Ашыкчасы зыян. Канттан толугу менен баш тартса болобу?

Sputnik
Кант – талаштууазыктардын бири. Айрымдар аны "ак өлүм" дешсе, башкалар "энергия булагы" деп эсептешет. Адистердин айтымында, кант организмге энергия берип, эс тутумду жакшыртат жана мээнин иштешин активдештирет. Бирок ашыкча колдонуу семирүү, кант диабети жана жүрөк ооруларына алып келиши мүмкүн. Чоңдорго суткасына 25–30 грамм, балдарга 20 граммдан ашык эмес кант сунушталат. Табигый булактардан алынган кант (бал, мөмө-жемиш, кургатылган жемиш) ден соолукка пайдалуу. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму канттын күндөлүк рациондун 10 пайызынан ашпоосу керек деп эскертет. Ошондуктан кантты туура ченем менен колдонуу маанилүү, ашыкча таттуу зыян.
Деги эле күнүмдүк рационубуздан кантты алып койсок туура болобу? Бул тууралуу кененирээк "Көз мончок" программасынан уга аласыздар.