Далай-ламага жолуккан кыргыз. Жазуучу Кубатбек Жусубалиев жөнүндө 16 факт

© Фото / предоставлено Жамбы ДжусубалиевойКубатбек Жусубалиев Далай Лама менен. 2015-жыл
Кубатбек Жусубалиев Далай Лама менен. 2015-жыл  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Жазылуу
Кубатбек Жусубалиев – кыргыз адабиятындагы кызыктуу фигура. Бирөөлөр анын чыгармаларын жанталаша окуп, гениалдуу жазуучу деп макташат. Бир даары түшүнүү кыйын дешет. Себеби, ал көптөрдө жок таланты, ой-туюму, тереңдиги менен өзгөчө.

Биз бүгүн мына ошол кыргыз адабиятындагы өзгөчө сүрөткер тууралуу 16 фактыны сунуш кылабыз.

Алайдын Кердегей айылынын кулуну. Ал 1940-жылы (документтеринде 1941-жылдын 30-октябрында деп жазылып калган) жарык дүйнөгө келген. Туулган жери Кыргыз ССРинин Ош облусунун Алай районуна караштуу Жошолуу өрөөнүндөгү Кердегей айылы. Ошол туулган айылын өз атына кошуп Кубатбек Кердегей деп псевдоним да кыла койгон учурлары бар.

Кубатбек деген ысымдын сыры. Бул тууралуу жазуучу маектеринин биринде айтып берген.

"1939-жылы фин согушуна кеткен бул киши (атасы – М.А.). Атам согушка кеткенде мен апамдын боюнда калыптырмын. Финдер Советтик Армияны талкалап койгон кышты билесиң да. Ошол компанияга туш болуп, бечара чочконун этин жебейт экен. Этин бирөөгө берип, сорпосун көзүн жуумп туруп ичип алат экен. Ошентип ысык жактан барган неме карга сойлоп жүрүп өпкөсүн суукка алдырып алат. Командири бирөөнү кошуп берип, үйүнө жиберет. Үйгө бир солдат алып келген. Ал энеме айтат имиш. "Үйгө жетпейт бул, жолдо өлүп калат деди эле. Жакшы болуп кетсин эми" дептир. Кыргыз бала экен. Келсе апам ай-күнү жетип, төрөөрүнө эки-үч ай калган болот. Ошону күтүп жата бериптир. Эми 22 жаштагы жапжаш жигит да. Баса албайт, эшикке чыга албайт. Боз үйдө гана жатат. Жайлоого чыгышпай, суунун боюна боз үй тигип беришет экен. Энем айтып калчу: "Эшикке чыга албай калган. Бир күнү мен бээ саап жатсам эшикте турат. Мени карап колун жаңсап атат. Айланайын, айланайын, жакшы болуп калган окшойт деп чуркап келсем "мынавы наказиңиз эти ооруп атат" дейт. Кирсем апаң керегени кармап туруп сени тууп коюптур. Думугуп кала жаздапсың. Эптеп алып, сүйүнгөнүмөн "эркек экен", "эркек экен" деп кыйкырып ийдим", – дечү. Атам эртеси эле өлүп калыптыр. Ошондо айылдын кишилери чогулуп келип, эми ушуну кубат кылып жүр деп ат коюп беришкен экен".

© Фото / Ш. ДжекшенбаеваЖазуучу Кубатбек Жусубалиев Алайдагы үйүндө
Далай-ламага жолуккан кыргыз. Жазуучу Кубатбек Жусубалиев жөнүндө 16 факт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Жазуучу Кубатбек Жусубалиев Алайдагы үйүндө

Камбү кемпирдин "окуусунда" окуду. Баласы урушка кеткенде эле апасы Камбү ыйлай бериптир, уулу ал жактан кагындап келип, каза болгондо андан бетер ыйлаптыр. Ошентип көзүнүн жана башынын тамырлары кан басымга тушугуп, алар жарылып, акыр-кийин биротоло соолуп калган. Ал ортодо келини да кетип, бир үйдө жер сыйпалаган Камбү чоң эне кенедей Кубатбекти эш кылып отуруп калды. Ошол көзү азиз болгону менен көкүрөгү тунук аял баланы чымчыктайынан өзүнө имерип алып, жазуучу болууга, ойчул жана топуктуу адам болууга даярдап койду. "Ал энем тубаса жазуучу болчу" деп жүрдү Кубатбек Жусубалиев.

Старый блокнот и карандаш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2021
Бала кайгысы эзген, Навоини кыргызча сүйлөткөн. Сүйөркул Тургунбаев жөнүндө 13 факты
Мектепке жомок укканы гана барчу. Бала көзү азиз энесин айыл ичинде жетелеп жүрчү. Андан суранып мектепке барып келет. Окуусу өтө эле начар болгондой, жөн гана мугалиминин жомокторун укканы жөнөйт экен. А мугалими Исамамат агай болсо "Семетей", "Олжобай менен Кишимжан", "Кожожаш", "Жаныш-Байыш" сыяктуу дастандарды, а түгүл жазуучулар жазган "Күүнүн сыры", "Акылмандын жообу" дегендерди да жомок кылып айтып бере берчү экен. Ошол кезде жомокко кызыккан бала жекшемби күндөрү да мектепке барып алган кези болуптур. Кийин-кийин ал уккандары бойдон эле китептерин окубай туруп "Толубай сынчы", "Кожожаш" деген чыгармаларын жазып салган. Анын эсинде калып, биринчи окуган китеби "Алтын ачкыч жана Буратино жөнүндө жомок" деген китеп экен. Негизи ал бала күндөн эле шыктуу болуптур. Бир жолу Мадиш деген киши тууралуу "Мадиш жатат сулап, эгини жатат куурап" деп гезитке жазып ийиптир. Ошондо сугатчы Мадиш энесине "жетимиӊ мени гезитке чыгарып, уят кылды" деп арызданып келген экен. Ошол кездеги көпчүлүк балдардай эле эрте жетилип, колхоздо ар түрдүү жумуштарды аткарып жүрдү.

Турмуштун "университетинен" – Кыргыз мамлекеттик университетине. Көзү азиз энесинин батасын алып Фрунзеге окууга келип, ошол кездеги башкы окуу жайынын филология факультетине өтүп алат. Стипендия жетпегенине кайыл болуп, эч ким менен орусча сүйлөшө да албай, үңкүйүп китеп тиктеп отуруп, Чернышевский китепканасына барып "Иностранная литература" деген чет элдик жазуучулардын чыгармалары басылган журналдын бардык санын окуп чыгыптыр. Заратуштра, Будда, Христос, Мухамбет пайгамбар, Конфуций, Лаоцзы, Сократ, Ауробиндо, Вивекананда ж.б. ойчулдардын эмгектерин окуп, идеяларын өзүнө сиңдирүүгө жетишет. Батыштын классикалык адабияты жана СССР цензурасы тарабынан басылбай, кол жазма түрүндө тараган чыгармалар менен да таанышып чыгат. Ошол таасирлерден улам жазылган анын алгачкы "Тоолорго жаз кеч келет", "Жол боюндагы теректер" аттуу аңгемелери 1963-жылы "Ала-Тоо" журналына басылат.

© Фото / предоставлено Жамбы ДжусубалиевойКубатбек Жусубалиев 1940-жылы (документтеринде 1941-жылдын 30-октябрында деп жазылып калган) жарык дүйнөгө келген. Туулган жери Кыргыз ССРинин Ош облусунун Алай районуна караштуу Жошолуу өрөөнүндөгү Кердегей айылы.
Далай-ламага жолуккан кыргыз. Жазуучу Кубатбек Жусубалиев жөнүндө 16 факт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Кубатбек Жусубалиев 1940-жылы (документтеринде 1941-жылдын 30-октябрында деп жазылып калган) жарык дүйнөгө келген. Туулган жери Кыргыз ССРинин Ош облусунун Алай районуна караштуу Жошолуу өрөөнүндөгү Кердегей айылы.

Чыңгыз Айтматов жогору баалап, Сыдыкбековдун сынынан өткөн. Студент чагында бир чакан повесть жазат, "Күн автопортретин тартып бүтө элек" деген. Муну батышчыл адабияттын таасиринде, негизинен өзү көрүп-билгендерин ошол көрүп-билген тейде жазып таштаган. Кол жазманы көтөрүп алып даңазасы чыга баштаган Чыңгыз Айтматовго барат. Ал ортодо Фрунзе шаарында жаш жазуучулардын чоң кеңешмеси болуп калып, анда башкы докладчы Айтматов жогорудагы чыгарма тууралуу да кеп кылып, повесть кызык жазылганын, аны жазган жаш жигит таланттуу адам экендигин айтып мактап жиберет.

"Күн автопортретин тартып бүтө элек" повести кеңешмеде мактоого алынган соң ага Түгөлбай Сыдыкбеков да кызыгып калып, кол жазманы сурап алат. Авторун, узун бойлуу куркуйгун жигитти "Карагай" атап алат да, анын чыгармасын тез эле окуп чыгат: "Кадимки эле чоң эне, кадимки эле боз үй, кадимки эле ой-тоо, кадимки эле эшек жүрөт. Бирок ошолорду өзүнчө бир байкоо, өзүнчө бир көрүү менен жазган. Кыскасы, кыргыз адабиятында мурда жолукпаган ык бар экен. Бул жаңылык мага да жакты. Анан эми чочуй турган эч нерсеси жок экен. Бирин-экин ошол кездин талабы менен алганда жанагинтип бурулдап, дуулдап сынга алып коё турган деталдар бар экен. Анысын келгенден кийин ал-жайын сурап, таанышып олтуруп айттым. Повестке болгон пикиримди билдирдим. Талашып-тартышкан деле жок. Чатак деле салган жок. Жанагындай жаңжал чыгып кетчү жерлерин көңүлгө алды. Кыскасын айтканда, повестти чыгардык", — деп айтат Түгөлбай Сыдыкбеков. Белгилүү жазуучу 1964-жылы 22-июнда "Кубатбектин үнү" деген баш сөз да жазат. Ошол баш сөзү менен бул чыгарма 1964-жылы "Ала-Тоо" журналына жарыяланса, 1970-жылы орус тилинде "Литературный Киргизстан" журналында жарык көргөн. Ошол 60-жылдардын башында Кубатбек Жусубалиев тууралуу Москвадан да, Фрунзеден да мактоо сөздөр айтылып, жаш чагынан оозго алынат. Кийин Түгөлбай Сыдыкбеков менен өмүр бою ата-бала болуп жүрдү, улуу жазуучу жаш жазуучуга материалдык жактан да жардам берип тургандыгын, достору Кеңеш Жусупов, Мурза Гапаров, Салижан Жигитов болуп үйүнө ар дайым катташканын айтып калат.

Композитор Жумамүдүн Шералиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2021
Кыргыз обонунун атасы. Композитор Жумамүдүн Шералиев тууралуу 8 факт
Чоң-Алайда мугалим, Ошто журналист, Фрунзеде киноредактор. 1963-жылы жаш мугалимди Агартуу министрлиги өз жолдомосу менен эң алыскы аймакка – Ош облусунун Чоң-Алай районуна жиберет. Ал жерде бир жылдай Жекенди айылындагы "Кыргызстан" деген сегиз жылдык мектепте иштейт. Бир топ чыгармаларына, анын ичинде "Толубай сынчы" аңгемесине прототиптерди ушул жерден тапкан. Мугалимчилиги көпкө созулбайт, чыгармачыл адамды шаар, басма сөз өзүнө тартып туруп алат. 1964-жылы Ош шаарына келип "Ленин жолу" деп аталган партиялык гезитке адабий кызматкер болуп жумушка орношот. Ал жерден да кетип, Фрунзеге келет да, 1965-жылы "Кыргыз телефильм" киностудиясына редактор болуп иш баштаарда оңдуу болуп, Москвадагы Киночулар институтуна орун бөлүнүп, эки жыл жогорку киносценаристтер курсунун угуучусу катары киножазуучулардын чоң дүйнөсүнө кошулат.

