05:41 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8030
  • EUR77.3278
  • RUB1.0452
Известный акын, заслуженный артист КР Аалы Туткучев

Аткаминерлерди сындап ырдабас болдум. Казак акындары Аалынын айласын кетиргенде

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Айтурган Сатиева
17445212

"Айланайын Ашыке, алабарман жоргодой, жүрүшүм качан оңолот? Айтыш фондго мени да, кошуп алсаң не болот?" деп ырдап, өзүнүн өнөр жолуна чыйыр салган КРдин эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучев биздин редакциянын коногу болду.

"Ырдап бер деп эмес, сүйлөп бер деп чакырдыңар, комузу жок келип калдым" деп акын жылмая редакциябыздын босогосун аттады. Маектешим өзгөчө өлкө, өнөр жөнүндө сүйлөгөндө жалындап күйсө, үй-бүлөсү тууралуу айтканда жүзүнөн жылмаюу сезилип, атасы тууралуу эскергенде терезени тиктеп, улутуна оор сүйлөп отурду. 

Известный акын, заслуженный артист Кыргызстана Аалы Туткучев во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
КРнын Эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Аалы Туткучев 2015-жылдан бери "Эл ырчысы Эстебес" тобун жетектейт

— Аалы, сиз "Эл ырчысы Эстебес" тобуна жетекчи болуп келгени бир нече ирет концерт берип, алар аншлаг менен өтүп, топтун өзгөчө бир эргүү менен иштеп жатканы байкалат. Алдыда кандай пландарыңар бар?

Акын Аалы Туткучевдин архивдик сүрөтү
© Фото / предоставлено Аалы Туткучевым
— Чынында топтун жамааты катуу эмгектенип жатат. Жөн эле эл чакырып ырдап койбой театралдаштырып, элге сунууга аракеттендик. Бирок биз али көп нерсе жасай элекпиз. "Эл ырчысы Эстебес" тобун бүткүл Кыргызстан тааный элек. Биз чырыбыз менен эмес, ырыбыз менен, согушубуз менен эмес комузубуз менен, өлкөнү тоногон хандарыбыз менен эмес, өлкөгө таанымал балдарыбыз менен мекенибизди чет жактарга таанытуубуз зарыл. Быйыл өлкө башчыбыз да аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялабадыбы. Тээ союз убагындагы салтты жандантып, эл менен театр ортосундагы диалогду кайрадан түзүп келели деп максат кылуудабыз. Буйруса ушул ай ичи ары жагы Ош, Алай, бери жагы Нарын, Ат-Башы, Талас, Ысык-Көлдү кыдырабыз. Театралдаштырылган концерт болгондуктан декорациябыз менен кошо жүрөбүз. Жамаатыбыз 14 кишиден турат. Андыктан чыгымыбыз да көп болот. Биз өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз, андыктан колдоо көрсөтөм дегендер болсо кубанат элек.

— Топко жетекчи болгону жеке чыгармачылыгыңыздан алыстап кеткендей, баягы курч сөздүү Аалы тынчып калгандай элес калтырасыз?

— Эл ырчысы Эстебес" тобунда жаштар иштейт. Баары идеяга бай, ташты талкан кыла турган кыз-жигиттер. Ушундай топко жетекчи болуу чоң жоопкерчиликти жана эмгекти талап кылат экен. Анан дагы өзүмдү башка тармактан да сынап көрүүнү чечтим. Топтун концерттеринин сценарийин өзүм жазып жаттым. Эми менин сценарийлерим боюнча "Макал Арт" студиясы менен биргеликте кыска метраждуу тасмаларды тартып жатабыз. Негизи эле мен адам баласын дрелге окшоштуруп койдум. Аны токко сайып күч-кубат берсең, адамга да дух берсең анын колунан баары келет экен. Ошол духту мына биз чыгармачыл инсандар беришибиз керек. Мамлекет мага эмне кылып коюптур деп жата бербей, мен мамлекетке эмне кылдым деп жашасак оңолчудайбыз.

