БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Украина жаңжалын ок атышууну же фронттук линиялардагы согуштук аракеттерди токтотуу менен эле биротоло чечип коюу мүмкүн эмес, бул үчүн түпкү себептерин, анын ичинде Россияга жаралган кооптуулуктарды да жоюу зарыл. Мындай пикирин РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
"Вьетнамдык досторго Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу маселесиндеги тең салмактуу позициясы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Көйгөйдү узак мөөнөткө ок атышууларды же фронттогу аскердик аракеттерди токтотуу менен чечүүгө мүмкүн эмес", – деп жазган Лавров макаласында.
Ал "Международная жизнь" журналы үчүн жазылып, "Россия жана Вьетнам: достук, ишеним жана өз ара жардамдашуунун 75 жылдыгы" деп аталган.
Министр Украина жаңжалын оң жакка чечүүдө андагы келип чыккан баштапкы көйгөйлөрдү жоюу зарылдыгын кошумчалаган.
"Адегенде НАТОнун Чыгышка карай кеңейишинен жана Украинаны Түндүк Атлантика альянсына тартуу аракетинен улам жаралган кооптуулукту жоюу зарыл. Ошондой эле Киев режими көзөмөлдөп турган аймактарда адам укуктарынын толук сакталышын камсыз кылуу да маанилүү. Бул режим 2014-жылы бийлик күч менен басып алынгандан кийин Россияга жана орус дүйнөсүнө байланыштуу бардык нерсени: орус тилин, маданиятын, салттарын, канондоштурулган православиени, орус тилиндеги маалымат каражаттарын жок кылууга багытталган саясат жүргүзүп келет", – деген Лавров.