Султан Раевдин романы Швецияда өткөн эл аралык сынакта биринчи орунду алды

© Sputnik / Айша КамиловаВ Оше состоялась премьера спектакля "Барсбек"
В Оше состоялась премьера спектакля Барсбек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурска дүйнөнүн 38 өлкөсүнөн 1600 акын-жазуучу катышкан

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин "Топон" романы Швецияда өткөн эл аралык адабий конкурста биринчи орунду алды. Бул тууралуу жазуучу өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, адабий конкурстун жыйынтыгы Стокгольмдогу Улоф Пальма атындагы маданий ордодо чыгарылган. Бул конкурска дүйнөнүн 38 өлкөсүнөн 1600 акын-жазуучу катышты.

"Мен катышкан "Крупная проза" категориясына 347 роман жана повесттер келип түшүптүр. "Биринчи орун "Топон" романы Султан Раев — Кыргызстан!" деп жарыяланганда өз өлкөмдүн аты ошончо дүйнө өлкөлөрүнүн арасынан аталгандыгын угуп, чынын айтайын көзүмө жаш алдым", — деп жазуучу өз кубанычы менен бөлүштү.

Раевге Нобель сыйлыгынын лауреаты Генрик Сенкевич атындагы эл аралык сыйлык да тапшырылган.

Жазуучу буга чейин да бир катар эл аралык конкурстардын лауреаты жана жеңүүчүсү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0