https://sputnik.kg/20260525/1101506501.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Оштогу акча алмаштыруучу жайда адамдын өлтүрүлүшү боюнча окуянын чоо-жайы айтылды Кара-Сууда сел 48 баш койду агызып, алты үйдү жараксыз кылдыДепутат мэрдин... 25.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-25T13:00+0600
2026-05-25T13:00+0600
2026-05-25T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/19/1101506335_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e9213e25903c97810097d717b26e9b4d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Оштогу акча алмаштыруучу жайда адамдын өлтүрүлүшү боюнча окуянын чоо-жайы айтылды Кара-Сууда сел 48 баш койду агызып, алты үйдү жараксыз кылдыДепутат мэрдин автобустарда накталай төлөмдү жоюу чечимин сынга алды. Алдыда кененирээк...Бишкектеги автобустарда накталай акча алууга тыюу салуу шаар тургундары үчүн ыңгайсыз гана болбостон, мыйзамсыз да болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Эл өкүлү белгилегендей, Конституция сомду улуттук валюта катары аныктайт, ал эми Укук бузуулар жөнүндө кодексте улуттук валютаны кабыл алуудан баш тартуу үчүн айып пул каралган. Жеке адамдар үчүн 3000, ал эми юридикалык жактар үчүн 13 000 сомду түзөт. Бекешев мэриянын талабы ачык-айкындуулукту камсыздоо аракети экенин, бирок накталай акча менен төлөөгө тыюу салуу туура эмес чечим болгонун белгилеп, калаа башчысына бул чечимди өзгөртүүнү сунуштады. "Пенсионерлер, мектеп окуучулары, банк картасы, смартфону жок адамдар, шаардын коноктору жана интернети же тиркемеси жөн гана иштебеген жарандар коомдук транспортту колдонушат. Аларды эмне кылышыбыз керек? Автобуска түшүрбөй кууп чыгуу же кире бериште талаш-тартыш баштоо зарылбы? Иш жүзүндө бул тартипке эмес, чыр-чатакка алып келет", — деп жазган депутат. Бекешев коомдук транспорт картасы, смартфону жана туруктуу интернет-байланышы барлар үчүн гана эмес, баары үчүн негизги кызмат экенин кошумчалады. Буга чейин Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 1-июлдан тарта борбор калаада автобус жол киреси үчүн накталай акча төлөө токтотуларын айткан. Ал накталай эмес төлөм жүргүзө албагандар коомдук транспортко түшүрүлбөй турганын кошумчалаган.
Кара-Сууда сел 48 баш койду агызып, алты үйдү жараксыз кылдыМаалымдалгандай, 25-майга караган түнү нөшөрлөгөн жаандан улам Асан-Чек, Кыргыз-Чек, Падаван, Жаңы-Арык, Таш-Арык, Жар-Ооз жана Курбан-Кара айылдарында сел жүрүп, район боюнча 56 үйдүн жер төлөсүн, 23 турак жайдын короосун суу каптаган. Оорукананын жер төлөсүнө, мектептин короосуна да суу кирген. Ошондой эле Сары-Колот айылында бир турак үй жана алты сарай авариялык абалга келген. 48 баш койду сел суулары агызып кеткен. Учурда Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан тактоо жана калыбына келтирүү иштери улантылууда.
Оштогу акча алмаштыруучу жайда адамдын өлтүрүлүшү боюнча окуянын чоо-жайы айтылды Милициянын маалыматына ылайык, кечээ 38 жаштагы эркек киши аталган жайдын ээсине бир нече жолу бычак сайган. Жабырлануучу ооруканада операция учурунда каза болгон. Шектүү кармалган учурда өзүнө зыян келтирүүгө аракет кылган, бирок милиция аны токтотуп, бычакты алууга үлгүрүшкөн. Текшерүү учурунда шектүүдөн 37,5 миң сом, эки уюлдук телефон жана арактын бош бөтөлкөсү табылган. Камерага түшүп калган видеодон кепкачан шектүү акча алмаштыруучу жайга медициналык бет кап тагынып келген. Кол салгандан кийин коңшу бөлмөгө өтүп, акча алган. Аны токтотууга аракет кылган жергиликтүү тургун да колунан жаракат алган.
Владимир Зеленскийдин тагдыры суктана тургандай эмес, аны өзү да жакшы түшүнөт. Мындай пикири менен Россиянын мурунку өкмөт башчысы Сергей Степашин маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды. "Менимче, эртеңки күнү туңгуюк, аны өзү да аңдап-билип турат. Согуш уланса да, тынчтык орносо да Зеленский жыргап кетпейт", — деди экс-премьер. Буга чейин Степашин тынчтыктын орношу саясий ишмердүүлүгүнүн токтошун түшүндүргөндүктөн Зеленский согуштун уланышы үчүн жан үрөп жатканын белгилеген.
Оштогу акча алмаштыруучу жайда адамдын өлтүрүлүшү боюнча окуянын чоо-жайы айтылды Кара-Сууда сел 48 баш койду агызып, алты үйдү жараксыз кылдыДепутат мэрдин автобустарда накталай төлөмдү жоюу чечимин сынга алды. Алдыда кененирээк...Бишкектеги автобустарда накталай акча алууга тыюу салуу шаар тургундары үчүн ыңгайсыз гана болбостон, мыйзамсыз да болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Эл өкүлү белгилегендей, Конституция сомду улуттук валюта катары аныктайт, ал эми Укук бузуулар жөнүндө кодексте улуттук валютаны кабыл алуудан баш тартуу үчүн айып пул каралган. Жеке адамдар үчүн 3000, ал эми юридикалык жактар үчүн 13 000 сомду түзөт. Бекешев мэриянын талабы ачык-айкындуулукту камсыздоо аракети экенин, бирок накталай акча менен төлөөгө тыюу салуу туура эмес чечим болгонун белгилеп, калаа башчысына бул чечимди өзгөртүүнү сунуштады. "Пенсионерлер, мектеп окуучулары, банк картасы, смартфону жок адамдар, шаардын коноктору жана интернети же тиркемеси жөн гана иштебеген жарандар коомдук транспортту колдонушат. Аларды эмне кылышыбыз керек? Автобуска түшүрбөй кууп чыгуу же кире бериште талаш-тартыш баштоо зарылбы? Иш жүзүндө бул тартипке эмес, чыр-чатакка алып келет", — деп жазган депутат. Бекешев коомдук транспорт картасы, смартфону жана туруктуу интернет-байланышы барлар үчүн гана эмес, баары үчүн негизги кызмат экенин кошумчалады. Буга чейин Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 1-июлдан тарта борбор калаада автобус жол киреси үчүн накталай акча төлөө токтотуларын айткан. Ал накталай эмес төлөм жүргүзө албагандар коомдук транспортко түшүрүлбөй турганын кошумчалаган.Кара-Сууда сел 48 баш койду агызып, алты үйдү жараксыз кылдыМаалымдалгандай, 25-майга караган түнү нөшөрлөгөн жаандан улам Асан-Чек, Кыргыз-Чек, Падаван, Жаңы-Арык, Таш-Арык, Жар-Ооз жана Курбан-Кара айылдарында сел жүрүп, район боюнча 56 үйдүн жер төлөсүн, 23 турак жайдын короосун суу каптаган. Оорукананын жер төлөсүнө, мектептин короосуна да суу кирген. Ошондой эле Сары-Колот айылында бир турак үй жана алты сарай авариялык абалга келген. 48 баш койду сел суулары агызып кеткен. Учурда Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан тактоо жана калыбына келтирүү иштери улантылууда.Оштогу акча алмаштыруучу жайда адамдын өлтүрүлүшү боюнча окуянын чоо-жайы айтылды Милициянын маалыматына ылайык, кечээ 38 жаштагы эркек киши аталган жайдын ээсине бир нече жолу бычак сайган. Жабырлануучу ооруканада операция учурунда каза болгон. Шектүү кармалган учурда өзүнө зыян келтирүүгө аракет кылган, бирок милиция аны токтотуп, бычакты алууга үлгүрүшкөн. Текшерүү учурунда шектүүдөн 37,5 миң сом, эки уюлдук телефон жана арактын бош бөтөлкөсү табылган. Камерага түшүп калган видеодон кепкачан шектүү акча алмаштыруучу жайга медициналык бет кап тагынып келген. Кол салгандан кийин коңшу бөлмөгө өтүп, акча алган. Аны токтотууга аракет кылган жергиликтүү тургун да колунан жаракат алган. Владимир Зеленскийдин тагдыры суктана тургандай эмес, аны өзү да жакшы түшүнөт. Мындай пикири менен Россиянын мурунку өкмөт башчысы Сергей Степашин маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды. "Менимче, эртеңки күнү туңгуюк, аны өзү да аңдап-билип турат. Согуш уланса да, тынчтык орносо да Зеленский жыргап кетпейт", — деди экс-премьер. Буга чейин Степашин тынчтыктын орношу саясий ишмердүүлүгүнүн токтошун түшүндүргөндүктөн Зеленский согуштун уланышы үчүн жан үрөп жатканын белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/19/1101506335_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4fb14959248756d4bbc184d3f464be77.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио