00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
15:52
7 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Тема дня
Не выбрасывайте клеща после укуса - и другие советы врача, которые реально важны этим летом
18:11
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
Алтын эмнеге арзандоодо?
19:07
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Особый акцент
Что происходит с правами на имущество после развода и смерти бывшего партнёра - объясняет юрист
20:10
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Особый акцент
Что происходит с правами на имущество после развода и смерти бывшего партнёра - объясняет юрист
21:05
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
ӨКМ дагы сел жүрөрүн эскерттиЭлектр самокаттарын өспүрүмдөргө ижарага берүүгө тыюу салуу сунушталды. Президент үч жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүү мыйзамына кол койду. Алдыда кененирээк... Кыргызстанда ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" аттуу жаңы мамлекеттик жөлөк пул расмий түрдө мыйзамдаштырылды. Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, 1-июлдан тарта ар бир балага үч жашка чыкканга чейин ай сайын 1200 сом төлөнөт. Жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет. Негизги жоболор: "Бала ырысы" 2023-жылдын 1-августунан тартып төрөлгөн балдарга дайындалат; үй-бүлө башка жөлөк пулдарды алып жатса дагы "Бала ырысын" ала алат; эгиз же үч эм төрөлсө, ар бир балага өзүнчө дайындалат; жөлөк пулду алуу үчүн бала менен ата-эне чогуу жашашы керек; арыз бала үч жашка чыкканга чейин берилиши зарыл; эгер акча алты ай бою алынбаса, төлөм токтотулат. Мыйзам эрте курактагы балдардын тамактануусун жакшыртуу, жакырчылыкты азайтуу жана жаш үй-бүлөлөрдү колдоо максатында иштелип чыккан. Белгилей кетсек, мамлекет башчы 6-мартта үч жашка чейинки балдар үчүн мамлекеттик жөлөк пул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Министрлер кабинети иштеп чыккан мыйзам долбоору 29-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Электр самокаттарды 18 жашка чейинки балдарга ижарага берүүгө тыюу салуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, өспүрүмдөргө электр чыгырыгын ижарага берген компанияларга 55 миң сом айып пул салынат. Мындан тышкары, ижарага берген компаниялар кардардын жашын жана өздүгүн текшерүүгө милдеттендирилиши мүмкүн. Документтерди электрондук түрдө да текшерүүгө уруксат берүү сунушталууда. Ал эми жашы жете электерге электр самокаттарын башкарууга уруксат бергендерге 20 миң сом айып салуу каралган. Белгилей кетсек, 21-майдан тарта борбор калаада ижарага берилген самокаттардын ылдамдыгы саатына 15 чакырымга чектелген. Мындай кадамга калаа тургундарынан түшкөн арбын арыз-даттануулар себеп болгону айтылган.
ӨКМ дагы сел жүрөрүн эскертти25-28-май күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Белгилей кетсек, бүгүн сел каптоодон улам Манас шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Бишкекке Россиядан 25 ири компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү бизнес менен жолугуу үчүн келет. Бул тууралуу "Россиянын экспорт борбору" (РЭБ) акционердик коомунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Владимир Некрасов билдирди. Ал Sputnik маалымат борборундагы брифингде сүйлөгөн. "РЭБ "Россияда жасалган" брендинин алдында сапаттуу продукт сунуштай ала турган ишенчиликтүү компанияларды чогултат. Жергиликтүү ишкерлер үчүн бул — ассортиментти кеңейтүүгө, өнөктөш табууга жакшы мүмкүнчүлүк", — деди Некрасов. Сүйлөшүүлөргө россиялык өндүрүүчүлөр менен байланыш түзүүгө ынтызар кыргызстандык компаниялар чакырылат. Иш-чарага сайттан катталууга болот. Катышуу акысыз. Бизнесмендердин жолугушуусу 3-4-июнь күндөрү Бишкектеги Novotel мейманканасында өтөт. Россиядан келчү компаниялар негизинен эт, сүт жана кондитердик азыктарын өндүрөрү айтылды. Мындан тышкары, тиричилик химиясы менен техникасын, фармацевтикалык жана косметикалык каражаттарды чыгарган фирмалар да келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0