https://sputnik.kg/20260525/1101514816.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент үч жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүү мыйзамына кол койду Кара-Суу районуна дагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди Жапаров жергиликтүү бийликтин... 25.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-25T19:00+0600
2026-05-25T19:00+0600
2026-05-25T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/19/1101514647_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5ad724a057eda4bc8809f39a35cae57e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент үч жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүү мыйзамына кол койду Кара-Суу районуна дагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди Жапаров жергиликтүү бийликтин эл менен иштөөсүнүн жаңы тартибин бекитти. Алдыда кененирээк...Башкы прокуратурага элдин укук коргоо органдарынын ишине байланышкан кайрылууларына жана ЖМКлардагы материалдарга туруктуу мониторинг жүргүзүү тапшырылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун жергиликтүү бийликке жарандар менен иштөөнүн жаңы тартибин киргизген жарлыгында айтылган. Документ мамлекеттик органдардын калк менен байланышын жакшыртууга, кайтарым байланышты күчөтүүгө жана мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган. Ага ылайык, жергиликтүү бийлик органдары төмөнкү иштерди милдеттүү түрдө жүргүзөт: түз телефон байланыштарын уюштуруу; көчмө кабыл алууларды өткөрүү; коомдук кабылдамаларды түзүү; "ишеним телефондорун" үзгүлтүксүз иштетүү; санариптик сервистерди өнүктүрүү; жарандар менен иштеген кызматкерлердин жоопкерчилигин жана этикасын күчөтүү. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргызстанда ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" аттуу жаңы мамлекеттик жөлөк пул расмий түрдө мыйзамдаштырылды. Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, 1-июлдан тарта ар бир балага үч жашка чыкканга чейин ай сайын 1200 сом төлөнөт. Жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет. "Бала ырысы" 2023-жылдын 1-августунан тартып төрөлгөн балдарга дайындалат; төлөмдүн бул түрү “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөк пулун алган жарандардан башкасынын баарына төлөнөт; эгиз же үч эм төрөлсө, ар бир балага өзүнчө дайындалат; жөлөк пулду алуу үчүн бала менен ата-эне чогуу жашашы керек; арыз бала үч жашка чыкканга чейин берилиши зарыл; эгер акча алты ай бою алынбаса, төлөм токтотулат. Мыйзам эрте курактагы балдардын тамактануусун жакшыртуу, жакырчылыкты азайтуу жана жаш үй-бүлөлөрдү колдоо максатында иштелип чыккан. Белгилей кетсек, мамлекет башчы 6-мартта үч жашка чейинки балдар үчүн мамлекеттик жөлөк пул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Министрлер кабинети иштеп чыккан мыйзам долбоору 29-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Кара-Суу районунда катуу жааган жамгырдан кийин жүргөн селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин Ош облустук бөлүмүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, учурда сел жүргөн аймактарда абалды турукташтыруу максатында ӨКМден 116 куткаруучу жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 325 кызматкер тартылды. Селдин кесепетинен Отуз-Адыр айыл аймагындагы Сары-Колот айылында турак үйлөр жана жол инфраструктурасы жабыркаган. Жалпысынан 54 турак үй, жети короо-жай, жети сарай, эки мектеп жана бир бала бакча жабыркап, болжол менен 15 гектар эгин талаасы зыянга учураган. Буга чейин Кара-Сууда 48 баш койду сел алып кеткени кабарланган. Ошондой эле Манас шаарына да өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 83 тыйынга юань 12 сом 89 тыйынга рубль 1 сом 22 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 78 сом 40 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 84 сом 40 тыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 41 сом 80 тыйындан сатылууда.
Аба ырайы 26-майга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Өлкөнүн башка аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Шейшембиде өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Таласта +24...+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көл, Нарын региондорунда +18...+23 градуска жетет. Бишкекте +25...27, Ош шаарында +27...+29 градус ысыйт. Эки калаада өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Президент үч жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүү мыйзамына кол койду Кара-Суу районуна дагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди Жапаров жергиликтүү бийликтин эл менен иштөөсүнүн жаңы тартибин бекитти. Алдыда кененирээк...Башкы прокуратурага элдин укук коргоо органдарынын ишине байланышкан кайрылууларына жана ЖМКлардагы материалдарга туруктуу мониторинг жүргүзүү тапшырылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун жергиликтүү бийликке жарандар менен иштөөнүн жаңы тартибин киргизген жарлыгында айтылган. Документ мамлекеттик органдардын калк менен байланышын жакшыртууга, кайтарым байланышты күчөтүүгө жана мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган. Ага ылайык, жергиликтүү бийлик органдары төмөнкү иштерди милдеттүү түрдө жүргүзөт: түз телефон байланыштарын уюштуруу; көчмө кабыл алууларды өткөрүү; коомдук кабылдамаларды түзүү; "ишеним телефондорун" үзгүлтүксүз иштетүү; санариптик сервистерди өнүктүрүү; жарандар менен иштеген кызматкерлердин жоопкерчилигин жана этикасын күчөтүү. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргызстанда ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" аттуу жаңы мамлекеттик жөлөк пул расмий түрдө мыйзамдаштырылды. Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, 1-июлдан тарта ар бир балага үч жашка чыкканга чейин ай сайын 1200 сом төлөнөт. Жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет. "Бала ырысы" 2023-жылдын 1-августунан тартып төрөлгөн балдарга дайындалат; төлөмдүн бул түрү “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөк пулун алган жарандардан башкасынын баарына төлөнөт; эгиз же үч эм төрөлсө, ар бир балага өзүнчө дайындалат; жөлөк пулду алуу үчүн бала менен ата-эне чогуу жашашы керек; арыз бала үч жашка чыкканга чейин берилиши зарыл; эгер акча алты ай бою алынбаса, төлөм токтотулат. Мыйзам эрте курактагы балдардын тамактануусун жакшыртуу, жакырчылыкты азайтуу жана жаш үй-бүлөлөрдү колдоо максатында иштелип чыккан. Белгилей кетсек, мамлекет башчы 6-мартта үч жашка чейинки балдар үчүн мамлекеттик жөлөк пул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Министрлер кабинети иштеп чыккан мыйзам долбоору 29-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.Кара-Суу районунда катуу жааган жамгырдан кийин жүргөн селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин Ош облустук бөлүмүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, учурда сел жүргөн аймактарда абалды турукташтыруу максатында ӨКМден 116 куткаруучу жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 325 кызматкер тартылды. Селдин кесепетинен Отуз-Адыр айыл аймагындагы Сары-Колот айылында турак үйлөр жана жол инфраструктурасы жабыркаган. Жалпысынан 54 турак үй, жети короо-жай, жети сарай, эки мектеп жана бир бала бакча жабыркап, болжол менен 15 гектар эгин талаасы зыянга учураган. Буга чейин Кара-Сууда 48 баш койду сел алып кеткени кабарланган. Ошондой эле Манас шаарына да өзгөчө кырдаал режими киргизилген.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 83 тыйынга юань 12 сом 89 тыйынга рубль 1 сом 22 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 78 сом 40 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 84 сом 40 тыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 41 сом 80 тыйындан сатылууда.Аба ырайы 26-майга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Өлкөнүн башка аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Шейшембиде өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Таласта +24...+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көл, Нарын региондорунда +18...+23 градуска жетет. Бишкекте +25...27, Ош шаарында +27...+29 градус ысыйт. Эки калаада өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/19/1101514647_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d0e69f63adc8f83ce670bf674279f979.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио