https://sputnik.kg/20260525/1101508266.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Ардактуу угармандар жаңылыктар түрмөгү менен таанышып алыңыздар. Алгач биз токтоло турчу кабарлардын кыскача мазмуну...Россия Жеңиштин баа-баркын кемитпей... 25.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-25T15:00+0600
2026-05-25T15:00+0600
2026-05-25T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/19/1101508100_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2966423c7f1efd827a2570035cd632ad.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Ардактуу угармандар жаңылыктар түрмөгү менен таанышып алыңыздар. Алгач биз токтоло турчу кабарлардын кыскача мазмуну...Россия Жеңиштин баа-баркын кемитпей сактап калганы үчүн Кыргызстанга ыраазыЧет жакта кыргыз кафелине болгон суроо-талап өсүүдө Starlink спутник интернети биринчи болуп бийик тоолуу Эңилчекте жеткиликтүү болду. Алдыда кененирээк токтолобуз. Starlink спутник интернети Кыргызстандын аймагында жеткиликтүү боло баштады. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев видеоконференция режиминде Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу Эңилчек айылындагы мектепте жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернеттин ишин расмий түрдө баштап бергенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Буга чейин интернет тартпаган Эңилчек айылындагы мектеп Starlink спутниктик системасы аркылуу кошулган өлкөдөгү биринчи социалдык объект болуп калды. Практикалык колдоо катары өкмөт башчы мектепке беш заманбап компьютер тапшырды. "Учурда өлкөдө интернетке кошула элек алты гана мектеп бар. Алардын сапаттуу жана туруктуу байланышын камсыз кылуу маселеси жакынкы аралыкта чечилет", — деди Касымалиев. Өлкө аймагында жергиликтүү өнөктөш катары "ЭлКат" ЖЧКсы чыкты. "Спутниктик интернет-кызматтарын көрсөткөн жана мамлекеттик коопсуздук жана сапат стандарттарына жооп берген ар кандай технологиялык компания республиканын аймагында долбоорду ишке ашырууга катышууга арыз берүүгө укуктуу", — деп айтылат маалыматта.Белгилей кетсек. 23-майдан тарта Кыргызстан starlink.com глобалдык картасындагы активдүү камтуу зонасында расмий пайда болду.
Президент Садыр Жапаров Россия бардык жагынан Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин дайым баса белгилеп келет. Бул тууралуу мамлекет башчысынын кеңешчиси Медет Букуев "Жалпы Жеңиш — Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгынын күчү" аталышындагы илимий форумда билдирди. Ал билим берүү жаатындагы кызматташуу жөнүндө айтып жатып, Россия советтик системаны сактап калганын эске салды. "Көптөгөн өлкөлөр бул билим берүү системасына суктануу менен карашат", — деди Букуев.
Россия Жеңиштин баа-баркын кемитпей сактап калганы үчүн Кыргызстанга ыраазы. Бул тууралуу Россия элчисинин кеңешчиси Сергей Храмов "Жалпы Жеңиш — Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгынын күчү" аталышындагы илимий форумда билдирди. Ал дүйнө Чолпонбай Түлөбердиев, Токтогон Алтыбасарова, Иван Панфилов өңдүү Кыргызстан менен Россиянын миңдеген фронттогу баатырларын жана тыл эмгекчилерин унутпай турганын белгилеген. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын сактоо мугалимдер, жаштар жана мектеп окуучулары үчүн эң маанилүү милдеттердин бири бойдон кала берерин кошумчалады "Тарыхты сактап, аны кийинки муундарга өткөрүп берүү абдан маанилүү. Мен бардык катышуучуларды "Память народа" веб-сайтына кирип, Улуу Ата Мекендик согушта өзгөчөлөнгөн чоң аталары жөнүндө маалымат табууга чакырам", — деди Храмов. Анын айтымында, Кыргызстан менен Россиянын эли улутуна карабастан фашизмге каршы ийиндеше туруп күрөшкөн. Храмов ошондой эле Кыргызстандан болжол менен 360 миң адам фронтко жөнөтүлгөнүн эскерди.
Чет жакта кыргыз кафелине болгон суроо-талап өсүүдө Чет жакта Кыргызстандан чыккан керамикалык плиталарга суроо-талап барган сайын жогорулап жатат. Бул тууралуу Статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында 832 миң даана плитка сатылган. Ал эми өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 604 миңди гана экспорттогон. Курулуш материалы негизинен ЕАЭБ чөлкөмүнө кирген Россия, Казакстан жана Беларусь өлкөлөрүнө сатылган.
Ардактуу угармандар жаңылыктар түрмөгү менен таанышып алыңыздар. Алгач биз токтоло турчу кабарлардын кыскача мазмуну...Россия Жеңиштин баа-баркын кемитпей сактап калганы үчүн Кыргызстанга ыраазыЧет жакта кыргыз кафелине болгон суроо-талап өсүүдө Starlink спутник интернети биринчи болуп бийик тоолуу Эңилчекте жеткиликтүү болду. Алдыда кененирээк токтолобуз. Starlink спутник интернети Кыргызстандын аймагында жеткиликтүү боло баштады. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев видеоконференция режиминде Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу Эңилчек айылындагы мектепте жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернеттин ишин расмий түрдө баштап бергенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Буга чейин интернет тартпаган Эңилчек айылындагы мектеп Starlink спутниктик системасы аркылуу кошулган өлкөдөгү биринчи социалдык объект болуп калды. Практикалык колдоо катары өкмөт башчы мектепке беш заманбап компьютер тапшырды. "Учурда өлкөдө интернетке кошула элек алты гана мектеп бар. Алардын сапаттуу жана туруктуу байланышын камсыз кылуу маселеси жакынкы аралыкта чечилет", — деди Касымалиев. Өлкө аймагында жергиликтүү өнөктөш катары "ЭлКат" ЖЧКсы чыкты. "Спутниктик интернет-кызматтарын көрсөткөн жана мамлекеттик коопсуздук жана сапат стандарттарына жооп берген ар кандай технологиялык компания республиканын аймагында долбоорду ишке ашырууга катышууга арыз берүүгө укуктуу", — деп айтылат маалыматта.Белгилей кетсек. 23-майдан тарта Кыргызстан starlink.com глобалдык картасындагы активдүү камтуу зонасында расмий пайда болду.Президент Садыр Жапаров Россия бардык жагынан Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин дайым баса белгилеп келет. Бул тууралуу мамлекет башчысынын кеңешчиси Медет Букуев "Жалпы Жеңиш — Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгынын күчү" аталышындагы илимий форумда билдирди. Ал билим берүү жаатындагы кызматташуу жөнүндө айтып жатып, Россия советтик системаны сактап калганын эске салды. "Көптөгөн өлкөлөр бул билим берүү системасына суктануу менен карашат", — деди Букуев. Россия Жеңиштин баа-баркын кемитпей сактап калганы үчүн Кыргызстанга ыраазы. Бул тууралуу Россия элчисинин кеңешчиси Сергей Храмов "Жалпы Жеңиш — Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгынын күчү" аталышындагы илимий форумда билдирди. Ал дүйнө Чолпонбай Түлөбердиев, Токтогон Алтыбасарова, Иван Панфилов өңдүү Кыргызстан менен Россиянын миңдеген фронттогу баатырларын жана тыл эмгекчилерин унутпай турганын белгилеген. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын сактоо мугалимдер, жаштар жана мектеп окуучулары үчүн эң маанилүү милдеттердин бири бойдон кала берерин кошумчалады "Тарыхты сактап, аны кийинки муундарга өткөрүп берүү абдан маанилүү. Мен бардык катышуучуларды "Память народа" веб-сайтына кирип, Улуу Ата Мекендик согушта өзгөчөлөнгөн чоң аталары жөнүндө маалымат табууга чакырам", — деди Храмов. Анын айтымында, Кыргызстан менен Россиянын эли улутуна карабастан фашизмге каршы ийиндеше туруп күрөшкөн. Храмов ошондой эле Кыргызстандан болжол менен 360 миң адам фронтко жөнөтүлгөнүн эскерди. Чет жакта кыргыз кафелине болгон суроо-талап өсүүдө Чет жакта Кыргызстандан чыккан керамикалык плиталарга суроо-талап барган сайын жогорулап жатат. Бул тууралуу Статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында 832 миң даана плитка сатылган. Ал эми өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 604 миңди гана экспорттогон. Курулуш материалы негизинен ЕАЭБ чөлкөмүнө кирген Россия, Казакстан жана Беларусь өлкөлөрүнө сатылган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/19/1101508100_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5082ee1f540af8d64ead50635f471206.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио