БИШКЕК, 2-окт. —Sputnik. Батыштын гегемония орнотуу аракетинен улам көп полярдуулук жаралды. Алардын бул идеясынын кыйрашы убакыттын гана маселеси болчу. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин “Валдай” клубунун сессиясында билдирди.
Ал белгилегендей, ХХ кылымдын соңунда АКШ менен анын союздаштарынын күчү жетер чегине жетти. Бирок бүт дүйнөнү башкара ала турган күч болбойт. Путиндин айтымында, дүйнөлүк арена демократиялуу болуп, көптөгөн өлкөлөр процесстерге таасирин тийгизүүдө. Алдыда кызыкчылыктардын дал келишин издөө керек.
"Биз бардык нерсе тез жана кескин өзгөрүп жаткан мезгилде жашап жатканыбызды айтып келем", — деген Путин "Валдай" эл аралык клубунун отурумунда.