"Чалдыбардагы" коррупция. Ташиев өткөргөн жыйында 24 кызматкер кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусундагы "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал боюнча жыйын өткөрүп, бир нече мамлекеттик органдын 24 кызматкери коррупцияга шектелип кармалды.
1 / 3

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал боюнча жыйын өткөрдү

2 / 3

Бекетте Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Ветеринардык инспекциянын, Салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын кызматкерлери катышкан коррупциялык схема аныкталды

3 / 3

Жыйын учурунда Салык кызматынын 7, Чек ара кызматынын 6, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын 7, Салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын 4 кызматкери кармалды

Маалыматка караганда, аталган өткөрмө бекетте Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын, Салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын кызматкерлери катышкан коррупциялык схема аныкталган. Аны аталган адамдар "ортомчулар" менен сүйлөшүп алып түзгөнү айтылды. Кызматкерлер жалган документтерди колдонуп ЕАЭБ өлкөлөрүнөн контрабандалык товар импорттогон деп шектелүүдө.
"Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен иш козголгон. Иликтөөнүн алкагында Ж.Н.Т., Ш.у.К., Т.К.Э. аттуу кыргыз жарандары жана Т.Э.Н. аттуу Өзбекстандын жараны ЕАЭБ өлкөлөрүнөн мыйзамсыз товар ташуу үчүн "Жорго ТД" жана "Радиант" деп аталган ишканаларды ачып, мамлекеттик органдардын кызматкерлерине электрондук капчык аркылуу акча которуп, кээде накталай пара берип турушкан", — деп айтылат маалыматта.
Ушул жылдын 18-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Н.Ж. жана Э.Т. аттуу эки жарандан төгүндөлгүс далилдер алынган. Ага ылайык, Ташиев өткөргөн жыйын учурунда Салык кызматынын 7, Чек ара кызматынын 6, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын 7, Салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын 4 кызматкери кармалды.
Аталган коррупциялык схемада "ортомчулар" атайын ачылган ишканаларды колдонуу менен жасалма документтерди даярдап бергени үчүн оор жүк ташуучу ар бир транспорт үчүн 1500-2000 долларга чейин акча алышкан.
Ал эми мамлекеттик органдардын кызматкерлери 5000-7000 сомго чейин сый акы алып турушкан. Аталган коррупциялык схеманын кесепетинен бюджетке миллиондогон зыян келтирилген. УКМК төрагасы аларды иштен бошотуп, мүлкүн камакка алууну тапшырды. Ушундай эле схема "Ак-Жол" жана "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө пунктуларында да бар экенин белгиледи.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды