17:22 23 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Бишкектеги ресторандардын биринде “Кыргызстан сулуусу – 2018” расмий сынагы болуп өттү

Кыргызстандын эң сулуу бийкечи тандалды. Сүрөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
1255 0 0

Сынакта өлкөнүн чар тарабынан келген 25 кыз ат салышты.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкектеги ресторандардын биринде “Кыргызстан сулуусу – 2018” расмий сынагы болуп өттү. Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган. 

  • Бишкектеги ресторандардын биринде “Кыргызстан сулуусу – 2018” расмий сынагы болуп өттү
    Бишкектеги ресторандардын биринде “Кыргызстан сулуусу – 2018” расмий сынагы болуп өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Конкурстун жыйынтыгында калыстар тобу Жалал-Абад облусунун атынан чыккан Элмира Буранбаеваны жеңүүчү деп тапты
    Конкурстун жыйынтыгында калыстар тобу Жалал-Абад облусунун атынан чыккан Элмира Буранбаеваны жеңүүчү деп тапты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Ага таажы кийгизилип, “Дүйнө сулуусу” сынагына катышууга жолдомо берилди.
    Ага таажы кийгизилип, “Дүйнө сулуусу” сынагына катышууга жолдомо берилди.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 3
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкектеги ресторандардын биринде “Кыргызстан сулуусу – 2018” расмий сынагы болуп өттү

Сынакка өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 25 бийкеч катышты. 

Конкурстун жыйынтыгында калыстар тобу Жалал-Абад облусунун атынан чыккан Элмара Буранбаеваны жеңүүчү деп тапты. 

Ага таажы кийгизилип, “Дүйнө сулуусу” сынагына катышууга жолдомо берилди. 

Биринчи вице-мисс Бегимай Ивакова болсо, Шахзода Балтабаева экинчи, Арууке Ниязбек кызы үчүнчү вице-мисс аталды. 

Белгилей кетсек, 2014-жылы улуттук конкурстун уюштуруучуларынын ортосунда пикир келишпестик чыгып, бир эле аталыштагы эки сынак өткөрүлө баштаган. Расмийи “Дүйнө сулуусу” сынагына лицензия бере алат. Конкурстун былтыркы жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова быйыл “Аалам сулуусу” сынагына биринчи жолу Кыргызстандын атынан чыгат. 

Ушундай эле аталыштагы конкурсту Рыскүл Намазбекова уюштуруп келет. Сынактын финалы 5-ноябрда өтүп, 22 жаштагы Айжан Жеңишова жеңүүчү аталган.

Тема боюнча

Бишкекте эң сулуу кыргызстандык бийкеч тандалды. Конкурстун видеосу
Белгилер:
сулуулук сынагы, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