Бешик-Жон айылынын уулу. Сүйөркул Тургунбаев 1940-жылдын 12-июнунда азыркы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караган Бешик-Жон деген айылда туулган. Бул жер айтылуу Акман айылынан тоо тарапка кеткен тилкеде жайгашкан. Бала чагында жетим калып, 7-класстан кийин Базар-Коргондогу интернатта окуйт. Ошол жерде аны-муну жаза койгон баланы Алтынбаев аттуу мектеп директору жакшы көрүп, агасына айтып, колу жука агасы коюн сатып, жүз сом колуна карматып, Жалал-Абаддан Фрунзенин учагына салып, бактысын кудайдан тилеп кала берет. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирип, ал жерде беш жыл окуйт. Ортолукта, III курста Кызыл-Кыяга барып, үч ай мугалимчилик кылып, балдарга орус тилинен сабак берип да келет.
Бааланбай калган алгачкы эки китеби. Жаш акындын жупкадай жука биринчи китеби балдарга арналган ырлардан турган "Бизде баары сүйлөйт" деген ат менен 1966-жылы басылган. Андан кийин "Салам, жаш өмүр" деген жыйнагы 1967-жылы жарык көргөн. Бул эки китеби окурмандар чөйрөсүндө да, адабий сында да көп сөзгө алынган эмес.
Адабий чөйрөгө тааныткан жана өгөйлөттүргөн "Кечки троллейбус". Мындай аталыштагы ыр китеби 1969-жылы чыккан. Кыргыз жаштар поэзиясына жаңы ысым келгенин демонстрациялаган бул кибиреген китеп чын эле улуттук адабиятыбыз жаңы нукка бурулуп жаткандыгын, жаңы окурман үчүн жаңы ойлорду, заманбап формаларды табууга куштарлык ички кыртыштан да өнүп чыкканын өзгөчө бөлүп көрсөттү. Ошол жылдарда орус адабиятында Е. Евтушенко, Р. Рождественский, Б. Ахмадулина, Ю. Кузнецова, А. Вознесенский ж.б. "эстрадачы" акындар концерттик залдарга, аянттарга, көчөлөргө чыгып алып, башкача бир ырларын окуп дүңгүрөтүп турган. "Акындарга бергиле жайлоолорду, акындарга бергиле түрмөлөрдү, акындарга бергиле аскар тоону, акындарга бергиле мейкиндерди, деңиздерди бергиле акындарга, бүт ааламды бергиле акындарга!" – деген тургунбаевдик стиль чынында эле өзгөчөлүү болгон. Дал ошол өзгөчөлүк, элге окшобогондук анын китеп чыгаруу ишине кедергисин тийгизди. "Кечки троллейбуска" көп ырларын коштурбай коюшкан, анысы чыккандан кийин да басмалар анын ыр китептерин он жыл бою планга киргизбей кармап жүрдү.
Ош тополоңунда ортодо калган. 1990-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун проректору Жээналы Шериевдин чакыруусу менен аталган окуу жайына жолугушуу үчүн барат. Жолугушуу ийгиликтүү өтөт. Кайра кайтар кезде этникалык кагылыш болуп кетип, акын калаймандын ортосунда калат жана бул трагедия эмнеден улам от алганын дароо эле окуянын күбөсү катары жазып, айтып чыгат.
Бала кайгысы жана ырдын жаралышы. 1977-жылы акындын турмушунда оор кайгы болду. Жети жашар тун уулу Жангарач Аламүдүн сайындагы көлмөгө чөгүп кетти. Ааламат күндө калган акын өз арманын ырга айтып, "Бала жөнүндө ыр" аттуу чыгарма жазды. Жеке кайгысын ушунчалык терең берген бул чыгарма кыргыз поэзиясында поэма-элегиянын эталону катары далай окурмандарды ыйлатты.
"Алишер Навои бабабыз мындан 550 жыл мурда падыша Хусейин Байкаранын тушунда анын оң кол увазири, Самаркандын эмири катары сиздердин араңыздарда жашап, "Куштардын тили", "Лайли менен Мажнун", "Фархад менен Ширин" сыяктуу дастандарды жана тасафуф жолундагы көөнөрбөс улуу казалдарды жараткан. Араб тили менен фарс тили үстөмдүк кылып турган ошол заманда бардык түрк тилдүү элдердин өкүлү катары жогоруда аталган улуу чыгармаларын көшөрүп түрк тилинде гана жазуу менен түрк элдеринин адабияты менен маданиятынын өркүндөп-өсүшүнө өбөлгө түзүп, мартабасын арттырган. Азыр ошол түрк тукумдары ыркынан кетип, бири-бирине бычак кайрап жаткан учурда (90-жылдагы Ош окуясын эске түшүрө) Алишер бабабыздын арбагы бизди эсиңерге келгиле деген таризде бүгүн Самарканга чогултуп отурат", – деп келип, акындын казалынын кыргызча котормосун окуйт.
"Мен кан жутуп бул жахандан бир асыл жан издедим, лекин аны таппай сыздап азап даамын искедим", — деген саптар жаңырат. Кечеден кийин самаркандык коңурат кыргыздар атайын басып келишип, акындын колун кысып, ыраазычылык билдирген.
Монгол араттарынын ырын мыкты которуп берген. Тургунбаев котормо өнөрүндө да өз талантын көрсөтө алды. Анын котормосунда кыргыз окурмандары А. Навои, Б. Машрап, К. Шаакерим, Букар жырау, Сүйүнбай Арон уулу, Магамед, Бердак, М. Шаханов, М. Канот, Я. Шиваза сыяктуу чыгыш акындарынын жана Э. По, Рильке, М. Лермонтов, В. Маяковский, Е. Евтушенко, А. Вознесенский өңдүү батыш классиктеринин ырлары, монгол элдик поэзиясынын берметтери менен таанышкан. Батыш жана Чыгыш классикасынан, араттар деп аталган монгол дыйкан жана малчыларынын фольклорунан тартып, замандаш калемгерлерге чейин ар түрдүү улуттагы, ар кыл адабий багыттагы, стилдеги акындарга кайрылуу ал үчүн теңдешсиз билимкана, өнөркана мектеп болсо, окурман үчүн эбегейсиз олжо болгон. Анын котормосундагы "Араттар ыры" жыйнагы кыргыз адабият таануусунда өзгөчө котормо катары белгиленип жүрөт.
Үй-бүлөсү. Жубайы Гүлүмкан Имашова Ысык-Көлдүн Тоң районуна караган Кара-Шаар айылынын кызы. Көп жыл энциклопедиянын башкы редакциясында иштеди. Ошол Тоңдун "Айкөл" чарбасынын жетекчиси, айтылуу саяпкер жана экс-депутат Замир Мукашов менен акын Роза Мукашова Сүйөркул Тургунбаевге көп жыл каралашып жүрдү. Акындын бир уулу жети жашында сууга чөгүп кетсе, бир кызы элүү эки жашында жаман дарттан каза тапты, байбичесинен да айрылып, кенже уулдун колунда калды. Жаштегин аттуу баласы ушул тапта Диарбакыр университетинде иштейт, Түркияда кадыр-барктуу илимпоз доктор.
Акындын чыгармачылык жолу изилдөөгө алынды. Анын чыгармачылыгы тууралуу Кадыркул Даутов, Омор Сооронов, Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов, Калыбек Байжигитов, Жамгырбек Бөкөшев, Кадырбек Матиев, Эсенбай Нурушов, Самсак Станалиев, Бекташ Шамшиев, Абдыкерим Муратов, Түмөнбай Колдошов ж.б. адабиятчылар изилдөө макалаларын жазды, Венера Калматова "Сүйөркул Тургунбаевдин поэтикалык дүйнөсү" деген темада кандидаттык диссертациясын коргоду.