00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
18:57
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
5 мин
Ачык кеп
Кыргызстандагы аманат ишине — 100 жыл: негизги жетишкендиктер жана өнүгүү жолу
15:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Жогорку Кеңешке мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тууралуу жаңы мыйзам долбоору киргизилди. Аны Министрлер Кабинети демилгелеген. Документ азыркы мамлекеттик кызмат системасын жаңылап, кызматтарды санариптик жана проактивдүү форматка өткөрүүнү көздөйт. Башкача айтканда, айрым кызматтар жаран арыз жазбай эле автоматтык түрдө көрсөтүлөт. Мыйзам долбоорунда мамлекеттик кызматтарды санарип түрүндө көрсөтүүгө артыкчылык берүү, Бирдиктүү кызматтар реестрин түзүү жана маморгандар санариптик системалар аркылуу ала алган документтерди жарандардан талап кылууга тыюу салуу каралган. Ошондой эле жарандар кызматтарды бирдиктүү санариптик терезе аркылуу ала алышат. Кызматтардын сапатына коомдук мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да киргизилет.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жеңиш чокусунда дайынсыз жоголгон россиялык альпинист Наговицинанын сөөгүн эвакуациялоо маселеси каралып жатканын билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, бул маселе талкууланып жатат, бирок азырынча эвакуациялык операцияны өткөрүү боюнча акыркы чечим кабыл алына элек. ӨКМден белгилешкендей, бул аймакта кандай гана иш болбосун, ал аба ырайына, кар көчкү коркунучунун деңгээлине, маршруттардын абалына жана кесипкөй даярдалган команданын болушуна түздөн-түз көз каранды. Министрлик Жеңиш чокусу дүйнөдөгү эң кооптуу чокулардын бири экенин белгиледи. Ал жерде эвакуация иштерин жүргүзүү куткаруучулардын өмүрүнө өтө чоң коркунуч жаратат. Эске салсак, Наговицина былтыр 12-августта Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып бутунан оор жаракат алган. Альпинистка учурда дайынсыз жоголгон деп эсептелет.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 90дон ашык өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө. Бүгүнкү күндө 60тан ашык өлкө катышарын тастыктады, ошондой эле дагы 30га жакын мамлекеттен жооп күтүлүүдө. Бул тууралуу ”Кабар“ агенттигине маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, эки жыл мурун Астанада өткөн оюндарга 86га жакын өлкө катышкан жана жылдан жылга дүйнө өлкөлөрүнүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына болгон кызыгуусу артып барат. "Бул жылы оюндар ЮНЕСКОнун колдоосуна ээ болду. Бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөлүк деңгээлде таанылганынан кабар берет", - деди ал. Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.
Батыштын согуштук маанайдагы билдирүүлөрү толугу менен көзөмөлдөн чыгып, Европаны кырсыкка кептеди. Бул тууралуу Колумбия университетинин проффессору Жеффри Сакс билдиргенин РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, окумуштуу мындай оюн Гленн Диесенге берген маегинде айткан. Ал Европа аргасы куруганда Россия менен сүйлөшүү керек экенин түшүнгөнүн белгилеген. “Согуш тууралуу ойду-тоону айта беришип, бардыгы көзөмөлдөн чыгып кетти. Айрым жоопкерчиликтүү адамдар кырдаал жөн гана кооптуу чекке жакындабастан, европалыктар өзүн толук көзөмөлдөй албай калган деңгээлге жеткенин түшүнүштү. Мунун баары Европанын өзүнө апаат алып
Жаңылыктар түрмөгү
0