— Сиздин шайлоо учурунда үгүт иштерине да чыкпай турганыңызды билебиз. Адатта өнөр адамдары үчүн бул кирешелүү учур эмеспи. Баш тартууңуздун себеби эмнеде?

— Мен кайсы бир саясатчыны же партияны мактап, колдоп ырдап, анан ал партия элдин ишенимин актабай калса мен өзүмдү да күнөөлүү деп эсептемекмин. Анткени анын шайлоочуларынын арасында, менин чыгармачылыгымды баалап, мени сыйлаганы үчүн ошол партияга же талапкерге добушун бергени бар чыгар. Бул оор моралдык жоопкерчилик. Мен элдин адамымын. Бүгүн бирөөнү мактап ырдап, эртең ал коррупционер чыкса, мен кайрадан эл алдында комузумду чертип эч нерсе болбогондой жүргөнүм туура эмес болот. Ооба, шайлоо өнөктүктөрү учурунда чакыруулар болуп жатты. Ар кандай суммадагы акча сунушташты. Бир эле жолу келип ырдап кетсең, баланча доллар төлөйбүз дегендер болду, этеги келип мен өмүр бою эмгектенсем да таппаган суммага жетти. Ошентсе да ал акчаны алып, адал оокат кыларыма көзүм жеткен жок. Андан көрө комузумду көтөрүп алып эле эл арасында жүрө берейин деп чечтим.

— Сизди кырс мүнөздүү деп угуп калам…

— Байкасаңыз ошол дегендер карапайым калктын арасында эмес. Айтканым чоңуна жакпай калган, убагында керектүү жооп таппай калган, ичиндеги ич күптүсүн айтпай калган адамдар ушундай ойдо болушса керек. Мен көбүнчө чиновниктердин тоюнан баш тартам. Анткени алар машинадан түшөөрүң менен күйпөлөктөп чуркап келип, шефтери кайсы столдо отурарын, кимисин эмне деп макташ керек экенин айта башташат. "Шефиңизди маңдайыңызга отургузуп алып мактай бериниз, мен элге ырдайм" деп айтам. 

Акын Аалы Туткучев творческими единомышленниками
предоставлено Аалы Туткучевым
Төкмө: өзүмдү башка тармактан да сынап көрөйүн деп топтун концерттеринин сценарийин жаздым. Ошолор боюнча кыска метраждуу тасмаларды тартып жатабыз

— Той үстүндө акча сунуп, минтип ырдап койчу же тигини мактап койчу дегендер болобу?

— Болбой койбойт. Акчасына көпкөндөр мындайды жакшы көрөт эмеспи. Андай учурда ал адам менден "жакшы бир сөздөрдүн" порциясын алып, тынчыйт. Кайра кечирим сурап, ошол жерден эсиргенин түшүнгөндөр да болот же тескерисинче таарынып калгандары да жок эмес. Мен бир адам таарынып калат экен деп, калп мактап же кошоматтана албайм.

— Сиздин мындай курч сөздөрүңүздү саясатчылар да убагында жакшы эле угушту, бирок эмнегедир учурда алардын дарегине эч бир сын айтпай калдыңыз. Көз карашыңыз өзгөрдүбү?

— Коомдо болуп жаткан көрүнүштөргө кайдыгер карай албай калемпир, мурчун аралаштырып ырдаган учурлар болду. Мунум үчүн эч ким мени тыйып, буйрук берген жок. Казактардан алган сабагым болбосо дагы деле айтып жүрө берет белем… Бир ирет казактар менен айтышып калдык. Алар мен өлкө ичинде айтып ырдаган ырларымдагы биздин чиновниктерге болгон сын-пикирим менен кайра өзүмдү чабышты. Жооп берээрге келгенде "жок, андай эмес" дейин десем бир кездерде ал сөздөрдү өзүм айткам, "ооба, ошондой" дейин десем өлкөмдүн намысына шек келтирем. Ошондо мен өзүмө "мындан ары өлкөмдүн кемчилигин айтпаймын" деп убада бердим. Дагы бир себеби, көзү барда көңүлүн көтөргөн коом болбой, тескерисинче, тебелеп, тепсегенге маш болдук. Жакшы сөз да, жаман сөз да бир ооздон чыгат эмеспи, мүмкүн жакшысын ашырып, жаманын жашырсак, алар да ар-уятына келип, эл үчүн иштеп беришер деген ойго келдим. 