Биринчи жана экинчи китеп. 1967-жылы "Күн автопортретин тартып бүтө элек" деген прозалык китеби Фрунзеден "Кыргызстан" басмасынан 110 бет көлөмүндө чыккан. Ага аталган повести менен бирге "Тоолорго жаз кеч келет", "Жол боюндагы теректер", "Эскерүү" аттуу үч аңгемеси кирген. Ошол эле жерден, ошол эле басмадан экинчи китеби – аңгемелери 1981-жылы "Толубай сынчы" деген ат менен 184 бет көлөмүндө жарык көргөн. Ага "Түш", "Кыш", "Шатыдагы балдар", "Жолборс эки уйду жыгып жатат", "Туулган күн", "Толубай сынчы", "Койчу жана жөө туман" аңгемелери, "Жижи үчүн жазылган жомоктор" түрмөгү кирген. Мына ушул эки жыйнактан кийин жыйырма жыл бою анын чыгармаларын басууга кимдир бирөө тыюу салгандай журналдарга да, китептерге да чыкпай калат. 1980-жылы "Гимн" деген аңгемеси кокусунан башкы редактору өтө кадыр-барктуу жазуучу Жунай Мавлянов болгон "Мугалимдер газетасына" жарыяланып кетет да, антисоветтик идеяларды таба койгондор ичинен күңк-мыңк айтып тим болот.

© Фото / предоставлено Жамбы ДжусубалиевойКубатбек Жусубалиевдин Кайлас тоосуна чыгып бара жаткан учурунан бир ирмем. (Тибет, Китай)
Далай-ламага жолуккан кыргыз. Жазуучу Кубатбек Жусубалиев жөнүндө 16 факт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Кубатбек Жусубалиевдин Кайлас тоосуна чыгып бара жаткан учурунан бир ирмем. (Тибет, Китай)

20 жыл "камакта жаткан" "Муздак дубалдар". "Күн автопортретин тартып бүтө элек" повестинин мактоолорунун күүсү менен жыйырма сегиз жашында, 1969-жылы "Муздак дубалдар" аттуу романын жазып салат. Советтик саясий идеологияга туура келбейт, сөздөрү ордунда эмес, сюжети жана композициясы чачкын, идеясы шектүү... дегендей сындар айтылат да, чыгарма жыйырма жылдан ашык автордун сандыгында жатып, 1990-жылы "Адабият" басмасынан китеп болуп чыгат. Ушундай эле жарлыктар тагылган "Амбарная книга" деген повести да 1987-жылы "Ала-Тоо" журналынын №8 санына – жазылгандан он жети жыл өткөн соң "Күздүн акыркы күнү" деген ат менен жарыяланат. 1985-жылдан башталган горбачевдук кайра куруунун желаргысы гана Кубатбек Жусубалиевдин жазгандарын окурмандары менен кездештирет.

Народный писатель КР Оскон Даникеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
"Кыздын сыры" менен багы ачылган Өскөн Даникеев. Жазуучу тууралуу 11 факт
Багы ачылбаган "Кожожаш мерген" киноповести. Кубатбек Жусубалиевдин "Кожожаш мерген" киноповести 1974-жылы жазылган. Ал боюнча кино тартылышы керек эле. Ана-мына деп кино тартылбай калат. Кожожош тууралуу Мар Байжиев "Байыркы жомок" деген драма жазып, сахнада коюлду, ошол эле автор Төлөмүш Океев экөө сценарийин жазып, Төлөмүш Океев эки сериялуу "Ак илбирстин тукуму" аттуу мыкты фильмин тартты (1984). Ошентип Жусубалиевдин "...мергени" багы ачылбай кала берет. Киноповестте автор элдик чыгарманын философиялык-этикалык маанисин бүгүнкү күнгө ылайыктап өтө тереңдеткен. Анда тумандын, асканын, тоонун, күкүктүн, кузгундун образдары символикалык мааниде чагылдырылган. Кубатбек Жусубалиевге мүнөздүү стиль: чечмеленбеген диалогдордун абдан жыштыгы, бир окуя баяндалып жатканда экинчи бир окуяга секирип кетүү, сансыз көп тынымдар, кыска сүйлөмдөр, ойго келбеген, күтүлбөгөн салыштыруулар менен метафоралар бул чыгармада да автору ким экендигин дароо эле таанытат. Повесть адегенде эле мындай сүйлөмдөр менен башталат:

"Тоолор жакындан да, алыстан да көрүнбөйт.
Чокусунан түзгө чейин туманга чулганган.
Тумандын түздөгү жээктери көйнөктүн этегиндей тептегиз.
Жер кара. Жаз. Асман ачык.
Аблетим аска.

© Фото / предоставлено Жамбы ДжусубалиевойКубатбек Жусубалиевдин бир топ күйөрмандары, алардын ичинде "Асаба" газетасы 2003-жылы "Жети сөз жана Конфуций" аттуу көлөмдүү китебин көп нускада чыгарып берди. Кыргыз китеп чыгаруу өнөрүндөгү полиграфиялык жактан мыкты бул китеп жазуучуну бир кыйла кеңири таанытты.
Далай-ламага жолуккан кыргыз. Жазуучу Кубатбек Жусубалиев жөнүндө 16 факт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Кубатбек Жусубалиевдин бир топ күйөрмандары, алардын ичинде "Асаба" газетасы 2003-жылы "Жети сөз жана Конфуций" аттуу көлөмдүү китебин көп нускада чыгарып берди. Кыргыз китеп чыгаруу өнөрүндөгү полиграфиялык жактан мыкты бул китеп жазуучуну бир кыйла кеңири таанытты.

Бирде бирөө айдагандай удургуган, бирде кайра жай, бир ордунан жылбай айланкөчөк уюлган, кыр ашып бараткан баш-аягы жок улуу көч сыңары чубулуп куюлушкан, топон суудай агылган жөө тумандан күңгүрөнгөн аска көрүнбөйт". Мына ушул жөө туман повесттин башынан аягына чейин окуяларды коштоп жүрөт, ал доордун, ошол доордогу жашаган Кожожаштын, анын кылган иштеринин символу. Чыгарма да жогорудагыдай чолок сүйлөмдөрдөн куралган. Анда элдик чыгармадагы Сур эчки менен анын улагы Алабаш киргизилген. Кожожаштын образын толуктоо үчүн Көкбөрүчү Эргештин бейнесин түзгөн. Повестте элдик дастанга эркин мамиле кылынган, автор чыгарманы баштан-аяк кайра айтып берүү максатын көздөбөйт, негизги нерсе – Кожожаштын философиясын, байыркы наркын азыркы окурманга өз стили, өз кабылдоосу менен жеткирет. Акыры бул чыгарма 1991-жылы "Ала-Тоо" журналынын №9 санына – жазылгандан он жети жылдан соң гана жарык көрөт.

