Чоң-Алайда жер титирөөнүн кесепетинен 3000дей тургун чатырларга көчүрүлдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРУстановка палаток в селе Ничке-Сай
Установка палаток в селе Ничке-Сай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда дагы жер титирөөдөн жана жер көчкүдөн жабыркагандарды коопсуз аймакка жайгаштыруу иштери уланып жатат.

БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 510 даана чатыр тигилип, 2964 жаран коопсуз аймакка көчүрүлгөнүн ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Айыл жашоочулары төмөндөгүдөй жайгаштырылган.

 

  • Шибээ айылына 53 чатыр берилип, 265 жаран көчүрүлгөн.
  • Жекенди айылына 75 чатыр берилип, 450 жаран көчүрүлгөн.
  • Кара-Тейит айылына 121 чатыр берилип, 605 жаран көчүрүлгөн.
  • Чулук айылына 61 чатыр берилип, 244 жаран көчүрүлгөн.
  • Кара-Мык айылына 200 чатыр берилип, 1400 жаран көчүрүлгөн.

 

Калган 40 даана чатыр Жарандык коргонуу комиссиясынын изилдөө иштеринин жыйынтыгына карап таркатылат.

Мындан сырткары, Жекенди айыл аймагында жер титирөөнүн кесепетинен жер көчкү жүрүү коркунучу пайда болуп, Кара-Мык айылынын Кара-Ширалжин участкасындагы үч турак-жайга, Кара-Тейит айылынын Алыш-Сай участкасында төрт үйгө жана 1 мечитке кооптуулук жаралып жашоочулар көчүрүлгөн.

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы 1-май айылынын Жайыттын-Үстү участогунда узундугу 22 метр, тереңдиги бир метр болгон жаракалар пайда болду - Sputnik Кыргызстан
Кара-Кулжа районунда эл жашаган аймактагы тоодо жаракалар пайда болду
Ошондой эле Кара-Кулжа районунун 1-Май айылында жер көчкү жүрүү коркунучу жаралган аймактан 11 үй-бүлө чатырларга жана туугандарыныкына көчүрүлдү. Алар үйлөрүнө кайтып келип жашабашы үчүн үйлөрдүн эшиктерине мөөр басылган.

Белгилей кетсек, 29-апрелде эртең менен саат 6:40тар чамасында Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында көлөмү 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган. Ал эми Жалпак-Таш айыл аймагында сүрүлүп жаткан жер көчкү 6-майга карата алынган маалымат боюнча 34 үйдү басып калган.

Ошондой эле 3-майда саат 10:47лер чамасында Тажикстанда күчү 7 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Жер титирөөнүн очогу Баткендин түштүк-чыгышынан 120 чакырым, ал эми Оштун түштүк-батышынан 192 чакырым алыстыкта жайгашкан. Мындай жер титирөө 5-майда болжол менен 11:15де болуп Ошто төрт, Баткенде 2,5-3 баллга жеткен. Мунун кесепетинен Чоң-Алай районунда бир нече социалдык мекемелер жана турак жайлар авариялык абалга келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0