Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

"Фронт менен тыл бирдикте". Балалыгы уурдалган балдардын согушка жардамы

Улуу Ата Мекендик cогуш учурунда "Фронт менен тыл бирдикте" деген ураан менен кыргызстандыктар чоң жардам көрсөткөн. Мекен чегин коргогон жоокерлерден тышкары 30 миңден ашуун кыргызстандык жумушчу ар аймактагы аскердик объектилерге көмөк көрсөтүүгө жиберилген.
Sputnik
Кызыл армиянын резервин камсыздаган коргоо, авиациялык жана химиялык курулушуна көмөкчү коом аскердик техникага 2 532 770 рубль чогулткан. Коргоо фондуна 2 030 тонна азык-түлүк өткөрүп берилген. Тылдын фронтко жардам берген учурлары Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик кинофонофото архивинин сүрөттөрүндө сакталып калган.
1 / 9

Дем алыш күндөрү тамеки фабрикасынын жумушчалары кан майдандагы жоокерлер үчүн чылым даярдап жаткан маалы. Фрунзе, 1941

2 / 9

Тамеки фабрикасынын алдыңкы жумушчусу (стахановчу) Ф. И. Буларкиева Панфилов атындагы аткычтар дивизиясынын аскерлерине белектерди даярдоодо. Фрунзе, 1941

3 / 9

№3 орто мектебинин 3-классынын мугалими Н.Н. Пиотровская окуучулары Нелли Лущенко, Рая Шмурзина менен кан майдандагы аскерлер үчүн жылуу кийим чогултуп жатат. Фрунзе, 1943

4 / 9

Тамеки иштетүүчү заводдун Лизакат бригадасынын жумушчулары фронт үчүн продукция даярдоодо. Фрунзе, 1942

5 / 9

Слесарь А. П. Попованын норманы 150 пайызга аткарган учуру. Токмок шаары, 1943

6 / 9

Жаш шахтерлор жумуштан кайтып келе жаткан маал. Көк-Жаңгак шаары, 1944

7 / 9

Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары автомеханик адистигин үйрөнүүдө. Фрунзе, 1942

8 / 9

Орто мектептин окуучулары эгин жыйноо учурунда. Фрунзе облусу, 1943

9 / 9

Дейшин колхозунун башкармасы Маленчинов айылдаштарына гезиттен кан майдандагы абал тууралуу маалыматтарды окуп берүүдө. Жети-Өгүз району, Ырдык кыштагы, 1945

Тема боюнча:
Согуш отун кечкен жоокерлер ооруктагыларга дем берип... Жеңиштин 80 жылдыгы