Тажикстанда катуу жер титирөө болуп, беш киши көз жумду

© AFP / CHRISTIAN MIRANDAНациональный сейсмологический центр Университета Чили
Национальный сейсмологический центр Университета Чили - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Жазылуу
Коңшу мамлекетте күчү алты баллга чукул жер титирөө саат 02.14тө катталган. Кийинчерээк беш киши көз жумганы белгилүү болгон. 
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Тажикстандын түндүгүндө очогунда күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталып, беш киши көз жумду. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборуна (EMSC) шилтеме берип РИА Новости жазды.
Жер титирөө аймактагы убакыт боюнча түнкү саат 02.14тө катталган. Жер титирөөнүн эпиборбору Кожент шаарынан 169 чакырым түштүк-чыгышта жайгашканы айтылат, ал эми очогу 40 чакырым тереңдикте жаткан.
Агенттик кийинчерээк беш киши көз жумганы белгилүү болгонун кабарлады.
Жаңылыктар түрмөгү
0