Известный акын, заслуженный артист Кыргызстана Аалы Туткучев во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Казак акындары менен айтышкандан кийин өзүмө "мындан ары өлкөмдүн кемчилигин айтпайм" деп убада бердим

— Аалыке, өзүңүздөн сабак алам дегендер көп эле болсо керек. Шакирт болом деп келгендерге эмне дейсиз?

— Илгери СССРдин убагында бизде төрт эле төкмө калды, төкмөлүк ушуну менен үзүлөт дешти эле. Анан Садык агабыз "Айтыш" коомун түзүп, түрө кыдырып өнөрлүү балдарды топтоп, токтойт деген төкмөлүктү жандантты. Эми ошол рулду туура айдап кетүү биздин милдет. Учурда кудайга шүгүр, бул өнөрдү аркалаган жаштардын саны көбөйдү. Ошону менен катар өзгөрүүлөр да болду. Азыркы балдарга жакшы шарттар бар. Дээринде болсо, кеп кезеги келгенде кежигесин кашып отуруп калбай, интернетти ача коюп маалымат алып, төгүп кетсе да болот. Массалык маалымат каражаттарынын көбөйүшү менен элге таанылуу мүмкүнчүлүктөрү жогору. Мурдагы кулактан кийинки чыккан мүйүз ашат дегендей, аларда болуп жаткан мүмкүнчүлүктөр бизди чын жүрөктөн кубандырат. Ал эми жеке мага шакирт болом дегендерге мен ар дайым даярмын. Филармониянын алдындагы эки жылдык студияда сабак берем, мындан сырткары, борборубуздагы соода түйүндөрүнүн биринде атайын кеңсебиз бар. Төкмөлөр чогулуп алып, бул өнөргө кызыккан жаштарды кабыл алабыз.

— Өзүңүздүн балдарыңыздан сизди тартып, ак таңдай акын болчусу барбы?

— Кудайга шүгүр, эки уул, эки кызым бар. Улуу адамдардын уюткулуу кебин угуп чоңоюшса деп уулдарымды көбүнчө өзүм менен ээрчите жүрөм. Балдарымдын чоңу ветеринар болом дейт. Жылкыны жакшы көрөт. Кийин күлүк атым болот, аны өзүм дарылайм деп кыялданат. Комузга кызыгат, бирок азырынча черте албайт. Менин үйрөткөнүм жукпайт экен. Анан шакирт балдарымдан "мен силерге үйрөтөйүн, силер уулума үйрөткүлөчү" деп сурандым эле. Өз алдынча бир нерселерди айтып, аракеттенип калат. Мектебинде директорун мактап ырдап, өзүнүн контрагын элүү пайызга арзандатканга жетишиптир. Азаматсың, үйрөнө бер деп коем. Кичүү уулум азыр кичүүрөөк болгонго кыялы өзгөрүп турат. Өрт өчүрүүчү болом дечү эле, эми милиция болом деп калыптыр. Эмнеге десем, өрт өчүрүүчү өрт жок болсо күтүп отура берет экен да, а мен күндө адамдарды куткарып тургум келет дейт. Балдарым кайсы кесипти тандаса да мен кубанычта болом. 

Акын Аалы Туткучев с детьми
предоставлено Аалы Туткучевым
Туткучев: Мурдагы кулактан кийинки чыккан мүйүз ашат дегендей, артыбыздан чыгып келе жаткан жаш төкмөлөргө чын дилимден кубанам

— Жубайыңыз да акын экенин билебиз. Анын чыгармачылыгы кантип атат?

— Ооба, келинчегим да ыр жазат. Ырлар жыйнагы чыккан. Биздин сүйлөшүп жүргөн кезибиздеги ыр менен жазышкан СМСтерибиз эле бир китеп. Эми муну убакыт көрсөтөөр, келечекте экөөбүз биригип китеп жазсакпы деген да оюбуз бар.

