Бул киши Фрунзеге келип, атактуу акын Токтогул Сатылгановду башкалар менен бирге отургузуп сүрөткө тартып, улуу акын кандай болгондугун урпактарына мурас кылып өткөрүп берген. Биз бүгүн опол тоодой эмгегин унутта калтырсак да тарых эстетип турган музыка таануучу Александр Викторович Затаевич тууралуу 9 факт сунуштайбыз.
Болхов шаарында жарык дүйнөгө келген. Александр Викторович 1869-жылы 8 (20)-мартта Россиянын Орёл губерниясынын Болхов шаарында туулган. Орёл кадеттер корпусунда (аскер окуу жайы) музыка тармагында окуп, 1886-жылы Полоцк шаарына кызмат кылууга жиберилет. Дал ошол жерде бош боло калганда музыка менен шугурланып, өз талант-шыгын ушул өнөр тармагында ачат.
Улуу композитор Сергей Рахманинов менен байланышы. Ал 1896-жылы атактуу композитор Рахманинов менен таанышып калат. Орус музыкасынын символу катары эсептелген пианист жана композитор Сергей Васильевич жаш кадеттин пьесасы менен таанышып, анын басылышына жардам берет. Кийин Рахманинов "Алты музыкалык абал" деп аталган фортепианалык түрмөгүн Александр Викторовичке арнаганына караганда экөө аябай жакшы болгон деп болжолдоого болот.
Польшадагы күндөр. 1904-1915-жылдарда ал Варшавада кызмат кылат. Кызмат арасында "Варшавский дневник" деп аталган музыка таануу газетасына миңден ашык макала жазып, аларда орус, польяк жана жалпы эле европалык композиторлордун жана аткаруучулардын чыгармаларына талдоо берген, сын айткан. Дал ушул он бир жыл ичинде польша фольклорунун мурастарын жазып жүргөн, а түгүл Варшава консерваториясынын кеңешинин мүчөсү болууга жетишкен.
Атактуу француз жазуучусу Ромен Ролландын ыраазычылыгына татыган. Бетховен тууралуу жазылган "Жан Кристоф" романынын автору Ромен Роллан жазуучу гана эмес, музыканын тарыхын изилдөөчү да болгон. Александр Затаевич ага казак фольклору тууралуу нота китептерин жиберген. Ромен Роллан болсо ага 1926-жылы биринчи жана 1929-жылы экинчи катын өзү жашаган Швейцариянын Вильнев шаарынан жолдогон. Биринчи катында туулган күнүнө карата жиберген "1000 песен киргизского народа" деген китеби жана кыргыз темасындагы (ал кезде казактарды кыргыз дешкен – М.А.) өзүнүн композициялары үчүн ыраазычылык билдирген. Аксак-Кулан уламышына өзгөчө кызыкканын айткан. Үчүнчү катын 1935-жылы 29-июнда Москвадан салган. Ошол жылы жайында экөө Максим Горькийдин Горкидеги дачасында көзмө-көз жолугушкан. Алардын музыка боюнча пикирлерине пролетариаттын улуу жазуучусу да көбө болуп турган. Француз жазуучусу Ромен Роллан музыка жыйноочу Александр Викторович жиберген казак-кыргыз элинин музыкалык чыгармаларынан өтө таасирленгенин айтып, "сиз мага белгисиз элдердин музыкалык дүйнөсүн ачып бердиңиз" деп ыраазычылык билдирген.
Кыргыз ыр-күүлөрүнүн экинчи тагдырын ачуу. Ошол келишинде таланттуу музыка таануучу Александр Викторович ачарчылыкка, жугуштуу оорунун каптап турганына, суукка карабай Фрунзенин Кызыл-Аскер көчөсүндө жайгашкан бир үйдө отуруп Муратаалы Күрөңкеевден тарыхы менен коштолуп айтылган комуздун, кыл кыяктын, чоордун – 51, Карамолдо Орозовдон комузда аткарылган 31 күүсүн нотага түшүрүп алат. Ал эле эмес, дурус ырдайт деген кишилерди ырдатып туруп, жазуучу Касымаалы Жантөшевден – 12, акын Абдырасул Токтомушевден – 5, адабиятчы Токчоро Жолдошевден, журналист Насырымбек Жаналиевден, дагы Абике Дыйканбаевден, Султан Кочкорбаевден, Кожокан Рахматовдон ж.б. бир топ кишилерден элдик ырларды ырдатып, аларды нота менен жазып алган. Жаздыргандардын ичинде жаш композитор Абдылас Малдыбаев да болгон.
Токтогул Сатылганов менен кездешүү. 1928-жылы эстетикалык табити абдан жогору адис Александр Затаевич Фрунзеге келип, акындар жана комузчулар менен жолуккан кезде Кетмен-Төбөдөн Токтогулду да чакырып келишет. Кетмен-Төбөдөн Жолой Боогачыев, Абдырасул, Токтогул Сатылганов – үчөө аттанат. Баргандын эң эле утушу – үчөөнү фотого тартышат да, ошол фото тарыхта Токтогул Сатылгановдун жапжалгыз сүрөтү болуп калат, кийин айкелчилер жана портретчилер ошол сүрөткө таянып акындын образын ачып көрсөтөт.
Мына ушул келиште жазып алган 250 күүнү жана обонду 1934-жылы Москвадан китеп кылып чыгарып, профессионал музыка дүйнөсүнө тараткан.
Казактардын сыйы, кыргыздардын кыр көрсөтүшү. Александр Викторович Затаевич да 1936-жылы Москва шаарында каза табат. Казактар ага 1923-жылы эле "Казак эл артисти" деген ардактуу наамын ыйгарган. 2019-жылы Өзкемен, 2021-жылы Алматы, Нур-Султан, Караганды шаарларында бирден көчөгө ысымын ыйгарган, ал жашаган жана иштеген Оренбург шаарындагы Николаев аялдар институтунун башкы корпусунун имаратына эстелик тактайын орноткон. А кыргыздар болсо улуу мурастарыбызды сактап берген кишини унуткандай кыр көрсөтүп турабыз, балким бул азырынча эледир...