БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Таиландда өтүп жаткан "Дүйнө сулуусу — 2018" сынагына Кыргызстан катышып жатат. Өлкө атынан Бегимай Карыбекова чыкты.
Аталган сынак эң престиждүү конкурстардын бири катары эсептелип, "Дүйнө сулуусу", Интернационал сулуусу" жана "Жер сулуусу" сынактары менен "чоң төрттүккө" кирет. Бьюти жарышка катышуу үчүн Бангкокко 95 мамлекеттен келген бийкечтер топтолду.
26-ноябрда башталган сынак эки жумадан бери өтүп жатат. Бул убакыт аралыгында катышуучулар фотосессия, кайрымдуулук акциялары жана башка иш-чараларга катышууга үлгүрүштү.
Мисалы, кыргызстандык бийкеч Бангкокто өткөн мода көргөзмөсүнө чыкты. Ал социалдык тармакка сүрөтү менен бөлүшкөн.
Карыбекова көк түстөгү узун шлейфи бар көйнөк кийип чыккан.
Ага чейин сулуулар купальник кийип фотоссесияга тартылган.
Сынактын финалы 17-декабрда өтөт. Кыздар катуу даярданып жатышат.
Башкы наамды жеңген бийкечке учурдун дүйнө сулуусу түштүк африкалык Деми-Ли Нель-Петерс таажы кийгизет.
Сүрөттө кыргызстандык Карыбекова учурдагы дүйнө сулуусу менен.