча келишимге кол коюлду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Келишимге Кыргызстандын атынан өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын колдонуу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев жана Liglass Trading CZ, SRO компаниясынын директору Михаель Смелик кол койгон.
    Келишимге Кыргызстандын атынан өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын колдонуу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев жана Liglass Trading CZ, SRO компаниясынын директору Михаель Смелик кол койгон.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда КР өкмөтү Чехиянын Liglass TradingCZ, SRO компаниясы менен Жогорку Нарын каскадына ГЭС жана чакан гидроэлектростанцияларын куруу боюнча келишимге кол коюлду

Бул жерде Ак-Булуң ГЭСи менен Нарын-1 ГЭСин куруу тууралуу сөз болуп жатат. Ошондой эле "Кыргызстанда чакан гидроэлектростанцияларын куруу" долбоорун ишке ашыруу дагы каралган.

Келишимге Кыргызстандын атынан өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын колдонуу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев жана Liglass Trading CZ, SRO компаниясынын директору Михаель Смелик кол койгон.

Чакан ГЭСтерди куруу боюнча документке ылайык, 2019-жылдын 30-декабрына чейин "Орто-Токой-1", "Орто-Токой-2", "Папан", "Чоң-Аксуу", "Кировская", "Карасуу левая-1", "Карасуу левая-2" чакан гидростанцияларынын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгып, аларды куруп ишке берүү каралган. Андан сырткары, 2020-жылдын аягына чейин "Сандык-1", "Сандык-2" жана "Сандык-3" чакан ГЭСтерин ишке берүү керек.

Инвестициялык келишимге ылайык, Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы Ак-Булуң ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадына Нарын-1 ГЭСин куруу үчүн Россиянын "Русгидро" компаниясына таандык 50 пайыздык акцияны алуу үчүн "Жогорку Нарын ГЭСи" ЖАКына 37 миллион доллар төлөшү керек.

Президент Атамбаев Европадан ири инвестициянын келип жатышы Кыргызстандын бизнести колдоого дилгир экенин жана эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

Жогорку Нарын каскадындагы гидроэлектростанциясынын курулуш иштери кыргыз-орус өкмөттөр ортосундагы келишимге кол коюлгандан, 2012-жылдын 20-сентябрынан кийин башталган. ГЭСтин кубаттуулугу 237 мегаватты түзөт деп болжолдонгон. Бирок 2015-жылдын аягында Кыргызстан келишимди жокко чыгарарын айтып, жаңы инвесторлор изделе баштаган. Келишимди денонсациялоо жарлыгына президент тарабынан 2016-жылдын 22-январында кол коюлуп, 9-августта документ жараксыз деп табылган.

Тема:
Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы менен болгон чыр (17)

Тема боюнча

Атамбаев Нарын ГЭС каскады жана Камбар-Ата ГЭС-1ге инвестор издөөнү тапшырды
Дүйнөлүк банк Бишкектин жылуулук тармагын оңдоого 400 миӊ доллар грант бөлөт
Белгилер:
келишим, ГЭС, Жогорку-Нарын каскады, Алмазбек Атамбаев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