Кердегейдеги жүрөгү түнөк тапкан үйү. Жазуучу Бишкектин 7-кичирайонунда жашаган үйүн калтырып, Алайга – Кердегейине кетип калды. Кызыл аскага жабыштырып бышкан кызыл кыш менен там салды. Энеси экөө жашаган эски үйдүн түркүгү менен торсундарды тиретти, тоодон тапкан таштарды тизип, айбанга чыгар-түшөр тепкич кынады, там аркасына өрүк, алма, карагат, жүгөрү экти. Эч бир каражаты жок эле үйүн баштап, анын бүтүшүнө өзү айткандай "хозяин" Мелис Эшимканов жардам берди. Анын бул үйүнө жазуучуга жолугуу үчүн көптөгөн адамдар барып турат. Кытайлык аалым Макелек Өмүрбай жазуучуну жогору баалап, аны жуңголуктар "олуя" дейбиз деп Кердегейге барып келсе, Мелис Эшимканов "Мен Кудайдан жана Кубатбек акеден гана корком" деп алдына зыярат кылып келген. Зинакан Пасаңова, Олжобай Шакир, Мамат Сабыров, Эрнис Асек уулу, Канымгүл Элкеева ж.б. журналисттер анын дал ошол Алайдагы үйүнөн туруп маектешип келип, аларын элге жарыялашкан. Ал үйдөгү шыргыйдай узун даанышманга чет өлкөдөн атайын жолугуу үчүн келгендер да болду.

© Фото / Жамбы ДжусубалиевойМургабга барган учур. 2014-жыл
Далай-ламага жолуккан кыргыз. Жазуучу Кубатбек Жусубалиев жөнүндө 16 факт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Мургабга барган учур. 2014-жыл

Жети сөзү. Кубатбек Жусубалиевдин бир топ күйөрмандары, алардын ичинде "Асаба" газетасы 2003-жылы "Жети сөз жана Конфуций" аттуу көлөмдүү китебин көп нускада чыгарып берди. Кыргыз китеп чыгаруу өнөрүндөгү полиграфиялык жактан мыкты бул китеп жазуучуну бир кыйла кеңири таанытты. Андагы "жети сөз" кайсыл дегенде, Кубатбек Жусубалиев "Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба" деген жети сөздөн турган ушул макал экенин, кыргыздын бүт философиясы, жашоонун маңызы, этика-эстетикасы ушул жети сөзгө байланганын айтып, ушуну эле идеология кылып алыш керек деп жүрөт.

Токтогул Сатылганов менен Александр Затаевичтин скульптурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2021
Кыргыздар кыр көрсөтүп, казактар баалап. Музыка жыйноочу Затаевич жөнүндө 9 факт
Хоббиси жана тамак-ашы. Ал түрдүү жерден түрдүү таштарды жана суунун жээгинен агып келген кандайдыр бир сөлөкөткө окшоп калган агындыларды жыйнаганды хобби калып алган. Байыркы бабалардын жерин көрөбүз деп 39 жашында досу Кеңеш Жусупов болуп Алтай, Хакас, Тува жерлерин кыдырат, Эне-Сайдын башталышына – Тожу аймагына чейин барып кайтат. Бул чөлкөмдөргө эки жыл удаа барат. Бир кезде Эрнест Хемингуэйдин жазгандарына, Вильям Шекспирге, анын "Гамлетине" кызыгып жүрдү. Анан Лев Толстойду, Василий Шукшинди окуду, кийин америкалык Жером Дэвид Сэлинжердин "Над пропастью во ржи" деген чыгармасын жата калып, тура кылып окуду. Кырк жашынан бери эт жебейт, эртең менен кофе ичет, жаңгак, мейиз, анын чөп-чар жейт, суу ичет, шарап ичпейт, тамеки тартпайт, кымызга жок. Жалгыздыкты жактырат, үйүндө, там аркасында жылаңаяк басат. Шаарда жөө жүрөт. Сүт ичет. Чыгармаларын мурда машинкада басчу, компьютер да үйрөнгөн, бирок көбүнчө калем сапты сыяга малып кол менен жазат.

Далай-ламага жолуккан кыргыз. Кызы Жамбы менен Дхарамсала аймагына, Далай-ламага – буддисттердин лидерине жолугуу үчүн барган. Булардын келгенин угуп, Далай-лама туугандарындай кезексиз кабыл алып, башкалардан артыкча көп убакыт бөлүп сүйлөшүптүр. Акырында кыргыз жазуучусуна орус, англис тилдеринде чыккан ондой китебине кол тамгаларын коюп белекке бериптир. Дал ушундай эстен чыккыс жолугушуусу кытайлык манасчы Жусуп Мамай менен да болгон.

© Фото / предоставлено Жамбы ДжусубалиевойКубатбек Жусубалиевдин "Кожожаш мерген" киноповести 1974-жылы жазылган. Ал боюнча кино тартылышы керек эле. Ана-мына деп кино тартылбай калат.
Далай-ламага жолуккан кыргыз. Жазуучу Кубатбек Жусубалиев жөнүндө 16 факт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Кубатбек Жусубалиевдин "Кожожаш мерген" киноповести 1974-жылы жазылган. Ал боюнча кино тартылышы керек эле. Ана-мына деп кино тартылбай калат.

Жазуу түйшүгү, акын жана актерлук. Студент кезде алгач чыгарма жазчумун деп отуруп "Тоого жаз кеч келет" деген аңгемесин кайра-кайра оңдоп үч жыл жаза албай коёт да, анан Чоң-Алайга мугалим болуп барганда кыштын бир узак түнүндө эле бүт бүтүрүп салыптыр. "Муздак дубалдар" романын жазып жатканда бир суткеде 18-19 сааттан иштеп, дароо эле машинкага басыптыр. Кийин беш-алты жерин эле бир аздан оңдогон экен. "Толубай сынчыга" кирген аңгемелери да, "Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат" романы да бир дем менен жазылгандай. Анын жазгандарынан кыргыз төкмөлөрүнүн ыргагын байкоого болот. Өзүнүн жакшы көргөн чыгармалары "Акындардын пири секелек сары кыз шатысы бийик үйдө жашайт", "Шатыдагы балдар", "Кар" аңгемелери экендигин айтканы бар. Ыр жазат, киного тартылган. Поэзиясы да элдикине окшобойт: орусча, кыргызча, уйкаш, бейуйкаш болуп кете берет. Түшүнүү кыйын. Аларды жалпысынан "Одинокие заметки" ("Авангардические стишки") деп атады. Чыңгыз Айтматовдун "Атадан калган туяк" аңгемесинин негизинде тартылган "Солдатёнок" деген фильмде фотографтын ролун да аткарган өнөрү менен жалпы журтка таанылган. Баса, наам да өзү келди. Кубатбек Жусубалиев башка жазуучулар сыяктанып көрүнгөн жерден наам, сыйлык сураган жок, берем дегендерди да кагып жиберчү. 2019-жылы Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзу демилге кылып, ой-боюна койбой Кыргыз эл жазуучусу деген наамды алып берди.

Үй-бүлөсү. Аялы Клара Юсупжанова белгилүү кинорежиссер жана актриса, Ат-Башынын Кара-Суу айылынын кызы. 1940-жылы туулган. "Аптап", "Биринчи мугалим", "Жоош кыз", "Квартирант", "Көздүн кареги" аттуу фильмдерде супсулуу болуп, анча чоң эмес ролдорду аткарган. Өзү "Оштук тигүүчүлөр", "Саламатсыңбы, жайлоо", "Кымыз", "Койчу жана жөө туман", "Шаар", "Жолборс эки уйду жыгып жатат", "Өрөөн жана адамдар" жана башка документалдык жана хроникалык фильмдерди тарткан, булардын бир тобунун сценарийин күйөөсү жазган. КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер. 2006-жылы 66 жашында каза болуп, сөөгү Байтик айылына коюлду. Экөөнүн кызы Жамбы Жусубалиева телекомментатор, философ-окумуштуу, Парижде окуган, көп тил билет, Борбор Азиядагы Америка университетинде иштейт, Сорбонна, Гарвард сыяктуу дүйнөнүн эң алдыңкы окуу жайларынан билим алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0