https://sputnik.kg/20250323/sogush-uchurunda-gezitke-chykkan-materialdar-1092806527.html
Согуш отун кечкен жоокерлер ооруктагыларга дем берип... Жеңиштин 80 жылдыгы
Согуш отун кечкен жоокерлер ооруктагыларга дем берип... Жеңиштин 80 жылдыгы
Sputnik Кыргызстан
Туура 80 жыл мурун совет эли фашизмдин таш-талканын чыгарып талкалаган. Улуу Жеңиштин келишине Кыргызстан да эбегейсиз көмөк көрсөткөн. 23.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-23T16:13+0600
2025-03-23T16:13+0600
2025-03-23T16:13+0600
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
кыргызстан
улуу ата мекендик согуш
улуу жеңиш
оорук
фронт
жардам
кайрат жыргалбек уулу
https://sputnik.kg/img/07e9/03/16/1092807360_0:539:2048:1691_1920x0_80_0_0_862491f87794168f7770f201b08a2e8a.jpg.webp
"Фронт менен тыл бирдикте" деген ураан менен ооруктагы кыргызстандыктар кан майдандагы жоокерлерге жана баскынчылардан жабыр тарткан калкка жардам берген. Ошол учурда керт башынын жыргалын унутуп, жалпы элдин түйшүгүн тарткан адамдарга кайрат-демди маалымат каражаттары берип, шыктандырып турган.Sputnik колумнисти Алмаз Батилов 1942-жылы "Кызыл Кыргызстан" гезити кан майдан менен тылдагы жагдайды чагылдырган маалыматтарды карап чыгып, турмушту таасын көрсөткөн материалдарды тизмектеди. Бул ирет согушта кан кечип жүрүп, кайра элден кабар алып, алдыга умтула турган сөздөрдү жазган каттарга токтолдук.Ардактуу кыргыз туугандарымаСиздерге улуу Ленин шаарынын коргоочуларынын атынан ысык салам жиберем. Мен Кыргыз ССРинин Фрунзе областынын Кемин районунда туулганмын. Армия катарына кетүүдөн мурда Чоң-Кемин сельсоветинин Кайыңды колхозунда иштечүмүн.Биздин родинанын мыкты уулдарынын катарында болуп, шаңдуу Ленин шаарын коргоп жатамын. Мен автоматчиктердин снайпердик подразделиниесинде кызмат кылам. Жеке өзүм бир айдын ичинде немецтик 25 солдатты жана бир офицерди жок кылдым.Кымбаттуу туугандар! Менин тилегим — гитлеризмди түп тамырын кыркып, жер жүзүнөн жоготуу. Мен бул тилегимди орундап, родинанын жана улуу Сталиндин ишеничин актайм. Силер ага ишенип коё бергиле.Эми силерден сурарым: тылда мыкты иштеп, заардуу душманды биротоло талкалап жок кылууда Кызыл армияга жардам берүүнү күн-түн дебей арттыргыла. Бардык айыл чарба жумуштарын өз убагында жана жогорку сапатта аткаргыла.Кызыл аскердик салам менен: Токталиев Абыке.Фронт менен тыл бирдиктеАта мекендик согуштун фронтторунда немецтик талоончул аскерлерге каршы баатырларча күрөшүп жаткан боецтердин, командирлердин жана саясый кызматкерлердин атынан Кыргызстандын эмгекчилерине кызыл аскерлик күжүрмөн салам алып барган элем. Колхозчулар менен болгон учурашууларда алар советтик боецтердин каршы эр жүрөктүүлүк менен күрөшүн куттуктап, абдан ыраазы болушкан.Мен Пржевальск районундагы "Бурма-Суу", "Дышын" жана башка көп колхоздордо болуп, колхозчулар менен учураштым. Алар чоң кубаныч менен тосуп алышты. Согуштук кырдаалдын оор күндөрүндө алыскы тылда советтик патриотизмдин күч алгандыгын көрүп, мен ого бетер кайраттандым.Өз уулдарынын, кыздарынын эл үчүн, партия үчүн, родинабыз үчүн иштегендигине чекеси жылып, бейли тойгон кемпир-чалдардын да билек түрүп, белди бекем бууп, кажыбас кайрат, майтарылбас айбат менен, жигит-жалаң, кыз-кыркындын катарында айыл чарбанын жумуштарына катышуулары мени бөтөнчө сүйүнттү.Советтик мектептерде окуп, коммунисттик духта тарбияланган ырыстуу жаштардын эгин оруп-жыюуга активдүү түрдө катышып жаткандыгына кантип кубанбай коюуга болот? Алар аңыздардан терген машактары колхоздук кырмандарда дөбө-дөбө болуп жыйылып турат. Бул душманды жеңип чыгуунун убагын тездетүү үчүн советтик балдардын эң сонун жардамы.Чүй Чоң каналын куруу иши уланып жаткандыгы өтө зор кубаныч.Бул жерде эл күнү-түнү дебей ысыкка-суукка карабастан, каналды казып жатышат. Бул болсо элдин родинаны чексиз сүйгөндүгүн дагы бир жолу далилдейт.Мен кыргыз эмгекчилеринин жыйнаган белектеринин алып, өз бөлүгүмө кетип баратам. Тыл менен фронттун бир тилектин экендигине кубанып гана тим болбостон, алыскы тылдагы Кыргызстандагы эмгекчилердин патриоттук демилгелерин боецтерге, командирлерге жана саясый кызматкерлерге айтып берем.Жолдош колхозчулар! Социалисттик талааларда мурдагыдан да өндүрүмдүү иштеп, эгин оруп жыюуну, мамлекетке дан тапшырууну тездетип, өлкөгө, фронтко азык-түлүктөрдү көп берип, фашизмдин талкаланышын тездеткиле! Биз силердин көп жеңиштерге ээ болууңарга тилектешпиз. Ишиңер ийгиликтүү болсун!М. Султанов. Н-ский бөлүгүнүн старший саясы жетекчиси.Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги түбөлүккө сакталатКыргыз ССРнин СовнаркомундаКыргыз ССРинин Совнаркому Фрунзе облусунун Киров районундагы Тельман атындагы колхоздун мурунку мүчөсү кызыл аскер Чолпонбай Түлөбердиевке мемориалдык доска орнотууга токтом кылды. Ал немецтик басып алуучуларга каршы күрөштө берилгендикти көрсөтүп, баатырларча өлгөн.Кызыл аскер Чолпонбай Түлөбердиевдин энеси Сураке Аназаровага өмүр бою ай сайын алып тура турган 200 сом өлчөмүндө пенсия белгиленди.Комсомолецтерден фронтко белекЖумгал. Райондун комсомолецтери Улуу Октябрга карата Кызыл Армиянын эр жүрөк боецтери жана командирлери үчүн көп сандаган коллективдүү жана жекече белектерди жиберип жатышат.Биздин райондун комсомолецтери Ленинград фронтунун боецтер жана командирлер үчүн үч тонна эт, үч тонна май, быштак, таруу жана башка азык-түлүктөр, 10 миң сом накта акча жиберишип, бир туугандык каттарды жазышты. Бул иште "Кызыл" колхозунун комсомолецтери жана жаштары активдүүлүктү көрсөтүштү. Алар 2,5 центнер эт, 2,5 центнер май, ун жана башка белектерди жыйнашып, согушуп жаткан армияга жиберишти.С.Досматов. Кыргызстан ЛКСМ Жумгал райкомунун секретарыБоец жана командирлердин үй-бүлөлөрүнө жардамОш. Родинаны коргоо үчүн кеткен боец, командир жана саясый кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө область боюнча 5 миллион сомдон артык мамлекеттик жардам берилген. Мындан башка аскерлик кызматчылардын бүлөлөрүнө бир жолу берилүүчү жардамдар да бөлүнгөн. Колхоздук өз ара жардам кассалары боецтердин аялдарына жана балдарына жардам берип жатышат.Кызыл аскердин үй-бүлөлөрүнөн көп кишилер кызматка орнотуштурулган.Фашисттерден кордук көргөн калкка жардамПржевальск. Ысык-Көл районунун эмгекчилери немецтик басып алуучулардан кордук көргөн калкка активдүү жардам көрсөтүп жатышат. Бул максат үчүн 125 миң сом акча, 1000 ден ашык ар түрдүү буюм, 52 тонна эгин, 313 мал, 400 килограмм балык, 7 миң жумуртка жана башка азык-түлүктөр чогултушкан.Краснодарлыктардын үлгүсү боюнча өлкөнүн коргоо фондусуна жана фашисттерден кордук көргөн калк үчүн пландан тышкары 670 гектардан ашык дан эгиндерин жана картошка эгишти.
https://sputnik.kg/20250309/kyrgyzstandyn-zhenishke-koshkon-salymy-1092482238.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Алмаз Батилов
https://sputnik.kg/img/103775/51/1037755107_495:176:1631:1313_100x100_80_0_0_f01fda71ca3410b038752cc69f2bfd49.jpg.webp
Алмаз Батилов
https://sputnik.kg/img/103775/51/1037755107_495:176:1631:1313_100x100_80_0_0_f01fda71ca3410b038752cc69f2bfd49.jpg.webp
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/16/1092807360_0:288:2048:1824_1920x0_80_0_0_ecb778dffcf7967102e20f5906e7ba25.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Алмаз Батилов
https://sputnik.kg/img/103775/51/1037755107_495:176:1631:1313_100x100_80_0_0_f01fda71ca3410b038752cc69f2bfd49.jpg.webp
кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, улуу жеңиш, оорук, фронт, жардам, кайрат жыргалбек уулу
кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, улуу жеңиш, оорук, фронт, жардам, кайрат жыргалбек уулу
Согуш отун кечкен жоокерлер ооруктагыларга дем берип... Жеңиштин 80 жылдыгы
Туура 80 жыл мурун совет эли фашизмдин таш-талканын чыгарып талкалаган. Улуу Жеңиштин келишине Кыргызстан да эбегейсиз көмөк көрсөткөн.
"Фронт менен тыл бирдикте" деген ураан менен ооруктагы кыргызстандыктар кан майдандагы жоокерлерге жана баскынчылардан жабыр тарткан калкка жардам берген. Ошол учурда керт башынын жыргалын унутуп, жалпы элдин түйшүгүн тарткан адамдарга кайрат-демди маалымат каражаттары берип, шыктандырып турган.
Sputnik колумнисти Алмаз Батилов 1942-жылы "Кызыл Кыргызстан" гезити кан майдан менен тылдагы жагдайды чагылдырган маалыматтарды карап чыгып, турмушту таасын көрсөткөн материалдарды тизмектеди. Бул ирет согушта кан кечип жүрүп, кайра элден кабар алып, алдыга умтула турган сөздөрдү жазган каттарга токтолдук.
Ардактуу кыргыз туугандарыма
Сиздерге улуу Ленин шаарынын коргоочуларынын атынан ысык салам жиберем. Мен Кыргыз ССРинин Фрунзе областынын Кемин районунда туулганмын. Армия катарына кетүүдөн мурда Чоң-Кемин сельсоветинин Кайыңды колхозунда иштечүмүн.
Биздин родинанын мыкты уулдарынын катарында болуп, шаңдуу Ленин шаарын коргоп жатамын. Мен автоматчиктердин снайпердик подразделиниесинде кызмат кылам. Жеке өзүм бир айдын ичинде немецтик 25 солдатты жана бир офицерди жок кылдым.
Кымбаттуу туугандар! Менин тилегим — гитлеризмди түп тамырын кыркып, жер жүзүнөн жоготуу. Мен бул тилегимди орундап, родинанын жана улуу Сталиндин ишеничин актайм. Силер ага ишенип коё бергиле.
Эми силерден сурарым: тылда мыкты иштеп, заардуу душманды биротоло талкалап жок кылууда Кызыл армияга жардам берүүнү күн-түн дебей арттыргыла. Бардык айыл чарба жумуштарын өз убагында жана жогорку сапатта аткаргыла.
Кызыл аскердик салам менен: Токталиев Абыке.
Ата мекендик согуштун фронтторунда немецтик талоончул аскерлерге каршы баатырларча күрөшүп жаткан боецтердин, командирлердин жана саясый кызматкерлердин атынан Кыргызстандын эмгекчилерине кызыл аскерлик күжүрмөн салам алып барган элем. Колхозчулар менен болгон учурашууларда алар советтик боецтердин каршы эр жүрөктүүлүк менен күрөшүн куттуктап, абдан ыраазы болушкан.
Мен Пржевальск районундагы "Бурма-Суу", "Дышын" жана башка көп колхоздордо болуп, колхозчулар менен учураштым. Алар чоң кубаныч менен тосуп алышты. Согуштук кырдаалдын оор күндөрүндө алыскы тылда советтик патриотизмдин күч алгандыгын көрүп, мен ого бетер кайраттандым.
Өз уулдарынын, кыздарынын эл үчүн, партия үчүн, родинабыз үчүн иштегендигине чекеси жылып, бейли тойгон кемпир-чалдардын да билек түрүп, белди бекем бууп, кажыбас кайрат, майтарылбас айбат менен, жигит-жалаң, кыз-кыркындын катарында айыл чарбанын жумуштарына катышуулары мени бөтөнчө сүйүнттү.
Советтик мектептерде окуп, коммунисттик духта тарбияланган ырыстуу жаштардын эгин оруп-жыюуга активдүү түрдө катышып жаткандыгына кантип кубанбай коюуга болот? Алар аңыздардан терген машактары колхоздук кырмандарда дөбө-дөбө болуп жыйылып турат. Бул душманды жеңип чыгуунун убагын тездетүү үчүн советтик балдардын эң сонун жардамы.
Чүй Чоң каналын куруу иши уланып жаткандыгы өтө зор кубаныч.
Бул жерде эл күнү-түнү дебей ысыкка-суукка карабастан, каналды казып жатышат. Бул болсо элдин родинаны чексиз сүйгөндүгүн дагы бир жолу далилдейт.
Мен кыргыз эмгекчилеринин жыйнаган белектеринин алып, өз бөлүгүмө кетип баратам. Тыл менен фронттун бир тилектин экендигине кубанып гана тим болбостон, алыскы тылдагы Кыргызстандагы эмгекчилердин патриоттук демилгелерин боецтерге, командирлерге жана саясый кызматкерлерге айтып берем.
Жолдош колхозчулар! Социалисттик талааларда мурдагыдан да өндүрүмдүү иштеп, эгин оруп жыюуну, мамлекетке дан тапшырууну тездетип, өлкөгө, фронтко азык-түлүктөрдү көп берип, фашизмдин талкаланышын тездеткиле! Биз силердин көп жеңиштерге ээ болууңарга тилектешпиз. Ишиңер ийгиликтүү болсун!
М. Султанов. Н-ский бөлүгүнүн старший саясы жетекчиси.
Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги түбөлүккө сакталат
Кыргыз ССРнин Совнаркомунда
Кыргыз ССРинин Совнаркому Фрунзе облусунун Киров районундагы Тельман атындагы колхоздун мурунку мүчөсү кызыл аскер Чолпонбай Түлөбердиевке мемориалдык доска орнотууга токтом кылды. Ал немецтик басып алуучуларга каршы күрөштө берилгендикти көрсөтүп, баатырларча өлгөн.
Кызыл аскер Чолпонбай Түлөбердиевдин энеси Сураке Аназаровага өмүр бою ай сайын алып тура турган 200 сом өлчөмүндө пенсия белгиленди.
Комсомолецтерден фронтко белек
Жумгал. Райондун комсомолецтери Улуу Октябрга карата Кызыл Армиянын эр жүрөк боецтери жана командирлери үчүн көп сандаган коллективдүү жана жекече белектерди жиберип жатышат.
Биздин райондун комсомолецтери Ленинград фронтунун боецтер жана командирлер үчүн үч тонна эт, үч тонна май, быштак, таруу жана башка азык-түлүктөр, 10 миң сом накта акча жиберишип, бир туугандык каттарды жазышты. Бул иште "Кызыл" колхозунун комсомолецтери жана жаштары активдүүлүктү көрсөтүштү. Алар 2,5 центнер эт, 2,5 центнер май, ун жана башка белектерди жыйнашып, согушуп жаткан армияга жиберишти.
С.Досматов. Кыргызстан ЛКСМ Жумгал райкомунун секретары
Боец жана командирлердин үй-бүлөлөрүнө жардам
Ош. Родинаны коргоо үчүн кеткен боец, командир жана саясый кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө область боюнча 5 миллион сомдон артык мамлекеттик жардам берилген. Мындан башка аскерлик кызматчылардын бүлөлөрүнө бир жолу берилүүчү жардамдар да бөлүнгөн. Колхоздук өз ара жардам кассалары боецтердин аялдарына жана балдарына жардам берип жатышат.
Кызыл аскердин үй-бүлөлөрүнөн көп кишилер кызматка орнотуштурулган.
Фашисттерден кордук көргөн калкка жардам
Пржевальск. Ысык-Көл районунун эмгекчилери немецтик басып алуучулардан кордук көргөн калкка активдүү жардам көрсөтүп жатышат. Бул максат үчүн 125 миң сом акча, 1000 ден ашык ар түрдүү буюм, 52 тонна эгин, 313 мал, 400 килограмм балык, 7 миң жумуртка жана башка азык-түлүктөр чогултушкан.
Краснодарлыктардын үлгүсү боюнча өлкөнүн коргоо фондусуна жана фашисттерден кордук көргөн калк үчүн пландан тышкары 670 гектардан ашык дан эгиндерин жана картошка эгишти.