00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
14:04
0 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Чалдыбардагы" коррупция. Ташиев өткөргөн жыйында 24 кызматкер кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРТашиев өткөргөн жыйында 24 кызматкердин кармалышы
Ташиев өткөргөн жыйында 24 кызматкердин кармалышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусундагы "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал боюнча жыйын өткөрүп, бир нече мамлекеттик органдын 24 кызматкери коррупцияга шектелип кармалды.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал боюнча жыйын өткөрдү

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал боюнча жыйын өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
1/3

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал боюнча жыйын өткөрдү

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

Бекетте Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Ветеринардык инспекциянын, Салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын кызматкерлери катышкан коррупциялык схема аныкталды

Бекетте Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Ветеринардык инспекциянын, Салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын кызматкерлери катышкан коррупциялык схема аныкталды - Sputnik Кыргызстан
2/3

Бекетте Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Ветеринардык инспекциянын, Салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын кызматкерлери катышкан коррупциялык схема аныкталды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

Жыйын учурунда Салык кызматынын 7, Чек ара кызматынын 6, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын 7, Салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын 4 кызматкери кармалды

Жыйын учурунда Салык кызматынын 7, Чек ара кызматынын 6, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын 7, Салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын 4 кызматкери кармалды - Sputnik Кыргызстан
3/3

Жыйын учурунда Салык кызматынын 7, Чек ара кызматынын 6, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын 7, Салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын 4 кызматкери кармалды

1/3

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал боюнча жыйын өткөрдү

2/3

Бекетте Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Ветеринардык инспекциянын, Салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын кызматкерлери катышкан коррупциялык схема аныкталды

3/3

Жыйын учурунда Салык кызматынын 7, Чек ара кызматынын 6, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын 7, Салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын 4 кызматкери кармалды

Маалыматка караганда, аталган өткөрмө бекетте Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын, Салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын кызматкерлери катышкан коррупциялык схема аныкталган. Аны аталган адамдар "ортомчулар" менен сүйлөшүп алып түзгөнү айтылды. Кызматкерлер жалган документтерди колдонуп ЕАЭБ өлкөлөрүнөн контрабандалык товар импорттогон деп шектелүүдө.
"Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен иш козголгон. Иликтөөнүн алкагында Ж.Н.Т., Ш.у.К., Т.К.Э. аттуу кыргыз жарандары жана Т.Э.Н. аттуу Өзбекстандын жараны ЕАЭБ өлкөлөрүнөн мыйзамсыз товар ташуу үчүн "Жорго ТД" жана "Радиант" деп аталган ишканаларды ачып, мамлекеттик органдардын кызматкерлерине электрондук капчык аркылуу акча которуп, кээде накталай пара берип турушкан", — деп айтылат маалыматта.
Ушул жылдын 18-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Н.Ж. жана Э.Т. аттуу эки жарандан төгүндөлгүс далилдер алынган. Ага ылайык, Ташиев өткөргөн жыйын учурунда Салык кызматынын 7, Чек ара кызматынын 6, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын 7, Салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын 4 кызматкери кармалды.
Аталган коррупциялык схемада "ортомчулар" атайын ачылган ишканаларды колдонуу менен жасалма документтерди даярдап бергени үчүн оор жүк ташуучу ар бир транспорт үчүн 1500-2000 долларга чейин акча алышкан.
Ал эми мамлекеттик органдардын кызматкерлери 5000-7000 сомго чейин сый акы алып турушкан. Аталган коррупциялык схеманын кесепетинен бюджетке миллиондогон зыян келтирилген. УКМК төрагасы аларды иштен бошотуп, мүлкүн камакка алууну тапшырды. Ушундай эле схема "Ак-Жол" жана "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө пунктуларында да бар экенин белгиледи.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.У.Ч. өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2025
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0