Камсыздандырбасаң жардам күтпө! Ошто үйсүз калгандар канчага чейин чатырда жашайт?

© Фото / Зульфия ТургуноваӨзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында 29-апрелде жер көчүп алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган
Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында 29-апрелде жер көчүп алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаздын келиши менен Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда табигый кырсыктын кесепетинен жүздөгөн үй-бүлөлөр турак-жайынан ажырады. Мал, мүлк адам өмүрүнөн кымбат турат дегенибиз менен бир убакта киндик кан тамган ата конушту таштап кетүү да оңойго турбайт. Бул — тыйындын бир тарабындагы маселе.

Ошол эле учурда экинчи тарабын карай турган болсок, кооптуу аймактан көчүрүлгөн тургундар ӨКМ берген чатырларда канчага чейин күн кечирет. Алардын суукка калбай жер тилке алып, турак-жай курууга мүмкүнчүлүгү барбы деген меселе турат. Бул суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков жооп издеди.

Топуракка көмүлгөн ата конуш

Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында 29-апрелде жер көчүп алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган. Алты күнгө созулган издөө аракеттеринин натыйжасында көчкү алдынан сегиз адамдын сөөгү чыгарылган. Калган 16 киши ошол жерде калтырылып, айланасы тосулуп, мазар болмокчу. Ага удаа Жалпак-Таш айыл аймагындагы 61 түтүн жашаган айылда сүрүлүп жаткан жер көчкү 10-майга чейин 45 турак-жай басты. Кырсык чалган айылдыктар чатырларган көчүп чыккан. Жергиликтүү тургун Акылбек Нурдинов жаан-чачындарда чатырдын суу өтүп, ичи да суук болуп кыйынчылык жаралып жатканын айтат.

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында 29-апрелде жер көчүп алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган
Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында 29-апрелде жер көчүп алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган - Sputnik Кыргызстан
1/3
Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында 29-апрелде жер көчүп алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган
© Фото / пресс-служба МЧС КРАлты күнгө созулган издөө аракеттеринин натыйжасында көчкү алдынан сегиз адамдын сөөгү чыгарылган
Алты күнгө созулган издөө аракеттеринин натыйжасында көчкү алдынан сегиз адамдын сөөгү чыгарылган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Алты күнгө созулган издөө аракеттеринин натыйжасында көчкү алдынан сегиз адамдын сөөгү чыгарылган
© Фото / пресс-служба МЧС КРКалган 16 киши ошол жерде калтырылып, айланасы тосулуп, мазар болмокчу.
Калган 16 киши ошол жерде калтырылып, айланасы тосулуп, мазар болмокчу. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Калган 16 киши ошол жерде калтырылып, айланасы тосулуп, мазар болмокчу.
1/3
Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында 29-апрелде жер көчүп алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган
2/3
Алты күнгө созулган издөө аракеттеринин натыйжасында көчкү алдынан сегиз адамдын сөөгү чыгарылган
3/3
Калган 16 киши ошол жерде калтырылып, айланасы тосулуп, мазар болмокчу.

"Балдарыбыз ооруп калбасын деп туугандардын үйүнө жибергенбиз. Айылдын этек жагындагылар үйүн бузуп көчүрүп кетсе, башындагылар жүктөрүн алып чыгууга араң жетишкен. Кээ бирлери мал, койлорун сатып, башкалары жайлоо берип ийишти. Эми бизге качан жер тилке берилет белгисиз. Эгер мамлекет жардам бербесе көбүнүн өз алдынча турак-жай салууга мүмкүнчүлүгү жок", — деди Нурдинов.

Ошондой эле Алай районунун Каблан-Көл айыл аймагында да жер көчкү жүрүү коркунучу жаралып, 15 үй-бүлө чатырларга жайгаштырылган. Алардын арасында Жылдызбек Абдылдаев улуусу 12 жашка чыга элек беш баласы жана улгайган апасы менен көчүп чыккан.

"Бул жерде илгертен бери эле ата-бабаларыбыз жашап келген. Жакында эле эски үйлөрдү бузуп жаңыдан салган элек. Айылдын жогору жагындагы суу чыкпаган бир жерди көрсөткөндө жашоого шарттар жок экен деп макул болбой койдук. Бала-чака менен чатырда жашоо кыйын болууда. Катуу сууктарда туугандарыбыздын үйүнө барып түнөп жатабыз", — деди айыл тургуну.

Жашоого коркунуч жараткан жер титирөө

Ал эми Чоң-Алай районунда улам кайталанган жер титирөөнүн кесепетинен Шибээ, Жекенди, Кара-Тейит, Чулук жана Кара-Мык айылдарында 523 үй жарактан чыгып, 3000дөй тургун чатырларга көчүрүлгөн

© Фото / Зульфия ТургуноваЧоң-Алай районунда улам кайталанган жер титирөөнүн кесепетинен Шибээ, Жекенди, Кара-Тейит, Чулук жана Кара-Мык айылдарында 523 үй жарактан чыккан
Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алай районунда улам кайталанган жер титирөөнүн кесепетинен Шибээ, Жекенди, Кара-Тейит, Чулук жана Кара-Мык айылдарында 523 үй жарактан чыккан

Шибээ айылынын башчысы Муратбек Гапаров жалпы 120 кожолукка 53 чатыр берилип, айрымдары өздөрүнүн боз үйлөрүн тигип күн кечирип жатканын билдирди.

"Кээ бир чатырларда экиден үй-бүлө жашап жатат. Өкмөт үй курууга курулуш материалдарын базар баасында жеткирип берерин убадалаган. Мындан башка жардам берилер-берилбеси белгисиз. Анан да үй куруп алсак, табигый кырсыктар дагы катталбайбы деп кооптонуп, ӨКМдин адистеринен аныктап берүүсүн сурандык. Азырга чейин жер титирөө токтобой, күнүнө бир-эки жолу кайталанууда. Баарыбыз катуу коркуп калгандыктан, машина дүрүлдөп өтсө да сыртка чуркап чыкчу болдук.", — деди Гапаров.

Кечирип кой, ссуданын күнү бүткөн!

Бул боюнча Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын Ош облусундагы филиалынын директору Таалайбек Кулмурзаев 2017-жылдын январь айынан тарта мамлекеттен ссуда берүү токтотулганын айтып, мүлктү камсыздандыруу керектигин баса белгиледи.

Сход оползня в селе Аюу в Узгенского района - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: көчкү алдында калгандар "бүгүн түнү көчөбүз" деп тил кат жазып беришкен
"Айыл-кыштактагылар турак-жайга жылына 600 сом төлөп камсыздандырып койсо, кийин келтирилген чыгымдарды компания 500 миң сомго чейин төлөп берет. Жер титирөө катталган Чоң-Алай районунда 23 үй камсыздандыруудан өткөн экен. Чыгымдарды аныктоо иштери бир жуманын ичинде соңуна чыгары күтүлүүдө. Анын жыйынтыгына жараша 23 үйдүн баарына тийиштүү каражаттар берилет. Ал эми Өзгөндө жер көчкү алдында калган үйлөрдүн бири да камсыздандырылбаганы белгилүү болду", — деди Кулмурзаев.

Ал эми өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов калктын кайра турак жай куруусуна материалдык жардам көрсөтүү маселеси толук чечиле электигин билдирди.

"Чоң-Алайда кайра башынан үй тургузуп жаткандарга цемент, арматура, кыш жана шиферди базардагы баа менен жеткирип берүү жагы каралган. Ал эми Өзгөндө үйүнөн ажыраган жарандарга бериле турган жер трансформацияланууда. Материалдык жардамдар боюнча маселе өкмөттө каралып жатат", — деди Сулайманкулов.

Кыргызстанда табигый кырсыктардан улам 17 912 үй-бүлө көчүрүлүүгө тийиш болгон

Белгилей кетсек, 1970-2017-жылдар аралыгында өлкө аймагындагы жер көчкүлөрдүн саны салыштырмалуу 8 эсеге көбөйгөн. Аймактык өзгөчөлүк менен алганда дээрлик 99 пайызы түштүк региондорунда катталаган. Мындан улам 4966 турак жайга кооптулук жаралып, 1888 үй-бүлө көчүрүлгөн. Ал эми 2376 турак жай ээлери тийиштүү жардамдарды алып, бирок көчкөн эмес. Учурда 702 үй-бүлө жер тилке алуу кезегинде турат.

Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Чатырда түнөгөн чоң-алайлыктар: түнкү сууктан кайыгып калып жатабыз
"2004-жылы өкмөттүн чыгарган токтомунун негизинде кооптуу аймактарда жашаган элди көчүрүү жергиликтүү бийликке түздөн-түз милдеттендирилген. Андыктан бул иштер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин милдеттемесине кирбей турганын белгилейбиз. Биздин адистер кооптуу участокторду аныктап корутунду чыгарып берүү менен гана чектелет. Көчпөй койгон тургундарды күчкө салып үйүнөн чыгарууга эч кандай укугубуз жок", — деп айтылат ӨКМдин маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Ошондой эле соңку 26 жылда 518 жер көчкү катталса, анын 134ү эле ушул жылдын төрт айында болуп, каза болгондордун саны 34кө жеткен.

Кыргызстан боюнча жалпы табигый кырсыктардан улам 17 912 үй-бүлө көчүрүлүүгө тийиш болсо, анын ичинен 11 317и мамлекет тарабынан жер тилке жана материалдык жардам алып коопсуз жайга көчкөн. Ал эми 2782 үй-бүлө ушундай эле жардамдарды алганы менен көчкөн эмес. Учурда 3813 үй-бүлө кооптуу аймакта жашап жатат.

Белгилей кетсек, табигый кырсыктардан жабыркагандарга жардам иретинде өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Жалпак-Таш жана Аюу айылына эки миллион, Чоң-Алай районуна үч миллион сом бөлүп берген. Ал эми өкмөт ачкан атайын эсепке 15-майдагы маалымат боюнча Чоң-Алайдын тургундары үчүн  1,3 жана Өзгөндөгү жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына 1,1 миллион сом чогулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0