БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. ХАМАС АКШ жана ортомчу мамлекеттерден Газа секторундагы согуштун токтоору боюнча кепилдик алганын жар салды. Бул тууралуу кыймылдын аталган анклавдагы лидери Халиль аль-Хайянын айтканына таянып РИА Новости жазды.
"Биз АКШ жана боордош мамелкеттерден согуштун токтогону боюнча кепилдик алдык", — деген лидер.
Ал Израиль абактан бардык палестиналык аялдарды жана балдарды бошото турганын да айткан. Мындан тышкары, өмүр бою эркинен ажыратылган 250 палестиналык жана Газа тилкесинин 1 700 тургуну эркиндикке чыгат.
Ал эми Израиль өкмөтү палестиналык ХАМАС кыймылы менен Газа секторунда кармалган туткундардын бошотулушу боюнча макулдашууну колдоп бергенин билдирди.