https://sputnik.kg/20260525/1101503310.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Депутат мэрдин автобустарда накталай төлөмдү жоюу чечимин сынга алдыДССУ башчысы Эбола вирусун жуктуруп алгандардын саны 900дөн ашканын билдирдиМанас шаарына... 25.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-25T11:00+0600
2026-05-25T11:00+0600
2026-05-25T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/19/1101503144_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e8b07edde1f00f9f5cc130f69b2612aa.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Депутат мэрдин автобустарда накталай төлөмдү жоюу чечимин сынга алдыДССУ башчысы Эбола вирусун жуктуруп алгандардын саны 900дөн ашканын билдирдиМанас шаарына өзгөчө кырдаал режими кирдиМанас шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облустук бөлүмүнөн билдиришти.Ага ылайык, 24-майдагы жаандан кийин сел жүрүп, калаадагы 27 турак жайдын короосун, төрт үйдүн ичин суу каптап, көп кабаттуу жети батирдин короосуна суу кирген. Жабыркагандар жок. Селдин кесепетин жоюу иштерине жалпы 217 адам чыкты. Таңкы саат 04:00дө штаб уюштурулуп, шаарда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.
Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Расмий азем 21-май күнү Ак үйдө өткөн. Байсалов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жолдоп, Бишкек кыргыз-америка мамилелерин бекемдөөгө кызыкдар экенин айтты. Трамп өз кезегинде алаканы чыңдоого даярдыгын билдирген. АКШ лидери эки элдин жылуу мамилесине токтолуп, Байсаловдун ишмердүүлүгү Кыргызстан менен АКШнын саясий жана экономикалык кызматташуусун илгерилетүүгө өбөлгө болоруна ишеним артты.
Бишкектеги автобустарда накталай акча алууга тыюу салуу шаар тургундары үчүн ыңгайсыз гана болбостон, мыйзамсыз да болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Эл өкүлү белгилегендей, Конституция сомду улуттук валюта катары аныктайт, ал эми Укук бузуулар жөнүндө кодексте улуттук валютаны кабыл алуудан баш тартуу үчүн айып пул каралган. Жеке адамдар үчүн 3000, ал эми юридикалык жактар үчүн 13 000 сомду түзөт. Бекешев мэриянын талабы ачык-айкындуулукту камсыздоо аракети экенин, бирок накталай акча менен төлөөгө тыюу салуу туура эмес чечим болгонун белгилеп, калаа башчысына бул чечимди өзгөртүүнү сунуштады. Бекешев коомдук транспорт картасы, смартфону жана туруктуу интернет-байланышы барлар үчүн гана эмес, баары үчүн негизги кызмат экенин кошумчалады.
АКШ менен Иран Ормуз кысыгын ачуу боюнча бир пикирге келишкенин New York Times жазды. Басылма кемелердин кыймылы качан жөнгө салынары белгисиз болгондуктан макулдашуунун аки-чүкүсү азырынча ачыктала электигин белгилеген. Иран кысыкты көзөмөлдөө укугун сактап калган-калбаганы да айтылган жок. Кечээ Axios порталы Вашингтон менен Тегеран жакын арада эки айлык жарашуу боюна меморандумга кол коюшу мүмкүн экенин билдирген. Ага ылайык, АКШ Ирандын бөгөттөп турган портторун ачмак. Мындан тышкары, Тегерандын өзөктүк курал өндүрбөө боюнча милдеттемеси камтылган. Документте Ормуз кысыгы эки айда ачылып, кемелер андан акысыз өтүп, ал эми Иран маршрутту минадан тазалап берери айтылган. Жакынкы Чыгышта жайгашкан америкалык аскерлер келишим соңуна чыккыча ордунда калмакчы.
Эбола вирусун жуктуруп алды делгендердин саны 900дөн ашты. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, 900 учурдун 101и лабораторияда тастыкталган. Гебрейесус оору менен күрөшүү Конго Демократиялык Республикасындагы абалдан улам татаалдашып жатканын белгилеген. "Кырдаалды жөнгө салууга көтөрүлүшчүлөр менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуусу тоскоолдук жаратууда", — деди ДССУ башчысы. Буга чейин уюм Бундибугио вирусунан улам пайда болгон Эбола жайылып жатканын, Конго менен Угандада абал оор экенин билдирген.
