22:33 01 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
218 0 0

Жазуучу, прозаик Калканбай Ашымбаев 1932-жылы 10-сентябрда Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылында жарык дүйнөгө келген.

Мектепти аяктагандан кийин 1952-жылы Каракол шаарындагы педагогика институтун, 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. Жыйырма жашынан баштап мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, билим берүү тармагында эмгектенип, 25 жашында "Атасы айыктырды" аңгемесин "Ленинчил жаш" журналына жарыялаган.

Душманын баалай билген киши гана жоону жеңет. Султан Раевдин кеп казынасы

Кийинки жылдары жаш агартуучу "Ленинчил жаш" гезитинде адабий кызматкер, "Мугалим" гезитинде бөлүм башчы, "Кыргызстан маданияты" гезитинин улук кабарчысы болуп, "Ден соолук", "Чалкан" журналында редактор кызматын аркалап, 28 жашында СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгонго жетишкен.

Кыргыз алданса алып түшөт же көктүгүнөн өлүп берет. Мар Байжиевдин нускасы

Калемгердин чыгармаларында улуттук нарк-насил, үрп-адат, тарбиялык маани жогору болгондуктан Билим берүү жана илим министрлиги айрым чыгармаларын окуу программасына киргизген.

Улуу устат "Эл агартуунун отличниги" төш белгиси, "Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери" ардактуу наамдарын алып, Ишенаалы Арабаев атындагы университетинин ардактуу профессору.

КРдин эл жазуучусу өзүнүн чыгармачылык жолунда 21 роман-повесть, 300дөн ашык очерк, публицистика, фельетондорду жазган.

Жойпу түлкү бал тилге салат. Акын Жусуп Турусбековдун кеп казынасы

Согуштун ардагери жеке жашоосунда байбичеси менен беш баланы тарбиялап чоңойтуп, азыр ал уул-кыздарынын урматында.

Sputnik Кыргызстан агенттиги прозаиктин чыгармаларын барактап, окурмандарга нуска болчу сөздөрүн чогултту.

***

Өлчөп жеген өмүр табат, өлчөмдөн ашканы азапка салат, ар иште чийинден чыккан — өзүн өзү шорго жыккан.

***

Салабаттуулук салмактуу сөзүнөн, сапаттуу ишинен баамдалат.

***

Кызмат эртең эле табылат, үй-бүлө, жакшы аял жана бала. Булар турганда алтын-күмүш — жөн салды өлүү, опосуз көр дүйнө.

***

Жакшылык эч качан дооланбайт жана соодаланбайт.

***

Эр жигит эли үчүн кара жанын курмандыкка чалат, көр жигит калк башына кайгы салат.

***

Дил тазармайын кан тазарбайт, бийлик тазармайын коом тазарбайт.

***

— Ээ, иним, атасы жаман алакилең болот, энеси жаман эгерим оңолбойт деген кеп бар, атасы жаман болуп, энеси мыкты болсо, элди сыйлаганга жарайт, атасы зирек тартып, энеси мылмык болсо, улууну көрсө уңкуят, уяттан кетип дуңкуят, уламалуу сөзгө кулагы керең, көөдөнү дүлөй болот да "жатыны жаман" деген наалатка калат.

***

Намыс-арды коюп, бирөөлөрдүн колтугуна кирип, күнүмдүк олжого жана мансапка кумар туткандар бар. Буларга утурумдук жашоо бейиш өңдөнгөн менен түбөлүгү кейиш. Ал эми абийриңе чаң жугузбай, азыноолак тапкан-ташынганына каниет этип жашагандарга күнүмдүгү куурал өңдөнгөн менен түбөлүгү жыргал. Бакытка барчу кыска жол жок, анын акыр жагында сормо саз жатат.

***

Жамандын жанында өткөн өмүр — уйпаланган гүл, ылайлаган булак, кыроо чалган шибер.

***

— Балам, карыдан жаш сурабай, кеп сура, узак жашап тирүүсүндө унутулгандар бар, кыска жашап кылым бою калк жүрөгүндө калгандар бар. Буларды айра албасаң, өмүрүң сая кеткени.

***

Түрмөнүн эшиги да темир торлуу. Анткени анын нары жагында алтын баштуу эрлер жатат. Алар өз башын сары темирден төмөн санагандар. Ал эми темир каалга жасаткандар өлүү дүйнөнү адамгерчиликтен бийик койгондор, булар мейманды аз күтүшүп, ууруну арбын чакырышат. Ал эми темирден коргон курдуруп, алтынын көрүстөндүн үстүнө зарптагандар бар, булар күнөөсүн ошону менен жаап-жашырып, түбөлүккө унутулбай калыштын амалын ойлогондор.

***

Акыл бир эле күндө быша койбойт. Ал тер менен өнүп, жаш менен сугарылып, күлкү менен орулуп алынат. Акылды күзгүдөн эмес, китептен издейт.

***

Мезгил агымында калк өмүрү менен доор сели жуурулушуп, өзөнгө куйган дарыя сымалданат. Дал ошол учурдагы адамдардын жашоо-тирлиги, ой санаасы, максаты жана өлкөсүнө сарптаган өмүрү доор күзгүсү делинет. Доорго татымдуу эмгек эткендерден нарк жана салт калат эмеспи.

Тема боюнча

Жойпу түлкү бал тилге салат. Акын Жусуп Турусбековдун кеп казынасы
Душманын баалай билген киши гана жоону жеңет. Султан Раевдин кеп казынасы
Кыргыз алданса алып түшөт же көктүгүнөн өлүп берет. Мар Байжиевдин нускасы
Белгилер:
Кыргызстан, жазуучу, кеп казына

ЭҢ МААНИЛҮҮ