01:37 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияздын архивдик сүрөтү

Лос-Анжелесте Садык Шер-Нияз негиздеген Азия кинофестивалы өтүп жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
195 0 0

Фестивалдын алкагында ата мекендик режиссерлордун "Кентавр", "Саякбай", "Мунабия" тасмалары көрсөтүлөт

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Лос-Анжелесте кинорежиссер жана Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген III Аsian World Film Festival (AWFF) кинофестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу "Айтыш" фондусунун өкүлү Чолпон Идрисова билдирди.

Аталган фестиваль 25-октябрда башталып, 2-ноябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан кинооператор Мурат Алив, режиссер Актан Арым Кубат жана Садык Шер-Нияз барган. Ал эми дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн Мурат Алиевге фестивалдын биринчи ардак сыйлыгы ыйгарылган.

Ошондой эле фестивалдын алкагында ата мекендик режиссерлор Актан Арым Кубаттын "Кентавр", Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай", Таалайбек Кулмендеевдин "Мунабия" тасмалары көрсөтүлөрү айтылат.

Кинофестивалдын максаты — эл аралык маданий кызматташтыкты өрчүтүү жана Азия менен Голливуддун киноиндустрия жаатындагы байланыштарын чыңдоо. Анын алкагында Азиянын 50 мамлекетинен барган мыкты тасмалар көрсөтүлөт. Ошондой эле фестивалга катышкан кинолорго "Оскар" сыйлыгына көрсөтүүлүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Тема боюнча

Башка планетадан келген кыргыздар. Японияда Жерди басып алуу боюнча тасма тартылды
Белгилер:
кинофестиваль, Садык Шер-Нияз, Азия

ЭҢ МААНИЛҮҮ