Депутат мэрдин автобустарда накталай төлөмдү жоюу чечимин сынга алдыДССУ башчысы Эбола вирусун жуктуруп алгандардын саны 900дөн ашканын билдирдиМанас шаарына өзгөчө кырдаал режими кирдиМанас шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облустук бөлүмүнөн билдиришти.Ага ылайык, 24-майдагы жаандан кийин сел жүрүп, калаадагы 27 турак жайдын короосун, төрт үйдүн ичин суу каптап, көп кабаттуу жети батирдин короосуна суу кирген. Жабыркагандар жок. Селдин кесепетин жоюу иштерине жалпы 217 адам чыкты. Таңкы саат 04:00дө штаб уюштурулуп, шаарда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Расмий азем 21-май күнү Ак үйдө өткөн. Байсалов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жолдоп, Бишкек кыргыз-америка мамилелерин бекемдөөгө кызыкдар экенин айтты. Трамп өз кезегинде алаканы чыңдоого даярдыгын билдирген. АКШ лидери эки элдин жылуу мамилесине токтолуп, Байсаловдун ишмердүүлүгү Кыргызстан менен АКШнын саясий жана экономикалык кызматташуусун илгерилетүүгө өбөлгө болоруна ишеним артты.Бишкектеги автобустарда накталай акча алууга тыюу салуу шаар тургундары үчүн ыңгайсыз гана болбостон, мыйзамсыз да болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Эл өкүлү белгилегендей, Конституция сомду улуттук валюта катары аныктайт, ал эми Укук бузуулар жөнүндө кодексте улуттук валютаны кабыл алуудан баш тартуу үчүн айып пул каралган. Жеке адамдар үчүн 3000, ал эми юридикалык жактар үчүн 13 000 сомду түзөт. Бекешев мэриянын талабы ачык-айкындуулукту камсыздоо аракети экенин, бирок накталай акча менен төлөөгө тыюу салуу туура эмес чечим болгонун белгилеп, калаа башчысына бул чечимди өзгөртүүнү сунуштады. Бекешев коомдук транспорт картасы, смартфону жана туруктуу интернет-байланышы барлар үчүн гана эмес, баары үчүн негизги кызмат экенин кошумчалады. АКШ менен Иран Ормуз кысыгын ачуу боюнча бир пикирге келишкенин New York Times жазды. Басылма кемелердин кыймылы качан жөнгө салынары белгисиз болгондуктан макулдашуунун аки-чүкүсү азырынча ачыктала электигин белгилеген. Иран кысыкты көзөмөлдөө укугун сактап калган-калбаганы да айтылган жок. Кечээ Axios порталы Вашингтон менен Тегеран жакын арада эки айлык жарашуу боюна меморандумга кол коюшу мүмкүн экенин билдирген. Ага ылайык, АКШ Ирандын бөгөттөп турган портторун ачмак. Мындан тышкары, Тегерандын өзөктүк курал өндүрбөө боюнча милдеттемеси камтылган. Документте Ормуз кысыгы эки айда ачылып, кемелер андан акысыз өтүп, ал эми Иран маршрутту минадан тазалап берери айтылган. Жакынкы Чыгышта жайгашкан америкалык аскерлер келишим соңуна чыккыча ордунда калмакчы. Эбола вирусун жуктуруп алды делгендердин саны 900дөн ашты. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, 900 учурдун 101и лабораторияда тастыкталган. Гебрейесус оору менен күрөшүү Конго Демократиялык Республикасындагы абалдан улам татаалдашып жатканын белгилеген. "Кырдаалды жөнгө салууга көтөрүлүшчүлөр менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуусу тоскоолдук жаратууда", — деди ДССУ башчысы. Буга чейин уюм Бундибугио вирусунан улам пайда болгон Эбола жайылып жатканын, Конго менен Угандада абал оор экенин билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/19/1101503144_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ebc70e26e021ab0ebaff58d02ff462ad.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио