Кумтөр — Centerra компаниясынын негизги активи. Себеби жана чоо-жайы

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтөр алтын кени. Архив
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Жазылуу
Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы эки негизги активге ээ. Бири — Кыргызстандагы Кумтөр, экинчиси – Канаданын Британ Колумбиясы провинциядагы Маунт Миллиган алтын-жез кени. Былтыр алардын катарына Түркиядагы Өксүт алтын кени кошулган.
17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттарга көрсөтүлгөн "Кыргызстандын кымбат алтыны" тасмасында Кумтөр пайдаланууга берилгенден бери кенди иштетүүдөн Кыргыз Республикасы 1,5 миллиард доллар, ал эми канадалык компания 11,5 миллиард доллар алганы айтылат. Ал тургай Centerra ишканасынын Түркия жана Канададагы кендери Кумтөрдүн каражаттарына сатып алынган. Бул тууралуу "Кыргыз алтын" мамлекеттик ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү парламенттин ошол эле жыйынында билдирди.
Эмне үчүн Кумтөр узак жылдар бою Centerra компаниясынын башкы активи бойдон калган? Башка кендери ишканага кандай пайда алып келет? Ушул суроолордун тегерегинде Sputnik Кыргызстан ачык булактардагы маалыматтарды талдап чыкты.

Өндүрүш жана киреше

Компаниянын жылдык отчетуна ылайык, 2020-жылы ал 25,6 тонна алтын өндүргөн. Бул көлөмдөн 17,2 тонна (67 пайызы) Кумтөрдө казылган. Башкача айтканда, Centerra негизги кирешесин дал кыргызстандык кенди иштетүүдөн алат. Жыл сайын мында 20 тоннага чейин алтын казылат. Мисалга, 2020-жылы өндүрүш көлөмү 17,2 тонна, ал эми 2019-жылы 18,6 тоннаны түзгөн. 1997-жылдын май айынан (өнөр жай өндүрүшү башталгандан) тарта 2020-жылдын 31-декабрына дейре Кумтөрдө 410,5 тонна алтын алынган.
Канадалык компаниянын башка кендериндеги баалуу металл казуу көлөмү Кумтөрдөгүнүн үчтөн бирин гана түзөт. Маунт Миллиганда былтыр 5 тонна, ал эми Өксүттө болгону 3,3 тонна (бул түркиялык кендин алгачкы өндүрүштүк жылы) алтын алынган.
2020-жылы Centerra Gold Inc. компаниясы пандемияга карабай 1 миллиард 688 миллион доллар пайда көргөн. Анын 981,6 миллион долларын Кумтөр, Маунт Миллигандан 383,6 миллион доллар, ал эми жаңы ишке берилген Өксүт 186,5 миллион долларын камсыздаган. Компания АКШдагы өз шахталарынан молибден сатуудан дагы 137 миллион доллар тапкан. Алтындын баасы өскөнү ишканага бардык карыздарын жаап, жылды 604 миллион доллар бош каражат менен жабууга мүмкүндүк берген.

"Центерранын" экинчи негизги активи

Канададагы Британ Колумбиясы провинциясынын түндүк тарабында жайгашкан Маунт Миллиган алтын-жез кени Centerra ишканасынын экинчи саптагы активи. Өндүрүш 2014-жылы башталган.
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
"Кыргыз алтын" Centerra ишканасынын 29 млн. доллар боюнча айыптоосуна жооп берди
Башында алтын казууну Thompson Creek Metals компаниясы жүргүзгөн, ал эми 2016-жылдын октябрында Centerra сатып алып, кен толук анын көзөмөлүнө өткөн. Келишимдин наркы 1,1 миллиард долларга чукул. Мындай ири суммага карабастан Маунт Миллигандан түшкөн киреше Кумтөрдөгү көлөмдөн дээрлик үч эсеге аз. Дагы бир ирет кайталасак, былтыр ал жакта 5 тонна алтын казылып, бул кендин тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болгон. Болжолдуу эсептер боюнча, Маунт Миллигандын кору — 68 тонна алтын жана 434 миң тонна жез.

Беш жыл эмгек жумшап...

2020-жылдын июнь айында, беш жылдык өндүрүштүк иштерден кийин гана Centerra Түркиядагы Өксүт кенин алтын казуунун коммерциялык деңгээлине чыгара алган. Өксүт кени – компаниянын үчүнчү ири активи. Аталган кендеги өндүрүштү жөнгө салуу үчүн ишкана Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынан 150 миллион доллар насыя алган.
Башкы прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Кумтөр чыры. Келишим түзүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча тергөө башталды
"Эми Centerra компаниясынын кыйла бош акча агымын жаратуучу үч ири өндүрүштүк активи бар", — деген компаниянын ошол кездеги жетекчиси Скотт Перри.
Кендеги алтын кору болжол менен 43 тоннага гана бааланса да Өксүт башынан эле Кумтөргө негизги альтернатива катары каралган. Алгачкы толук эмес өндүрүш жылында ал жакта 3,3 тонна баалуу металл казылган. Быйыл Өксүт үчүн биринчи толук кандуу иш жылы. Азырынча Көлтепе карьери гана казылууда. Келерки жылы бардык тийиштүү уруксаттар алынганда экинчи — Гүнейтепе карьерин казуу пландалууда.

Монголиядагы кени түгөнгөн Бороо

2004-жылдан бери Centerra Gold Inc. Монголиядагы Бороо кенин казууга киришкен. Ишти анын канатындагы эки – Centerra Gold Mongolia LLC жана Boroo Gold LLC компаниялары жүргүзгөн. Кен аталган мамлекеттин борбору Улан-Батордон 110 чакырым ыраак жерде жайгашып, компаниянын негизги активдеринин тизмегинде эле. Анткен менен кыргызстандык жана монголиялык кендердеги өндүрүш көлөмү бир топ айырмаланган. Мисалы, 2015-жылы Бороо кенинде 500 килограмм алтын, ал эми Кумтөрдө 16,2 тонна алтын казылган. Компаниянын мурунку эсептерине ылайык, 2004-жылдын март айынан 2015-жылдын декабрына карата монголиялык кенден 51 тоннанын тегерегинде алтын алынган.
Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Centerra президенти Перри: кыргыз өкмөтү менен диалогго барууга даярбыз
2016-жылы Бороо карьери түгөнүп, Centerra негизги кенден 55 чакырым ыраактагы Гацуурт карьеринде алтын казууга уруксат сураган. Ал жакта алтын кору 49-50 тоннага бааланган. 2015-жылы монголиялык парламент канадалык компанияга кенди иштетүүгө долбоордо үлүш алуу шарты менен макулдук берген. Бирок 2018-жылы өлкөнүн өкмөтү лицензия берүүдөн таптакыр баш тарткан.
Centerra эл аралык арбитражга сотко берерин айтып опузалаган, бирок ошол эле жылдын октябрында Монголиядагы бардык бизнес бөлүктөрүн сатып, рыноктон кетип калган. Акцияларынын баарын сингапурдук OZD компаниясы 35 миллион долларга сатып алган.

Канададагы кендин үлүшү

Быйыл жыл башында Centerra Gold Inc. Канаданын Онтарио штатындагы Хардрок алтын кенин иштетүү долбоорундагы 50 пайыздык үлүшүн Premier Gold Mines компаниясынын карамагындагы Orion Mine Finance Group ишканасына саткан. Келишимдин наркы 210 миллион долларды түзүп, мындан тышкары, белгилүү бир баскычка жеткенде компания дагы 75 миллион доллар алат. Хардрок долбоорундагы калган 50 пайыздык үлүш дале "Центеррага" таандык.
Бул келишим эки жолку аракеттен кийин түзүлгөнү айтылат. Мурда Centerra долбоорго кирүү боюнча Premier Gold Mines компаниясынын 205 миллион долларлык сунушун четке каккан.
Хардрок азыр иштеп чыгуу баскычында. 2019-жылы кендеги алтын кору болжол менен 199 тоннага бааланган. Premier Gold Mines үчүн аталган кен негизги актив.
Жаңылыктар түрмөгү
0