— Эмнеге өкүнөсүз?

— Атакемден эрте айрылдым. Эңишке, күрөшкө түшкөн балбан эле, жамактатып ырдачу. Үйгө конок келгенде чай куюп бересиң деп жанына отургузуп алаар эле. Айылда атамдан улуу аксакалдар келип, анын сөздөрүн муюп угушчу. Ошондо балалык кылып, көп сөзүнө маани бербегениме өкүнөм. Кайсыл бир ийгиликке жетишсем, сөзсүз эсиме атам келет. Анткени атам, өмүрүнүн соңку жылдарында "уулум, атанын уулу болуш жакшы, бирок элдин уулу болуш андан кымбат, сен элдин уулу бол" деди эле.

Кийин китеп жазып калсам киргизем деп "жакшы атанын акылы жаман уулга бир өмүрлүк азык" деп жазып койгом. Анын төркүнү мындайча. 11-класста окуган кезим. Күн ысык, мектептен келе жаткам. Эстебес Турсуналиев биздин айылдан, анын агасы Медетбек деген аксакал бар эле. Абдан салттуу, нарктуу инсан болчу. Ошол киши менен саламдашуу үчүн дайыма ал жашаган көчөдөн өтөөр элем. Баратсам адатынча короосунун алдында туруптур. Учурашып баса берээримде, "балам, сенин ырдап жүргөнүңдү угуп жүрөм, ушу сенден бирдеме чыгат. Быйыл Эстебестин 70 жылдык юбилейи болот, айылга келет. Мааракесин өткөрөбүз. Ал келгенде сени жолуктурам, даярданып жүр" деп койду. Мен Эстекем бүгүн келип калчудай өрөпкүп, чуркаган бойдон үйгө келип атама айттым. "Ата, Метей аксакал ушинтип айтты, алар келгенде мен эмне деп ырдайм" десем, атам "алабарман жоргодой, жүрүшүң качан оңолот? Өзүң менен борборго ала кетсең не болот?" деп ырда деди. 

Акын Аалы Туткучев с матерью во время поездки
предоставлено Аалы Туткучевым
Акын: атакемден эрте айрылдым. Атамдын уюган алтындай болгон кептерине кулак салбай калганыма өкүнөм

Ушундан бир ай өтпөй атам каза болду. Мектепти бүттүм, окууга тапшырам деп шаарга келип, Эстебес Турсуналиевге жолуга албай, "Айтыш" фондусуна барып, Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев деген улуу устаттарга жолуктум. Телевидениеден гана көрүп жүргөн инсандардын астында ырдай албай, сүрдөдүм. Качып чыгып кетейин десем, ошону менен экинчи комуз кармабай эле койгонум туура болот. Кетпейин десем сүрдөп, сөзүм түгөнүп барат. Ошондо атамдын жанагы эки сабын эстеп: "Айланайын Ашыке, алабарман жоргодой, жүрүшүм качан оңолот? Айтыш фондго мени да, кошуп алсаң не болот?" деп ырымды бүтүрдүм. Мына ушул соңундагы эки сабым устаттарга катуу жагып, мени өз чөйрөсүнө тартышты. Ушул эки саптын арты менен залкарларга аралашып, акын болдум. Атамдын эки сап гана ыры мага бүт өмүрүмө жете турган азык болду. Эгер бардык сөзүн угуп, маани берип жаттап жүрсөм кандай адам болмок элем деп ойлоном. Өкүнгөнүм, атамдын уюган алтындай болгон кептерине кулак салбай калганым.

Тема боюнча

Замирбек Баялиев: атайын өргө көтөрүлүп, тарых кайталанып жаткандай
Исаков: Манасты дептер, комикс жана мультфильм аркылуу майдалап жеткирип жатабыз
Темир канат: учурдун 9 мыкты манасчысы
ТОП-5. Ырды куюлтуп, саптарды сабалаткан жаш акындар
Белгилер:
төкмө акын, өнөр, акын, Аалы Туткучев

ЭҢ МААНИЛҮҮ